СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

4-класс ачык сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

4 - класстарга кыргыз тили сабагы боюнча сабактын планы. Тема: Соң - Көл

Просмотр содержимого документа
«4-класс ачык сабак»

4 - класс

Сабактын кептик темасы: Соң – Көл

Грамматика материал: Сын атооч сөздөрдү кайталоо

Сабактын максаттары:

Тилдик: Тексттеги кездешүүчү жаӊы лексиканы өздөштүрөт. Сын атооч сөздөрдүн маанисин түшүнүп, жазуу, оозеки кебинде туура колдонушат.

Кептик- катнаштык: Тексттин негизги маанисин түшүнүп, берилген тапшырмаларды аткарышат. Көрсөтүлгөн тасма боюнча ар бирине тиешелүү сөздөрдү таап сүйлөшүшөт.

Социо-маданий: Жаратылышты сыйлоонун жана коргоонун маанисин түшүнүшөт.

Сабакта колдонулуучу ресурсттар: «Белек» деген темада ролик, слайд, сүрөттөр, темага байланыштуу текст.

Сабактын жүрүшү:

Мугалимдин ишмердүүлүгү:

Окутуучу жана өнүктүрүүчү компоненттер

Тапшырмалар жана көнүгүүлөр

Окуучулардын ишмердүүлүгү:

Сабакта өз ара аракеттерди уюштуруунун формалары

1. Сабактын киришүү бөлүгү. Окуу ишмердүүлүгүнө мотивдештирүү (3 мүнөт)

Окуучулар менен саламдашуу.

Мугалим менен саламдашышат.

Жагымдуу маанай тартуулоо.

Топтогу окуучулар бири-бирине каалоо айтышат.

Үй тапшырмасын суроо (3 мүнөт)

Суроолорго жооп беришет.

2. Билимдерин актуалдаштыруу. (3 мүнөт)

Сабакта окуп түшүнүүгө, сүйлөөгө көнүгөбүз

  1. Келгиле, чакан слайд көрөлү.

- Бул силер көрүп турган эмне?

- Балаты, карагай, арча.

- Арчанын өңү кадай экен?

- Жашыл

- Дагы эмелерди байкадыңар?

- Садар.

- Кача экен?

- Алты

- Эмесе бизге табышмак алты санды чечүү үчүн ирети менен алфавит тартибинде окусаңар, бүгүнкү өтүлчү теманын аты чыгат.

21 – орунда кайсы тамга жайгашкан кыргыз алфаитиде?

Соң – Көл жөнүндө слайд көрүшөт. Бул сүрөттөн эмнелерди көрдүӊөр?

2. Балдар, «көл» деген сөз силерге кандай ассоциация жаратат, ошол сөздөрдү жазабыз.

Силер кандай көлдөрдү билесиңер? Демек, биздин бүгүнкү темабыз « Соң – Көл »(5-мүнөт)


Окуучулар өз пикирин айтышат. Суроолорго жооп беришет.

Сабактын максаттары менен тааныштыруу. (2 мүнөт)

Окуучулар сабактын максаттарын түшүнүшөт.

II. Сабактын негизги бөлүгү

Текст менен иштөө. «Соң - Көл»

Текстти окуганга чейинки тапшырма

Жаӊы сөздөр менен сөздүк слайд аркылуу тааныштыруу: (5 мүнөт)

Аймакта – на территории

Аңыр – красая утка

Каңылтыр – чебак

Тузсуз – не соленный

Жаӊы сөздөрдүн маанисин түшүнүшөт

Текстти тыным менен окутуу. (10 мүнөт)

1- тынымдан кийинки суроо:

  1. Дүйнөдө кандай көлдөр бар?

  2. Соң – Көл кайда жайгашкан?

2 – тынымдан кийинки суроо:

  1. Анын суусу кадай?

  2. Кышында тоңобу?

3 – тынымдан кийинки суроо:

  1. Аймакта кандай куштар кездешет?

