СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жашоонун маңызы

Нажмите, чтобы узнать подробности

ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ

~ Бир күнү шакирти устатынан сурап калат: – Устатым, жашоонун маңызы эмнеде?

– Кимдин жашоосунун? – деп сурайт устаты. Шакирти бир аз ойлонуп туруп:

– Негизин айтам, адамдын жашоосунун маңызы эмнеде? – дейт. Устаты терең үшкүрүнүп алып шакирттерине кайрылат:

– Кана, өзүңөр жооп берип көргүлөчү?

– Сүйүүдө эмеспи? – дейт шакирттеринин бири.

– Жакшы, – дейт устаты, – башка жооп барбы? Карыганда “мен өмүрүмдү бактылуу өткөрдүм” деп айтууга бир гана сүйүү жетишсиз го…

– Менимче, адам жашоосунда өзүнөн кийин из калтыруу керек, кылымдарга атын өчүрбөй турган жакшы иш кылуу керек, – дейт дагы бир шакирти, – мисалы, сиз сыяктуу.

– Ошондойбу? – деп күлө карайт устаты,

– адамдардын көпчүлүк бөлүгү жөн эле жашап жатат дегиң келип турабы? Шакирти ишенимсиз жооп кайтарат: – Мүмкүн, ошол жашоонун маңызын издөөнүн кажети жоктур?

– Кана-кана, – деп устаты кызыга түшөт, – оюңду толугураак туюнтчу…

– Эгер адам өзүнө ушул суроону берсе, биринчиден, так жана акыркы ойду туюнткан жоопту баары бир таба албайт, ар дайым анын тууралыгынан күмөн санай берет. Экинчиден, кандай жооп тапса да, аны жериген бирөө чыгат. Ошентип, өмүрүңдүн баары жашоонун маңызын издөө менен өтүп кетет, – деп жооп берет шакирти.

– Башкача айтканда… – Жашоонун маңызы – жашоодо! Колдо бар нерсенин баркына жете билип, маанисиз нерселерге убакытты коротпой, ар мүнөтүн туура пайдалануу менен татыктуу жашайлы, мына ушул нерсе ар бир адамдын жашоосунун маңызы деп ойлойм!

– Менимче, бул татыктуу жооп болду, – дейт устаты, шакиртине ыраазы боло.

  • Адам төрөлгөндө, “дүйнө меники” деп, муштумун түйүп түшөт да, өлгөндө, “бул дүйнөдөн эч нерсе алган жокмун” деп, алаканын жайып өтөт. (Талмуд)
  • Эгерде адам жаратылыш мыйзамдарына жолтоолук кылбаса, жаратылыш да адамга жолтоолук кылбайт. (А. И. Герцен)
  • Адам эки жашабайт, бирок адам болуп бир да жолу жашай албагандар көп. (Ф. Рюккерт)
20.02.2020 22:26


Рекомендуем курсы ПК и ПП