СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Тургунбаева Бурулай

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адам баласынын ички дүйнөсүнө жана психологиясына азык болуучу байлыктарды камтый турган алтын казына - көркөм сөз өнөрү. Бул кыргызда - Улуу сөз аталган. Байыркы бабалар кечкисин малды жайлагандан кийин тамакты асып коюп, айрыкча кыштын узак түндөрүндө кемегедеги алоолоп турган отгун илебинде узак сөзгө киришкен. (Ошол себептенби, бул кээде кемеге кеп деп да аталат). Мында не деген гана кептер айтылбаган, укумдан тукумга уланып келаткан Улуу сөздөр - бабалардын санжырасы, жаштарга нуска, таалим-тарбия болуучу окуялар, жомоктор, уламыштар, макал-лакаптар, деги койчу тамашага чейин айтылып, ачылып-чачылып ортого төгүлгөн. Ал жердеги ар бир адам ички дүйнөсүн ачып таштап, төгүлө-чачыла, черлери жазылгыча кептин кызуусуна киришкен. Мына ушул Улуу сөздү - кыргыздын көркөм тилинин укмуштуудай бир ажайып кооздуктарьш, элестүүлөрүн, маңыздууларын, урпактан урпакка өтүп келаткан улама сөздөрүн бала күнүнөн pyx дүйнөсүнө сиңирген. Балдарын күч колдонбостон эле сөз күчү менен, мамиле менен таалимдешкен. Ар кимге сөзүнө жараша баа беришкен. «Буттан жыгылган турат, ооздон жыгылган турбайт» деген сөздү бийик тутушкан.

Чечендик өнөр — адамдын тубаса таланттуулугуна түздөн-түз байланыштуу келип, эчен, ар кыл чөйрөдө, ар кандай жагдайга кабылып, өзүнүн логикасын, өз күчүн, тапкычтыгын, акыл таразасын, психологиясын сынаган тынымсыз көнүгүүсүнүн, изденүүсүнүн аркасында жүрө-жүрө калыптанат. «Сүйлөй, сүйлөй — чечен болот» деген кеп бар элде. Окумуштуу, белгилүү тилчи, профессор Ж. Мукамбаев: « Эл чечен — деп, сүйлөгөн кезде илхамы келе түшкөн, эч кандай кагаз, карандашсыз шар сүйлөгөн, токтоосуз жооп тапкан, импровизаторлук менен куюлуштурган, үнү да, кеби да коңур келген, сөздөрү уккулуктуу, мазмундуу чыккан адамды айтышкан» — деп жазат.

14.01.2025 14:50


Рекомендуем курсы ПК и ПП