СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Токмок шаарынын кыргыз тили жана адабият мугалимдери ачык сабакка катышкан
№1 Токтом
Токмок – Чүй элге билим берүү бөлүмүнүн мамлекеттик тил мугалимдеринин усулдук бирикмесинин чогулушу 19.02.2018 ж. Токмок ш.
Төрайымы – Баймурзаева Р.Д.
Катчысы – Асанбекова Ж.З.
24 мугалим катышты ( тизмеси тиркелет )
Күн тартиби:
УГУЛДУ:
№1 мектеп-гимназиясынын мамлекеттик тил ТЛУсунун жетекчиси Акматова Б.А. педагогикалык коллективдин кыргыз тили жана адабияты сабактарын эффективдүү өтүүдө колдонулуп жаткан жаңы технологиялар жөнүндө айтып берди. Акматова Б.А. тажрыйбалуу мугалимдердин сабак өтүүдө колдонгон тест менен иштөө ыкмаларына кеңири токтолуп, интерактивдүү такталарды колдонуп, сабакты жандуу өтүү окуучулардын сабакка болгон кызыгууларын арттыраарын белгилеп ТЛУнун жүргүзгѳн иштериндеги тажрыйбасы менен болушту.
СYЙЛѲШТY:
Чүй районунун №1 мектебинин мугалими Сулайманова Г.Ш. №1 мектеп – гимназиясынын мугалимдеринин интерактивдүү такта менен иштоо ыкмаларын жайылтууну сунуштады.
Экинчи маселе боюнча усулдук бирикмесинин мугалимдери катышкан:
- 2-в класс Касымбекова Д.А.
- 6-н класс – Оморова С.А.
- 9-в класс – Сайбекова А.А.
10-а класс – Акматова Б.А.нын ачык сабактары анализденди
УГУЛДУ:
1. 6-н класс Оморова С.А. – Мугалим сабакты өтүү максаты менен тааныштырды.Сабакта кандай ыкмаларды колдонуу, коюлган максатына жеткендигин, колдонгон ыкмаларынан жыйынтык алгандыгын баяндады. Текст менен иштөөдө интерактивдүү такта колдонгондугун класстагы окуучулардын билим сапаттарына токтолду.
Анализ берген мугалимдер:
- Солтобаева Ж.Б. №3 орто-мектеби төмөндөгүдөй сунуштарын айтты: Коюлган максатыңызда, сабактын формасы коммуникативдүү деп белгиленген экенсиз, мен сиздин өткөн сабагыңызда ал иштин, формасын көрө алган жокмун. Мугалим тарабынан сабакка коюлган максат өтө шар окулду. Сабактын максатын окуучуларга түшүнүктүү болуш үчүн, балдардын деңгээлинде жөнөкөйлөтүп айтып, бүгүнкү сабактан алар эмне деп ала алышат, тагыраак айтсаңыз болмок. Текст менен иштөөдө убакытты өтө көп колдондуңуз деген оюн билдирди.
- Сулайманова Г.Ш. №1 Чуй орто-мектеби: Сабак 9 этаптан турду. Сабактын максатын балдарга жеткиликтүү айта алган жоксуз. Тапшырма берип, берилген тапшырмага толку аткартпай кийинки тапшырмага өтүп кетип жаттыңыз. Баалоодо окуучулардын жообу туура бааланган жок. Эң жакшы долбоорду жазып келген окуучунун эмгеги бааланган жок.
- Нурманбетова У.А. №6 орто-мектеби: Менин оюмда сабак максатына жеткен жок. Коюлган пландарды толук ачып бере алган жоксуз, мен сабактан эч нерсе ала алган жокмун.
- Абакирова Т. Ак-бешим орто-мектеби: Сабак тил гимни менен башталды. Балдар гимнди билишет экен. Сабакта интерактивдүү такта колдонду. Аракетиңизге ыракмат!
2. 2- в класс - Касымбекова Д.А.- Мугалим сабактын максаты жана көрсөткүчтөрү менен тааныштырды. Сабакта текст менен иштөөнүн жаңы темасын, борборлордо иштөөнүн жаңы башталгыч класс болсо да, окуучулар өз алдынча сабакка эреже түзө ала тургандыгын, турмушта колдонуп жүргөн буюмдарын туура колдоно алууга машыктыргандыгын баяндады.
Анализ берген мугалимдер:
- Абралиева Ж.А. – Арал мектеби Сабак эң жакшы, жандуу өттү. Көрсөтмө куралдары талапка ылайык. Кызыктуу сабак болду, ыракмат!
- Жунушалиева Ж. – Кегети орто-мектеби Сабакта жаңы ыкмалар колдонулуп, кызыктуу, жандуу сабак болду. Мугалимдин өзүн алып жүрүүсү жакты. Бул сабак күнүмдүк өтүлүп жүргөн сабактардын жыйынтыгы десек жакшы болот.
