СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Моголстан жонундо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Моголстан - (чагатай тилинде «Мамлакат-и мугулиййе», «Мугулиййе», «Вилайат-и мугулиййе») – 14-кылымдын орто ченинде Орто Азияда түзүлгөн өз алдынча мамлекет. 1346-жылы Казан хан өлтүрүлгөндөн кийин Чагатай улусу ыдырай баштаган, башкача айтканда мурунку калыбынан ажырап, бир топ өзгөрүүлөргө туш келген. Мавераннахрда түрк эмирлеринин бир нече майда ээликтери түзүлсө, Мухаммед Хайдардын эмгегинде (к. Тарих-и Рашиди) анын чыгыш бөлүгү (к. Манглай Субе) дуулат уруусунун эмири Ордобинин (Уртубу) энчисине тийгени айтылат. Анда Чыңгыз хан басып алган жерлерин төрт уулуна бөлүп бергени («Улус арба’а»), анын бири М. болгону, кийинчерээк ал дагы экиге бөлүнүп, чагатайлар моголдорду «жете» («каракчы»), ал эми моголдор чагатайларды «караунас» (түз мааниде «аргын») деп кемсинтип атаганы, 16-к-дын башында Бабурдун тукумунан башка чагатайлар калбай, кыргыз менен өзбектер (казак) Моголстанды ээлеп алганы, моголдордон болгону Турпан, Кашкар жакта 30 миңдей калып, алар дээрлик мусулман болуп кеткени тууралуу маалыматтар бар. Чыңгыз хандан калган эреже боюнча хандар анын тукумунан гана шайланып, жер-жерлердеги улусбеги, эмир ж. б. аларга кызмат кылууга тийиш болгондуктан, бийликке жетүү үчүн алар хандын тукумунан бирөөнү пайдаланышкан. Ошондуктан бул мамлекеттин түпөлүшүнө дуулаттар (дуглат) чоң роль ойногон, б. а. М-дын тарыхы Ордобинин небереси Болатшинин (Пуладчи) Туглук Тимурду (Чыңгыз хандын тукуму) Ак-Суу ш-на (Чыгыш Түркстан) алып келип, такка отургузушунан (1347) башталат.

Амир Темир, Тимур, Темир Көрөгөн, Тамерлан (фарсыча Темириленг), Аксак Темир Көрөгөн [11.3.1336, Кеш (азыркы Шахрисябз) шаары (башка маалыматта Кешке жакын Кожо-Илгар айылы) – 18.2.1405, Отрар] – орто азиялык белгилүү мамлекеттик ишмер жана аскер башчысы, эмир. Теги түрктөшүп кеткен моңголдордун барлас уругунан; 1370–1405-ж. өзү негиздеген мамлекеттин эмири. Шахрисабз шаарына жакын Кожоилгар кыштагында туулган. 1369–1389-ж. Мавераннахрдан Моголстанга (Теңир-Тоого) жортуул жасаган. Ооганстандын бир бөлүгүн басып алган. 1391 жана 1395-ж. Алтын Ордонун ханы Токтомушту талкалаган. 1393-ж. Багдадды жана Экидарыя аралыгын (Месопотамияны), 1398–99-ж. Индиянын түндүк бөлүгүн, 1401-ж. Сириянын да бир кыйла бөлүгүн ээлеген. Байтактысы Самаркан шаарында болгон. Кытайга жортуулга баратып, 1405-ж. 18-февралда Отрар шаарында каза болгон.

1360-ж. Мавераннахрды Тоглук Тимур караткандан кийин, 1361-жылдан ага кызмат кылып, Кашка-Дарыя вилайетин башкарган. Көп өтпөй Самарканддын эмири Хусейн менен союз түзүп, Тоглук Тимур жана анын уулу Иляс Кожого каршы Моголстанда узак убакыт бою күрөш жүргүзгөн. 1366-ж. Хусейн менен бирге Самарканддагы көтөрүлүштү басышкан, бирок 1370-ж. кайра өзүн туткунга түшүрүп, башын алдырган. Ошол эле жылы эмир титулун алган жана аялы Чыңгызхандын тукумунан болгондуктан, Мавераннахрга «Көрөгөн» (моңгол тилинде «күрүгэн» же «хүргэн» – «күйөө бала», б. а. «хандын күйөө баласы») деген ат менен бийлик жүргүзгөн. Сейстандагы (Иран) салгылашууда он бутунан жарат алгандан кийин «Аксак Тимур» аталган. 1371-, 1375-, 1377–79-жылдары моголдордун эмири Камар ад-Динге каршы бир нече жолу жүрүшкө чыгып, Ысык-Көл, Иле өзөнүнө чейин жеткен. 1388-ж. Хорезм аймагын толук каратып, борбору Үргөнчтү талкалаган. 1380–90-жылдары Иран, Кавказга жүрүш жасап, бүлгүнгө учураткан. Токтомуш ханга каршы үч жолу (1389-, 1391-, 1394–95) аттанып, Алтын Ордону талап-тоногон жана анын борбору Сарай-Беркени кыйраткан. 1398-ж. Индияга жүрүш жасап, Дели шаарын басып алган. 1402-ж. Анкаранын алдынан түрктөр менен салгылашууда түрк султаны Баязед Iни туткундаган. Бул учурда Мавераннахр, Хорезм, Хорасан, Түштүк Кавказ, Иран жана Пенжабды кучагына алган ири мамлекет түзүлгөн.Кытайга жүрүшкө чыгууга камылга көрүп жатканда каза болуп, сөөгү Самаркандга коюлган.

25.02.2020 12:19

Рекомендуем курсы ПК и ПП