СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жалкоолук!!!

Нажмите, чтобы узнать подробности

ЖАЛКООЛУК АЗАБЫ! Жалкоолук - карьерадагы жана жеке турмуштагы ишке ашпаган өксүктөрдүн негизги себепкери. Адам баласынын биринчи душманы. Кишинин эмгекке, аракетке болгон каалоосунун аздыгы. Максатка жетүүнү билбестиги жана эркинин жоктугунан кабар берген оору. Жалкоолук илгертеден бери эң зыянкеч адат катары саналат. Анткени, жалкоонун пайдасынан зыяны көп. Жалкоонун шылтоосу көп Жалкоо адам көп сүйлөйт. Өзгөчө эмгектин аркасы менен көпкө жетишкен адамдарды сындаганды жакшы көрөт. Ал дайыма жетишпеген нерселери үчүн башкаларды күнөөлөйт. Бул дүйнөгө өтө татаал мезгилде жаралып калганына өкүнөт. Эң сонун кызмат орундарын анын достору же тааныштары сатып алып, ээлеп отурганын көп айтат. Ал эми аз айлык маяна үчүн жалаң жиндилер иштейт деп ишенет. Бактысыздык себеби Жалкоолук адамга туура тандоо кылууга тоскоол болот. Турмушта ар нерсени тандоодо, мейли бул карьерабы, үй-жайбы, өмүрлүк жарбы же жөн гана кийим-кечеби (?), айтор, жеңилине качырып калат. Өзү каалаганына эмес, жеңилине. Оңой бүтчү ишке, тоскоолдуксуз мамиле түзө турган адамга, арзан буюмга… Мунун баары адамды тилегинен алыстатып, бактысыздыкка алып барат. Арылуу жолдору Психологдордун айтымында, жалкоолук сапат бала кезден эле байкалат. Аны сезген ата-эне баланы эмгекке үндөшү зарыл. Мисалы, өзү менен тең балдардын окуудагы жетишкендиктерин, үй оокаттарына жардам берерин сөз арасында айтып, мактап туруусу керек. Ал эми жалкоолуктан кутулгусу келген чоң адамдар эң жөнөкөй көнүгүүдөн баштаса болот. Анда эртеңки күндүн күн тартибин кагазга жазып, көрүнөө жерге илип алган туура. Алгач тизмедегилердин 50%ын гана аткарсаңыз, чоң жетишкендик. Акырындап отуруп ал 80-90%га көтөрүлөт. Тест Төмөндөгү тестти толтуруу менен өзүңүздүн эмгекке болгон мамилеңизди аныктай аласыз. 1.Сиз сатып ала турган буюм үйгө жакын дүкөндө 150 сом, аркы көчөдөгү күркөдө анын баасы 100 гана сом болсо… А. Пайдалуу сунуш үчүн шаардын четине деле барып келем 5 Б. Мага убакыт кымбат 0 В. Маанайыма жараша болот 3 2. "Канчалык оңой келген киреше, ошончолук бат чыгат" дегенге ишенесизби? А. Ооба 5 Б. Буйрукка жараша болсо керек 3 В. Ишенбейм, өзү келген кирешеден ашкан бакыт жок 0 3. Иштен келсеңиз, үйдө жарым саатта бүтө турган жумуш бар… А. Жарым сааттык жумушту эртең деле бүтүрсө болот 0 Б. Абалыма карайм, мүмкүн болсо жасайм 3 В. Бүгүн бүтчүнү эртеңкиге калтырбайм 5 4. Кыш. Отун бар, балта жок… А. Аны эптеп мешке батыруу жолун издейм. Анткени, ага жылынып эле тим болбостон, күйгөн отко тамак бышырса да болот эмеспи 5 Б. Айла жок. Жылуу кийимдерди кийип отура берем 0 В. Тууган же достордукуна кетип калам 3 5. Чет өлкөдө эс алуу үчүн… А. Ал туурасында ойлонбойм дагы, баары бир мүмкүнчүлүк жок 0 Б. Кетчү каражатты эсептеп, керектүү акчаны табуу жолдорун издей баштайм 5 В. Быйыл болбосо дагы, жакынкы жылдары барууга аракет кылам 3 6. Өмүрлүк жар тандоодо… А. Сүйгөн адамыма жетүүгө аракет кылам. Анын каалаганын ишке ашырам 5 Б. Мен тагдырга, буйрукка ишенем 3 В. Кыялыбыз келишсе болду. Негизгиси бири-бирибизге тоскоол болбой жашаганыбыз жакшы 0 Жооп 30 упайга чейин топтосоңуз, анда жалкоолуктан алыс адамсыз, эмгекти сүйөсүз. Аны менен гана көптөгөн бийиктиктерди багындыра аларыңызга ишенесиз. Куру шылтоодон алыссыз. Кеңеш: Ушунуңуздан жазбаңыз. 15-25 упайдын ортосунда болсоңуз, эмгектен алыс эмессиз. Мүнөзүңүздөгү жалкоолукту жеңүүгө болгон аракетиңизди жумшайсыз. Бирок, бардык эле нерсеге эркиңиз жете бербейт. Кеңеш: Ишин убагында бүтүргөн жоро-жолдош, кошуналар менен моюну эч нерсеге жар бербеген тааныштардын турмушун салыштырып көрүңүз. Кимдин жашоо-шарты көбүрөөк жакса, ошонун жолун жолдоңуз. 10 упайга жетпей калсаңыз, абалыңыз оор. Мындай жоругуңуз менен жакынкы келечекте элден чыгып калышыңыз ыктымал. Ишиңиз да, жеке турмушуңуз да жарга кептелет. Жакындардын ишениминен чыгасыз. Кеңеш: Тез арада эмгекке башыңызды байлаңыз. Адамдын колунан келбей турган нерсе жок.

13.05.2020 19:39


Рекомендуем курсы ПК и ПП