СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызстандагы тарыхый инсандарды мектептерде окутуунун тарыхый мааниси

Нажмите, чтобы узнать подробности

УДК:94.47

Ажыбаева Н. Э.-М. Абдраев атындагы

музыкалык мектеп-интернатында тарых мугалими

Кыргызстандагы тарыхый инсандарды мектептерде окутуунун мааниси

Түйүндүү сөздөр: патриоттуулук, тарыхый инсан, мамлекет, позитивдүү ой.

Аннотация. Бул макалада тарыхый инсандардын даңазалуу өмүр жолу, ишмердиги, өз Мекенинин өнүгүшү үчүн кошкон салымдары аркылуу.мектеп окуучуларынын патриоттулук сезимдерин ойготууга тарбиялоо баяндалат.

Ажыбаева Н. Э.- учитель истории в музыкальной

школе-интернате имени М. Абдраева

Историческое значение личности в Кыргызстане, обучения в школах

Ключевые слова: патриотизм, исторический деятель, государство, позитивное мышление.

Аннотация. В этой статье приведены обучение и воспитание школьников в чувстве патриотизма в примере жизни и деятельности известных исторических деятелей и ихнего вклада в просвитании своей Родины.

Azhybaeva N.E.- teacher of history

at the M. Abdraev Music Boarding School

Historical importance of the person in Kyrgyzstan, education in schools

Key words: patriotism, historical figure, state, positive thinking.

Annotation. This article shows the education and upbringing of schoolchildren in a sense of patriotism in the example of life and activity of famous historical figures and their contribution to the development of their Motherland.

Бүгүнкү күндө мектеп окуучуларыбызда патриоттулук сезимдери, Ата Журтка кызмат кылуу, тарыхый баалуулуктарга болгон мамилеси крзиске учурап турган мезгили. Ушундай шартта биз, мугалимдер тарыхый инсандардын өмүр баяны, басып өткөн жолу, элге сиңирген эмгеги аркылуу алардын көз карашын калыптанышына чоң таасир тийгизишибиз керек.

Окуучуларыбыз бир жагынан, уюлдук телефондор, интернет аркылуу зордук-зомбулукка багытталган сюжеттерди көрүү менен өздөрүнүн психикасын бузуп жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Экинчи жагынан, мектепти бүтөрү менен чет мамлекеттерде окуп, ал жакта иштөөнү самашат. Биздин Кыргызстанды “жарды”, “начар өнүккөн”, “коррупцияга баткан өлкө” катары баалаганы өкүнүчтүү.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин 26-октябрда “Тарых жана ата бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлыкка кол коюушу, тарыхый окуяларга обьективдүү мамиле жасоого жол ачты. Улуу Октябрь социалисттик революциясына быйыл 100 жыл болду. Бул революция ΧΧ кылымдын башындагы Россия империясынын составына кирген элдер үчүн бул окуя чечүүчү окуя болгон. Арадан 100 жыл өткөндөн кийин совет бийлиги мезгилиндеги терс жактар, “куугунтуктоолор”, биздин элдин тарыхына да чоң жоготууларды алып келди. Биздин мамлекетибизди түптөгөн К. Тыныстанов, И. Айдарбеков, И. Арабаев, И. Айдарбеков, А. Сыдыков, Т. Айтматов, А. Орозбеков, Б. Исакеев сыяктуу улуттук интеллигенциянын репрессияланышы жаш кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө кедергисин тийгизген [3, 132-б.].

Биз, мектепте тарыхый инсандарыбыздын өмүр баянын, басып өткөн жолун, мамлкетибиздин өнүгүшүнө кошкон салымдар окуучулар үчүн тарыхый булак болуп саналат. Мектепте тарыхый инсандарды окутуу менен эмнеге жетишебиз?

