СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Адам баласынын жашоосун жөнгө салуу үчүн ар кыл баалулуктар берилген, алардын эң маанилүүлөрүнүн бири - убакыт.
Деги эле убакытты туура колдонуу кандай максатты көздөйт? Биздин ага канчалык деңгээлде муктаждыгыбыз бар? Убакытты туура колдонуудагы негизги максат биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздүн толук ачылышын камсыздоо, маани маңыздуу жашоо, өмүрдүн кадыр-баркына жетүү, жашоого болгон чыгармачыл мамиле.
Күндөлүк жашоодо өз ара убакыттын кандай гана тездик менен өтүп жаткандыгын моюнга алгандыгыбыз ошол убакытты толук кандуу пайдалана албагандыгыбыздан, бир топ иштерди жасаганга үлгүрбөгөндүгүбүздөн улам келип чыгат. Адам баласына берилген башка балуулуктарга салыштырмалуу бүгүнкү бизге берилген убакытты акча же буюм сымал, эч качан эртеңки күнгө, кийинкиге сактап кое албайбыз. Убакыт өттүбү - өттү, ал сиздин колуңуздан учат, өтмүштүн энчисине айланат.
Көпчүлүккө мүнөздүү болгон убакытты туура колдонбоочулуктун бир канча себеби бар.
Күндөлүк план түзүп жатканда жасай турган иштерди карама-каршылыктар пайда болсо : «Эгер бул ишти бүгүн аткарбасам эмне болот?», «Түпкү максаттарыма кандай таасирин тийгизет?» деген суроолорду өзүңүзгө бериңиз. Эгер жооптор өтө терс болсо, анда ал ишти, болгон күчүңүздү колдонуп болсо да, аткарууңуз керек.
Убакытты рационалдуу колдонуу боюнча адис М Фортинонун аныктоосуна ылайык орточо 75 жыл жашаган адамдын күнүгө 8 саат уктагандыгын эске алсак, ал:
25 жылын уктоо менен, 7 жылын ваннада жана дааратканада, 6 жылын тамактануу, 5 жылын бир нерселерди, кимдир бирөөлөрдү күтүү, 3 жылын ар кыл чогулуштарга катышуу менен, 1 жылын бир нерселерди иликтеп, 6 айын жол жарыгын күтүп, 120 саатын тишин тазалоо менен өткөзөт экен.
Бул иликтөө эч түгөнгүс сезилген убактыбызды кандай колдонгонубузду көрсөтүп жатат.
Андан тышкары бизди ар дайым күтүп турган, маанилүүдөй сезилген ар кандай тузактар да бар. Аларды төмөндөгүдөй категорияларга бөлүүгө болот:
-телевизордун маңдайында өткөргөн убакыт;
-керексиз телефондо сүйлөшүүлөр;
-күтүлбөгөн коноктор;
-чыгынбастык ж,б.
Күндөлүк жашоодо өз кемчиликтерибизден, бизди артка тарткан көнүмүш адаттан кутулуу ар кимибиздин колубузда. Канча жашка келгенибизге карабастан, ар дайым Жараткан тарабынан бизге энчи катары берилген убакытка ээлик кылып, өз убактыбыздын кожоюуну болушубуз зарыл.
Көңүлгө түйө турган нерсе:Убакыт эч качан аздык кылбайт. Биз каалаган бардык нерсеге жетүүгө убакыт жетишерлик бар. Болгону убакытты туура пайдаланууну билиш керек.
© 2019, Рахманова Гулиза Акбаровна 6709