- Кадырова Г.О. № 10 орто-мектеби
Сабак өтө жакшы пландаштырылган. Балдар активдүү иштешти. Мугалим аларды багыттап гана турду. Сабак максатына жетти. Диалогду балдар эркин сүйлө алышат экен.
- Баймурзаева Р.Ж. БББ нүн орун басары. Сабак 15 этаптан турду. Слайддары абдан жакшы түзүлгөн. Сабакта карточка менен да, сөздүк менен да, дептер менен да иштегенге үлгүрдү. Физминуткасы темага ылайык. Балдар мурунку өткөн темадагы ырды жаңы тема менен байланыштыра алышты. Сабактын бышыктоосу карточкалар менен жүргүзүлдү.Жаңы сөздөр менен иштөө абдан кызыктуу өттү. Балдар түшүнүп, эң сонун кылып, өз дептеринде колдоно алышты. Ыракмат!
3. 10-а класс Акматова Б.А.
Сабакка койгон максатын айтып, сабакта проблемалык абал ыкмасын колдонуп, балдарды логикалык ойлоосун өстүрүүнүн үстүндө иш алып барарын айтып берди.
Анализ берген мугалимдер:
- Ермекова Н.Г. № 9 орто-мектеби
Бул сабакта мугалимдин көп эмгектенгени көрүнүп турду. Сабак жандуу болуп көп ыкмалар колдонду. Сабак видеосюжет менен башталып, балдардын ойлоосуна жол ачты. Жыйынтыктоосунда окуучулар өтүлгөн материалды толугу менен түшүнгөндөрүн көргөзө алышты. Баалоо быйтыкчалар менен белгиленип, туура жүргүзүлдү. Сабак максатына жетти.
- ДолбаеваУ.С. №7 орто-мектеби
Жаңы теманы түшүндүрүү абдан жакшы ишке ашырылды. Балдар мугалимдин берген маалыматын түшүнүштү. Өз алдынча сүйлөм түзүп, баардык көнүгүүлөрдү эркин аткара алышты.
- Нурманбетова У.А. № 6 орто-мектеби
Бүгүнкү тема чындыгында өтө татаал тема. Ошентсе да мугалимдин сабакты туура пландап, ар бир деталды туура коюп, чыккандыгынан сабак жыйынтыктуу, натыйжалуу болду. Акматова Б.А. интерактивдуу такта менен иштөө ыкмасын мамлекеттик тил мугалимдер арасында жайылтууну сунуштайм.
4.9-в класс – Сайбекова А.А.
Сабакка коюлган максатын айтып берди, сабак максатына жеткенин белгиледи.
Анализ берген мугалимдер:
- Салиева З.Т. Маданият орто-мектеби. Сабак мага жакты, мен өзүмө көп нерсе алдым.
- Урманбетова Р.А.-Кошой мектеби
Балдарды үч топко бөлүптүр, топ пассивдүү иштешти. Өз ич ара балдар орус тилинде пикир алып жатышты. Топ менен иштегенде баарына бирдей баа коюлуш керек эле. Ушуга көңүл бурсаңыз, ыракмат!
- Сулайманова Г.Ш. Чуй № 1 орто-мектеби
Мен сабактын темасын окуп, сыймыктанып киргем сабакка.
Класс топко бөлүнгөн экен, топ башчылары шайланган жок. Топторду баалоо туура эмес ыкмада жүргүзүлдү. Видеоролик жакшы тандалып алынган. Топ менен иштеп жатканда, окуучулардын жанына барган жоксуз. Ката кетирген сөздөр мугалим тарабынан оңдолгон жок.
- БаймурзаеваР.Ж. Сабактын максаты жакшы коюлган, бирок жыйынтык чыкпай калды. Сабактын жыйынтыгын чыгарганды үйрөнүш керек. Текст менен иштөөдө балдар так окуй алышкан жок, өз ойлорун айта алышкан жок.
ТЛУнун иши боюнча:
УГУЛДУ:
Баймурзаева Р.Ж. Ал эми мамлекеттик тил ТЛУсу боюнча айтсак, мурунку жылдарга караганда өсүш бар. Ал өсүш мугалимдердин берген сабактарынан көрдүк. Берилген тапшырмаларды эң жакшы аткардыңар. Ыракмат!
Сулайманова Г.Ш. №1 Чүй орто-мектеби. Бүгүнкү өтүлгөн иш чарада мамлекеттик тил ТЛУсунун мугалимдеринин ынтымактуу экендиги, кыргыз оюлары бар чыптамалары, шкафта коюлган көргөзмөлөрү, иштеринин жыйынтыгын далилдеп турат. Ыракмат!
ТОКТОМ КЫЛЫНДЫ:
© 2022, Акматова Бурул Асанбековна 153