  2. Кандай чөптөргө бай?

  3. Кайсы райондун малдары жайылат?

Угуп түшүнүүдөн кийинки суроо: (5 мүнөт)

  1. Соң – Көлдөй кыргыз жергесиндеги көлдөрүбүздү эмне кылышыбыз керек экен?


Окуучулар текстти окуп жана угуп, суроолорго жооп беришет

Текстти дагы бир жолу угуп жатып, кандай деген суроого жооп берген сөздөрдү толуктап жазгыла. (4 мүнөт)

  1. Дүйнөдө кандай көлдөр бар экен?

  2. Суусу кандай экен?


Окуучулар каратма, киринди, сырдык сөздөрдүн маанисин түшүнүп, сүйлөмдөрдө туура колдонушат..


Текстти окугандан кийинки тапшырма (5 мүнөт)

1- көнүгүү Туурасын «Т», катасын «К» менен белгилегиле. Туура Ката

  1. Саматтын апасына белек алганга акчасы жок эле.



  1. Самат кир машинени жууп акча тапты.



  1. Муз чолпуну дүкөндөн сатып алды.



  1. Апаӊа берген белегиӊ ага болгон сүйүүӊ –деди милиционер.



  1. Муз чолпуну апасына белек кылды.



  1. Апасы муз чолпуну секин алды да, ыргытып жиберди.



  1. Самат менен апасы кечки тамагын чогуу ичишти.



Кырдаалдык тапшырма. Топторго тапшырма берилет. (20 мүнөт)

1- «Белек» деген видео тасманы кунт коюп көрүшөт.

2. Тасманы 2-жолку көрүүдө ар бир топтон 5 тен окуучу кезек менен чыгып ролдорду аткарышат.

3. Суроолорго жооп беришет.

  1. Силерге кайсы каарман жакты?

  2. Кайсы каармандын кылганы туура эмес деп ойлойсуӊар?

  3. Эгерде баласынын ордунда болсоӊор эмне кылат элеӊер?

Таяныч материалдар аркылуу окуучулар ролдошуп окуп беришет. Видеотасма аркылуу ойлорун ортого бөлүшүшөт.

Сабакты жыйынтыктоо. (2 мүнөт)

Кайтарым байланыш: Сабакта эмне үйрөндүӊ? Сабакта эмне кызыктуу болду?

Окуучулар өз ой- пикирин желекчелерге жазышып, сабак жакса жылмайган кузга, жакпаса суз тарткан кызга чаптап кетишет

Окуучулардын билимин баалоо (1 мүнөт)

Өзүн –өзү баалоо

Үйгө тапшырма . (1 мүнөт)

Соң – Көл деген темада эссе жазып, сүрөт тартып келебиз.

























Белек

I тыным

Апасынын туулган күнү келип калды, бирок Саматтын апасына белек алганга акчасы жок эле. Ал тургай, майрамдоого да үйдө акча жок болчу.

Эч нерсе эмес, уулум, -деди апасы, -туулган күнүмдү кийинчерээк бир күнү майрамдайбыз.

Самат болсо баары бир апасынын туулган күнүн ушул бүгүн майрамдагысы келди.

«Мен иштеп акча табам да, сөзсүз апама белек алам», – деп чечти Самат.

Апасы ишке кеткен соӊ Самат көчөгө чыкты. Айланасынан жумушка шашып өтүп бараткан улуу адамдарды көрдү. Жакын эле жерде көчө музыканттары ырдап жатышат. Бир кыз флейтада, а башка бирөө кыл кыякта ойноп жаткан. Ушул кезде Самат бир нерсени ойлоп таба койду. Ал үйүнө чуркап барды да, бир мискейди кучагына кысып, колуна кашык кармап жетип келди. Келди да, музыканттардын жанына тура калып, баягы мискейди кашык менен калдыратып ургулай баштады. Ага бул өзүнүн музыкасы абдан жагып жатты, ал тургай бир кезде бийлеп да кирди.