Биринчиден, окуучуларыбызды Ата Мекенине болгон патриоттулук сезимдерин ойготобуз. Гуманитардык предметтерде элдин, ата журтун тарыхын, адабиятын окушат да, элдин жүгүн көтөргөн баатырлардын, акылмандардын, окумуштуулардын өмүр баяны менен таанышат. Элине, жерине болгон сүйүү, өткөндү баалоо, сыймыктануу сезимдерин ойготот. Мындай максатка жетишүү үчүн окуучуларды “Ата Бейит” тарыхый мемориалдык комлексине, Буранага, “Рух Ордо” маданий борборуна, И. Раззаковдун, А. Токомбаевдин, А. Осмоновдун ж.б. тарыхый инсандардын үй музейлерине алып баруу чоң таасир калтырат. Алардын эмгектери менен жакындан таанышат.

Экинчиден, мектеи окуучуларын интеллектуалык билимин өнүктүрөт. Азыркы кездеги интернет, ММК, радио жана телеберүүлөр аркылуу тарыхый инсандарыбыздын өмүр жолундагы ийгиликтери жөнүндө кеңири маалыматтарды алышат.

Үчүнчүдөн, Адептик аң- сезимдерин өнүктүрөбүз. Мында тарыхый инсандарыбыздын жеке сапаттарына көңүл бурушубуз керек. Көрүнүктүү коомдук ишмер И. Раззаковдун “Коом деген сени менен мен. Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот” деген учкул сөзүн ким билбейт. Ага замандаштары төмөндөгүдөй баа беришкен: чечкиндүү, адилеттүү, мээрман, өткүр, сөзгө чечен, жөнөкөй, жогорку интеллетүү жетекчи, жылдыздуу, адамгерчиликтүү, синчы, принципалдуу, илимпоз экономист [2;11-б.]. И. Раззаковдун бул сапаттары биздин мамлекетибиздин алдыга озуп өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Төртүнчүдөн, окуучуларды девианттуу, деликвентүү жүрүм-турумдардан алыстатабыз. Мектеп ичинде таптакыр чектен чыгып, эч кимди укпай ээликкен балдар бар. Андай балдарга убагында чара көрүп, тизгиндеп турса, бардыгы ойдогудай болот деп ойлочубуз. Азыр кылмышпы, рэкетпи тыя албай калдык, бирок укук коргоо органдары менен биргеликте иштөө, көзөмөл органдарынын колдоосу менен бир аз азайгансыды.

Девианттуу, деликвентүү.жүрүм-турум деген эмне?

Педагогикалык энциклопедиялык сөздүктө: “Девианттуу жүрүм-турум деп-беллгиленген официалдуу тартипке же коомдогу традициялуу топтолгон эреже-нормага туура келбеген жүрүм-турум” деп айтылат1. Ага өспүрүмдөрдүн аракечтиги, уу зат жыттоосу, баңгилик, кароосуз калган, кылмыш кылган балдардын жүрүм-туруму кирет, б. а. коомдо кабыл алынган нормадан четтеген журум-турумду аташат. Девиация деп- бараткан курстан багытын кокустан болгон себептин таасири менен өзгөртүүнү, адашууну аташат. Деликветтүү жүрүм-турум деп жазыктуу (кунөөлүү, айыптуу) иш, укук бузуу иштердин ар кандай формалары, кылмыш кодексинин негизинде ар кандай жазага тартыла турган олуттуу кыянат иштерге аралашкан жүрүм-турумду аташат, б, а, двиантуу жана деликвенттүү жүрүм-турум деп оң жолдон чыккан жүрүм-турумду аташат[1; 3-ноябрь]..

