СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
1-Кейс. Өз алдынча иш (Эссе)
Өз алдынча иш (теманын суроолору боюнча эссе):
- Сиздин оюңузча, МКТ чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын принциптери мектептерде кандайча ишке ашырылышы керек?
-Менин оюмча МКТны мамлекет боюнча жалпы мектептерде окуучуларга жеткиликтүү камсыз кылган учурда жана башталгыч класстардан баштап үйрөтүлгөндө гана ишке ашат. Азыркы учурда аста секин мамлекет мектептерди камсыздап, мугалимдерди окутуп жатат.Бул да биздин жетишкендигибиз жана алга карай умтулгандыгыбыз.Ошол мектептердин катарында биздин мектепке да компьютерлер берилип, атайын компьютердик класс ачылып, интернет туташтырылган.Бул да болсо мамлекетибиздин жаш муундарга болгон камкордугу деп билемин.Бир мугалим окуп үйрөнүп, өзү билген тажрыйба менен миңдеген окуучуларды окутуп, үйрөтүп келе жатат.
Биз компьютердин сырларын окуп үйрөнүү менен бирге өзүбүздүн санариптик сабатттулугубузду жогорулатабыз.
Санариптик сабатттулук- бул компьютер аркылуу жөнөкөй программалар менен иштөө.
Башкак кесиптин ээси сыяктуу эле, мугалим да санариптик сабаттулукка-санариптик коомдо жашоо үчүн зарыл болгон негизги билимдерге, көндүмдөргө жана мамилелерге ээ болуш керек.
Мугалим азыркы учурда балдар менен иштешүүнүн ар кандай технологиялык жолдорун үйрөнүп окуучуларга терең билим берүүгө умтулууда.Акыркы жылдары МКТ билимге жетүү жолуна таасир эткендиктен,жаңы билим берүү саясаты негизги ролду ойноду.
© 2024, Муратова Гүлүмкан Коңурбаевна 106