СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
КЫРГЫЗДЫН АК КАЛПАГЫ Кыргыз калпагы жашоо тиричиликке ынгайлуу,ысыкта кундон сактаган, суукта ызгаардан коргогон,жылуу десе жылуу,женил жана жайлуу баш кийим. Калпактын актыгы анын аруулугун, тазалыгын символдоштуруу менен акылдын тунуктугун билдирет.
Калпак тарыхы- кыргыз тарыхы. Калпактын тарыхы боюнча Сагымбай манасчынын эскеруусундо Манас баатыр мындайча сыпатталат: " Манастын кийген кийими-башында ак кийиз калпак, устундо боз тоо чепкен."
Кытай жазма булактарында кыргыздар жонундо толгон токой маалыматтар берилген. ошолордун биринде: "Кыргыздардын мамлекет башчысы Ажо деп аташат. Алар кышында башына кундуз тебетей, жайында жээктери алтын менен кыюуланган, тобосу шоншойгон,асты кайрылган кийиз ак калпак киет." деп эскерилет.
Калпак- кыргыздын улуттук эркек баш кийими. Кобунчо ак кийизден жасалгандыктан, ак калпак деп аталат. Бышык басылган кийизден тобосу бийик, этеги тегерек бычылып, тобосу чок чыгарылбай, бир гана тигиш менен бириктирилип, ошол жагы мандай жагы делген.
Калпак- бул кыргыздардын кийим-кечектеринин ичинен эн ыйыгы. Анын касиетин аны кийип жургондор сезе алышат. Калпак- кыргыздын корком доолотторунун коронгосу. Ата-бабадан кастарланып келе жаткан асыл мулк. Кыргыз эли эл болуп тузулгондон бери жашоонун, улуулуктун,тазалыктын, улуу кундун символу, ыйык белгиси катары кастарлап кийип жургондугу жалпы дуйного белгилуу.Кыргыз омуру 40-35 кылымга созулса, кыргыз калпагынын омуру да дал ошондой, узак уламалуу санжыра.
© 2020, Акматова Роза Молдобековна 549