Девианттуу жүрүм-турумдун негизги себеби-балдардын бош убактыларынын бекерпоздугу, ал-42% тузөт. Ата-эненин педагогикалык иштерге тартылбагандыгы, материалдык абалынын начардыгынын натыйжасында тарбияга көңүл бөлбөгөндүгү жана балдары эмгекке тартылбагандыгы -30% тузөт. Өзунө башкалардын көңүлүн буруу үчүн кылмыш кылгандар-10% түзөт. Эриккенден-7%, “авторитетке” ээ болуу үчүн -5% тартип бузушат. Адептик маданий деңгээлинин төмөндүгүнүн натыйжасында, акча керек болду деген шылтоо менен тартип бузгандар-6% түзөт. Мындай шартта мектеп окуучуларынын көңүлүн ар бир доордун өзүнүн тарыхый инсандары бар экендигин белгилеп көрсөтүшүбүз керек. Азыркы ΧΧΙ кылымда жаштарыбыз чет мамлекеттерде билим алып, дүйнөдөгү эң мыкты Гарвард университетинде билим алгандар көбөйдү. Биздин премьр-министрибиз Сапар Исаков ал жаштарды өзүнүн командасына алуусу, көп жаштарды билим алууга түртүп жатат.

Бешинчиден, окуучуларды позитивдүү ойлоого, компетенттүү билим алууга түрткү беришибиз керек. Ар бир жакшы ой, тилек, мээрим, ата мекенди,элди сүйүү, бата ж. б. жалпы коомдун ыракаттуу жашоосуна шарт түзөт. Жогору максат коюп, жакшы тилек тилеп, алдыга умтулуп жашаган дурус, анткени ойлор бизге өмүр бою таасир этет.Улуу инсандарды туураган балада ошол адамдардын сапаттары калыптанышы мүмкүн. Азыркы мезгиде интернет, фейсбук, инстаграм өнүккөн мезгилде окуучулар андагы жаштардын ийгиликтери менен таанышат да аларда да ийгиликтерди жаратуу идеялары пайда болуп жатат. Кечээки урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай турган “атаман” болуп, жааташа мушташкан окуучулар бүгүн лидерликке кызыгып, келечектүү жолго багыт алгандар көбөйдү. “Келечектеги лидерлер “ ((FLEX) сыяктуу эл аралык программалардын негизинде АКШга барып билим алып келгендер көбөйүүдө. Ал программа атайын жогорку 9, 10, 11-класстардын окуучуларына негизделип, бир жыл АКШда үй-бүлөдө бекер жашап, мектептен билим алып, кайра Кыргызстанга келип, мектепти бүтүрүшөт. Анын бүтүрүчүүлөрү бизде “ English Zone” сыяктуу курстарды түзүп, окуучуларды эркин англисче сүйлөп, аларды тереңирээк билим алууга шарттарды түзүүдө. Азыркы жаш инсандарыбыздын ийгиликтерин көрүп, биздин окуучуларыбыздын алдыга койгон максаттарынын ишке ашуусуна болгон позитивдүү ишенимдери өсүүдө.

Улуу Памирден келген кыргыздардын баары келечекте врач жана мугалим болууну, өздөрүнүн жерине барып балдардын сабатсыздыгын жоюуну, оорукчан адамдарды дарыгылары келишерин, өмүрлөрүн узартууну самашат экен. Алардын мындай калоо тилектеринен алардын патриоттулук сезимдери күчтүү экендигин байкасак болот. Биздин мектеп окуучуларына алардын тажрыйбалары да чоң таасир тийгизет деп ойлойм.

Ошентип, тарыхый инсандарды мектептерде кеңири окутууга көңүл бөлүшүбүз керек. Алардын даңазалуу өмүр жолу, өз Мекени, өз элинин азаттыгы үчүн күрөшү биздин мектеп окуучуларга үлгү болот. Алардын көз каранды эместик үчүн күрөштөрү жана эрдиктери окуучуларыбыздын мамлетибиздин гүлдөп өнүгүшүнө өз салымын кошууга шыктандырат деп ойлойм.

Пайдаланылган адабияттар:

  1. Жумабаева Г. А. Тарбиялык иштерди уюштуруу.-Б. 2011
  2. Саалаев Ө. Кыргыз элинин тарыхый инсандары.-Б, 2010.
  3. Тарыхый окуяларга обьективдүү мамиле /Кут билим, 2017. 3-ноябрь
29.01.2020 18:04


Рекомендуем курсы ПК и ПП