СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Устат жана шакирт

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кумура жасаган устага жардамчы болуп ишин баштаган бир жаш жигит кыска убакыттын ичинде көп нерсе билип калдым деп ойлойт да,устадан мындан чоңураак иштерди берүүсүн сурайт. Устаты; " Ар бир иштин өзүнүн сыры жана кыйынчылыгы болот.Бир ишти мыкты өздөштүрүү үчүн убакыт жана тажрыйба керек. Азыр сага эрте" - деп жардамчынын бул каалоосунан баш тартат.

Убакыт өткөн сайын жардамчы өзүн уста сезе баштайт. Бир жолу устатына кайрылат; "Устат мен бул ишти абдан жакшы үйрөндүм. Мындан ары өзүмчө иштесем дейм.Бир дүкөн ачсам кандай болот"- деп сурайт. Устаты: " Сен али бул иштин сырын билбейсин,бул жерде бир аз иштеп ишке бышышың керек. Андан кийин дүкөн ача бересиң. Мен да сага жардам беремин " - дейт. Ар убак устатынан бирдей насыйкаттарды уккандан тажаган жигит, ал жерден чыгып,өзү бир дүкөн ачат. Устанын ишин үйрөнгөнүнө ишенип чоң ийгилик алып келет деп ойлойт.Көп акча жумшап ачкан дүкөнүнө көп адамдар келе баштайт. Бирок ал буюртмаларын жасап жетише албайт.Себеби жасаган кооз кумуралары отко киргенде бир тарабы сынып калат. Иши ийгилик алып келбеген соң жигит бар күчүн жумшап устатынын алдына барат. Уялгандан башын жерге салып абалын түшүндүрөт.Тажрыйбалуу устат сөз эмнеде экендигин ошол замат билип, уста калыбынан жазбай " Мен сага айтпадымбы уулум, сен али бул иштин сырын биле элексиң деп. Сабыр кылып бул жерде бир аз иштесең эмне болмок. Иштин сырын билип анан дүкөн ачканыңда башыңа бул нерселер келбейт эле." - дейт. Жардамчысына боору оорууган уста аны бул абалдан чыгаруу үчүн жардам берүүнү чечет ; " Биздин ишибиз өзүнчө бир санат. Ар бир санаттын өзүнчө сыры бар. Эми карап тур муну сага көрсөтөм " - дейт. Жыгачка ылай коюп жигитке карап ; "Кана жигит бир кумура жасап жиберчи " - дейт. Жигит абдан сонун бир кумура жасайт. Кумурасы устага да жагат. Уста ал кумураны алып колунда айландыра баштайт. Бир аздан кийин токтоп көздөрүн бир жерге кадап анан ошол жерди катуу үйлөйт. Муну бир канча жолу кайталайт. Андан соң кумураны отко салып бышырат. Бир аздан кийин кумура сынбай оттон чыгат.

Жардамчысы ; "Бул кумураны мен жасадым сынбады бирок мындан мурун жасагандарым сынып калган " деп таң калып устатына айтты.Тажрыйбалуу уста убактысы келгенин ойлоп ; "Кара уулум, сен кумураны жасадың бирок сен аны отко коёрдон мурун мен анын үстүн үйлөдүм. Аны үйлөгөнүм үчүн кумура сынбады. Сен аны билбейт элең. Ошон үчүн кумураларың сынып жаткан " - дейт. Жардамчы ошентип устатынын сырын билет.

Категория: Всем учителям
18.04.2020 13:52


Рекомендуем курсы ПК и ПП