Ошол кезде: «Эй, токтотчу мунуӊду! Сен биздин музыкабызды бузуп жатасыӊ!» – деди баягы музыканттардын бири.

– Мен апама белек сатып алыш үчүн иштеп акча табышым керек, - деп түшүндүрдү Самат.

–Тилекке каршы, сен иштеп акча табыш үчүн али жашсыӊ, - деп каршы болду флейтачы кыз ага. – Башка жакка баргын да, өзүӊө орун таап алып, мискейиӊди каалашыӊча калдырата бер.

Самат аларга таарынды да, мискейин колтугуна кысып ары кетти. Ал жер машинелер токтоп турган жай болчу. Караса, машинелердин баары кир экен. Аларды көрүп, Саматка бир ой келди. Ал үйүнө жөнөдү да, мискейине суу толтуруп, чүпүрөк алып, кайра келди. Анан баягы кир машинелерди жууп кирди.

Ээси келгенде: «Ай- ий, менин машинем кандай таза болуп калган? Ай, жигит, мен сага канча акча карызмын деп айтат» - деп ойлоду.

  1. Самат апасына белек берүү үчүн кандай аракеттерди жасады?

  2. Эмне үчүн Самат музыканттарга таарынды?

  3. Самат андан ары кайда барды жана эмне кылды?

  4. Машиненин ээси Саматка ыраазычылыгын кантип билдирет деп ойлойсуӊар?













II тыным

Бирок кокусунан: – Эй, бала, жогол бул жерден! Менин машинемдин жанында эмне кылып жүрөсүӊ! – деген орой үндү укту. Самат: – Мен апамдын туулган күнүнө белек сатып алыш үчүн акча табайын дегенмин, - деп түшүндүргүсү келди.

Анда тиги адам: « Акча тапкыӊ келсе, каалаган башка жагыӊдан таба бер!» – деп кыйкырды.

Самат аргасыз андан ары кетти. Жолдун аркы өйүзүнөн бир милиционер машиненин айдоочусуна айып салып жатканын көрдү. Аны көрүп, Саматка дагы бир ой келди. Баягы милиционердин жанына чуркап келди да, кайрадан мискейин кашык менен ургулап кирди.

– Акчаӊарды алып бул жакка келгиле! – деп кыйкырды ал айдоочуларга. Аны көрүп, үч машине токтой калды.

– Бул жерде кибиреп эмне кылып турасыӊ? Ары болчу! Минтип жүрсөӊ, машиненин алдында каласыӊ! – дешти айдоочулар.

Милиционер Саматтын далысына колун коюп минтти: «Сен менин жаныма мискейиӊди көтөрүп алып эмне турасыӊ?

– Бүгүн апамдын туулган күнү эле, - деп түшүндүргүсү келди Самат, - белек сатып алуу үчүн акча табайын дегем.

– Акчабы? – деп сурады милиционер. – Акчанын сага кереги эмне? Апаӊа берер сенин белегиӊ – ага болгон сүйүүӊ экенин түшүнбөйсүӊбү? Аны акчага эч жерден сатып ала албайсыӊ!

Самат милиционердин сөзүнө ойлонуп калды да, андан ары кетти. Баары бир апасына кандайдыр бир нерсени белек кылгысы келди. Бирок эмнени .. ?

  1. Машинанын ээсинин кылганы туура деп ойлойсуӊарбы?

  2. Милиционердин Саматка «Апаӊа берер белегиӊ ага болгон сүйүүӊ» деген сөздү кандай түшүнөсүӊөр?

  3. Самат апасына кандай белек берет деп ойлойсуӊар?























III тыным (текстти угуп түшүнүү)

Кокусунан анын көзүнө муз чолпусу көрүнө калды. Ал суу түтүгүнөн ылдый салаӊдап, күндүн нуруна чагылышып, жаркырап туруптур.

