СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Флорида Эверглейдсте жашаган ургаачы крокодил жумурткалары үчүн абдан өзгөчө бир уя даярдайт. Алгач чириген өсүмдүктөрдү ылай менен аралаштырат жана бул өсүмдүктөрдөн дээрлик 90 см бийиктикте бир дөбө жасайт. Дөбөнүн үстүндө бир чуңкур жасайт жана бул чуңкурдун ичине бир канча дюжина болгон жумурткаларын жайгаштырат. Жумурткалардын үстүн кайра эле топтогон өсүмдүктөрү менен жабат. Кийин жумурткалары үчүн кооптуу болгон жаныбарлардан уяны коргоп баштайт. Жумурткалар жарылаарда балдарынын үндөрүн уккан крокодил уянын үстүндөгү өсүмдүктөрдөн турган жапкычты алат. Балдары ыкчам жогору көздөй тырмышышат жана эне крокодил балдарын оозуна алып аларды сууга чейин оозунун ичиндеги чөнтөкчөдө ташыйт. Темирчи баканын уясы Амфибия ата-энелер арасында эң уста уя куруучулардын бири – бул кичинекей Түштүк Африка темирчи бака. Уя эркек бака тарабынан курулат. Эркек ылайда бир тешик ачканга чейин айлана абалында айланат. Тешиктин дубалдарын түртүп кеңейтет. Жумушу аяктаганда, бекем бир ылайдан дубал менен курчалган, 10 см тереңдикте бир суу көлмөсүн курган болот. Темирчи бака бул көлмөдө отурат жана бир ургаачынын көңүлүн бурганга чейин ал жерде жупташуу чакырыгын жасайт. Бул чакырууга келген ургаачы бака суу толгон уяга жумурткаларын жайгаштырат; жумурткаларды эркек төлдөтөт жана экөөсү тең жумурткалар жарылганга чейин аларды көзөмөлдөшөт. Жумурткадан чыккан кичинекейлер (тетарлар) дубал менен курчалган, балыктардан жана курт-кумурскалардан корголгон көлмөлөрүндө бейпил гана сүзүшөт. Чоңойгондо болсо аярдык менен даярдалган бул «бала бөлмөсүнүн» дубалынан тырмышып, сыртка чыгышат. Деңиз астындагы куруучулар Балыктардын да уя кураарын көбүбүз билбейбиз. Бирок таң калыштуу санда көп тузсуз суу балыгы көлмөлөрдүн, көлдөрдүн же дарыялардын түбүндө уялар курушат. Бул уялар көбүнчө шагылдардын же кумдун ичинде ачылган бир чуңкур абалында. Мисалы, сом балыктар жана ала балыктар жумурткаларын ушундай ачкан чуңкурларына койгон соң чуңкурду жабышат жана жумурткаларды өз башынча жарылып чыгышы үчүн калтырышат. Жумурткалар ачык бир уяда коргоосуз калганда болсо ата-энелердин бири же экөөсү кароол болот. Көптөгөн балык түрүндө уянын курулушун жана жумурткаларды коргоону эркек өз мойнуна алат.
© 2020, Ыманалиева Нургүл Токтомушовна 1047