СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Бала тарбиялоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз.Ар бир кесип ардактуу демекчи,адам баласы өзү тилеген ой максаттары аткарылып,кайсы кесипти тандап алса,ал адамга ошол кесип ардактуу да барктуу да.
Кандай кана кесип болбосун,ал ар дайым изденүүнү,туруктуулукту,чыгармачылык шыкты,кызыгууну,эң башкысы өз кесибин сүйүүнү талап кылат.
"Кесиптердин эң улуусу да,эң улугу да мугалим"-деп белгилүү педагог Б.Алымов айткандай мугалимдик түйшүктүү кесипти аркалап келгендигиме сыймыктанам.Албетте тандап алган кесибимдин ары татаал,ары түйшүктүү,кызыктуу мүнөттөрүн ар бир өткөн сабагымдын жыйынтыгында окуучуларымдын үмүттүү жоодураган көздөрүнөн көрө алам.Аларга глобалдык проблемаларга кандайдыр бир деңгээлде көнүл буруусуна багыт берүүгө аракет кылам.
Ар бир окуучуга өз балаңдай мээримиңди төгүп, алардын наристелик кыялдарын таба билүү менен үйрөтө да тарбиялай да билүү методикалык шыкты,изденүүнү талап кылаары бардык кесиптештериме белгилүү болсо керек.
Коом өзгөрүп, информациялар көбөйүп жаткан учурда мугалимдин философиясы да өзгөрүш керек экендигин турмуш көрсөтүп жатат.
Мугалимдин өзгөрүшү, окуучунун өзгөрүшүнө алып келет,ал эми окуучунун өзгөрүшү коомду өзгөртө алат.Оз кесибин сүйгөн мугалим окуучуларды жадатма окуу менен тажатпастан,татыктуу билим жана тарбия берүүгө милдеттүү деп ойлойм.
Кызыктуу сабакты өтүүгө мүмкүн экендигине ар дайым ишенип келем.
Таза тыкан, кийингени жупуну
Майда,бирок өто татаал жумушу.
Мугалимдик барктуу экен билгенге,
Кесиптешим,бир билип кой ушуну!
© 2020, Жунусакунова Майрам Токоновна 933