«Эх, бул кандай гана кооз неме! – деп ойлонду Самат. – Аны алпарам да, апама белек кылам. Ал мындай кооз нерсени абдан жакшы көрөт».

Муз чолпу суу түтүгүнө катуу жабышып туруптур. Ошентсе да, Самат эки колу менен бекем кармап, жакшылап сындырып алды. Анан аны мискейине бапестеп салды да, үйгө шашып жөнөдү. Келатып, капыстан, кайтадан баягы милиционерге кездешип калды.

– Мен апама белек алдым! – деди ага кайрылып Самат. Милиционер кол булгалады да, жылмайып койду.

Самат үйгө келип, муз чолпуну муздаткычка салып койду. Аӊгыча апасы да келип калды.

– Мен абдан чарчадым, - деп үшкүрүндү апасы. – Кел, балам, батыраак кечки тамагыбызды ичели да, уктап эс алалы.

Самат эч нерсе дебестен, стол үстүнө эки шамды алып келди. Алардын ортосуна табакка салынган баякы муз чолпуну койду.

– Мунуӊ эмнеӊ? – деди апасы таӊ калып.

– Бул – сиздин туулган күнүӊүзгө менин белегим, - деди Самат сыймыктуу.

Апасы муз чолпуну секин алды да, тили менен жалады.

– О-о, абдан даамдуу экен, - деди жылмайып. Анан ал муз чолпуну теӊ экиге бөлдү да, бир бөлүгүӊ табакка салып, Саматка берди, бир бөлүгүн өзүнө калтырды. Самат апасы экөө ошентип, кечки тамагын чогу ичишти да, соӊунда муз чолпуну ыракаттанып соруп коюп отурушту.

– Сага чоӊ ырахмат! – деп ыраазы болду апасы Саматка. – Качантан берки алган белектеримдин ичинен эӊ таттуусу да, коозу да ушул болду!

  1. Самат апасына эмне белек кылды?

  2. Саматтын белегине апасы ыраазы болдубу?

  3. Кандай белек силер үчүн эӊ баалуу?

  4. Апасын сыйлап, кубандырган Саматка кандай баа бересиӊер?



















1. Төмөнкү сүйлөмдөрдү угуп жатып, каратма, киринди, сырдык сөздөр менен толуктагыла. (баалоо: 6х1 = 6)

  1. « , бул кандай гана кооз неме!» – деп ойлонду Самат.

  2. , Самат эки колу менен бекем кармап, жакшылап сындырып алды.

  3. Келатып, , кайтадан баягы милиционерге кездешип калды.

  4. , , батыраак кечки тамагыбызды ичели да, уктап эс алалы.

  5. , абдан даамдуу экен, - деди жылмайып.

  6. Сага ! – деп ыраазы болду апасы Саматка.




2. Туурасын «Т», катасын «К» менен белгилегиле. (баалоо: 7х1 = 7)


Туура

Ката

  1. Саматтын апасына белек алганга акчасы жок эле.



  1. Самат кир машинени жууп акча тапты.



  1. Муз чолпуну дүкөндөн сатып алды



  1. Апаӊа берген белегиӊ ага болгон сүйүүӊ –деди милиционер.



  1. Муз чолпуну апасына белек кылды.



  1. Апасы муз чолпуну секин алды да, ыргытып жиберди.



  1. Самат менен апасы кечки тамагын чогуу ичишти




3. Чачылган сүйлөмдөрдү ирети менен жайгаштыргыла. (баалоо: 5х1 = 5)


Апасы ишке кеткен соӊ Самат көчөгө чыкты.

Ал үйүнө чуркап барды да, бир мискейди кучагына кысып, колуна кашык кармап жетип келди.

Жакын эле жерде көчө музыканттары ырдап жатышат.

Келди да, музыканттардын жанына тура калып, баягы мискейди кашык менен калдыратып ургулай баштады.

Бир кыз флейтада, а башка бирөө кыл кыякта ойноп жаткан.

Ушул кезде Самат бир нерсени ойлоп таба койду.