СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Окуучуну тарбиялоодо класстык сааттардын ролу.
21-кылым технологиянын заманынын продукту катары маалымат эсептелет. Азыркы муундун балдары дал ушул 21 кылымдын муундары. Алар убактысынын кѳпчулугун Интернетте отуруп, виртуалдык достук, виртуалдык оюн, жада калса оз эмоцияларын да электрондук вариант- виртуалдык смайликтер менен билдирип калган учур.
Ар бир муун мурунку муундан озгочолонот. Эгерде мындан он жыл мурунку балдарды алсак азыркы балдар менен айырмасы абдан эле чон. Азыркы балдар техникалык жактан онуккон, мобилдуу болгон менен бош убактыларынын дээрлик баарын компьютерде откоргондуктон, китеп окушпайт, мунун негизинде баланын эмоционалык сферасы жакыр болот : оз курбулары менен баарлашуу аз болгондуктан коммуникабелдуу боло алышпайт.
Албетте, бул койгойдон чыгуу ата- энелерге коз каранды, ошентсе да балага таасир беруудо класс жетекчинин, мугалимдин ролу ото чон.
Тарбиялоо- баланын коз карашын, инсандык сапаттардын системасын калыптандырууга багытталган максаттуу иш чара.
Баланын инсан болуп калыптанышына, анын озгочолукторун, жондомдуулугун ачууда класс жетекчинин ролу зор.
Класстык саат – окуучуларды тарбиялоодогу ишти уюштуруунун негизги формасы.
Дал ушул класстык саат учурунда формалдуу эмес баарлашуу аркылуу бири- бирин тушунуу, билуу, баалоо жана талдоо жургузулот:
- окуучуга жашоодо керек боло турган коомдук-социалдык тажрыйбаларды өздүк тажрыйбага айландыруу;
– окуучулардын дүйнөгө илимий көз карашын, туура ынанымын калыптандыруу;
– адабий, илимий булактар менен өз алдынча иштөөгө үйрөтүү;
– окуучуларды коллективизмге тарбиялоо, жеке ишти коллективдик иш менен айкалыштырууга үйрөтүү;
-класстык сааттарды отуу коюлган максатка жараша ар бир класс жетекчинин жеке тажрыйбасына жана учурда коюлган талаптарга ылайык болот. Лекция, ангемелешуу, диспут, викторина, конкурс, оюн, конференция, майрам, акция ж.б. формадагы ишти уюштуруу аркылуу окуучуну алдыга коюлган максатка кызыктырууга болот.
Ал эми класс жетекчи окуучунун жаш озгочолугуно жана класстын мумкунчулугуно жараша оптималдуу варианттагы класстык саатты тандоосу керек. Балдар конкурс, интелектуалдык оюн, викторина турундо отулгон сабактарды жакшы корушот. Албетте муну даярдоо класс жетекчиден убакытты жана кошумча материал менен иштоону талап кылат, бирок отулгон сабак жакшы жыйынтык корсотот. Класстык саат отуло турган убакытта балдардын « Бугун эмне отобуз? Оо, класстык саат. Эмне кызыктуу нерсе болот?» деген кызыгуусун туудуру керек. Балдар класстык сааттан жаны нерселерди алат. Мекендин тагдырына жоопкерчиликке үйрөтүү, активдүү турмуштук позицияга ээ болууга, жашоонун сергек мүнөзүнө үйрөтүү; – окуучулардын өзүн өзү башкаруу уюмун, чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрүү, окуучуларды турмуштун ар кандай шартына ийкемдешүүгө, социализациялашууга (турмуштан ордун табууга) үйрөтүү; – окуучуларга нормалдуу психологиялык климат камсыз кылуу; – ар бир окуучунун жогорку максатка татыктуу экендигин ынандыруу; – жашоонун оң, терс жолдору жөнүндө кенен түшүнүк берүү; – интеллектуалдык, эмоционалдык, физикалык оптималдуу жүктөмдү, режимди тандоо, окуучулардын кыйынчылыгына жана ийгилигине жараша ийкемдүү иш-аракетти уюштуруу тарбиянын бардык түрлөрүн: патриоттук, жарандык, адептик-рухий тарбияны, жүрүм-турум маданиятын калыптандырууну, өзүн өзү тейлөөгө үйрөтүүнү, чыгармачылыгын өнүктүрүүнү, кесиптик тарбияны ж.б. ичине камтыйт. Окуучунун курак өзгөчөлүгүн, жеке кызыкчылыгын, мүмкүнчүлүктөрүн, талаптарын эске алат.
. Окуучуну турмушка даярдоо – билим берүү системасынын негизги максаты.
© 2020, Байгабылова Умут Качкыновна 690