Просмотр содержимого документа
«7-класс иштелме»
I. Сабактын темасы: Windows жумушчу столу
II. Максаты | Көрсөткүчү |
Билим берүүчүлүк: Windows жумушчу столу боюнча окуучулар түшүнүк алышат. | Windows жумушчу столун көрсөтө алса. |
Тарбия берүүчүлүк: Билгендерин айтып, ой бөлүшүүгө үйрөнүшөт. | Билгендерин айтып, ой бөлүшө алса |
Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын чыгармачылыгы, турмушка болгон көз карашы, өз алдынча иштөө жөндөмдүүлүгү өнүгөт. | Турмушка болгон көз карашы, өз алдынча иштөө жөндөмдүүлүгү ашса. |
III. Жабдылышы: Компьютер, проектор, ватман, маркер доска ж.б.
IV. Сабактын жүрүшү:
а) Уюштуруу
б) Өтүлгөн теманы суроо менен бышыктоо
в) Логикалык суроо: Адам аркасын эмне үчүн карайт? (Анткени аркасында көзү жок)
г) АНАГРАММА
торнимо, ьшым, теринпр - (монитор, мышь, принтер)
V. Жаңы тема: Windows жумушчу столу
Персоналдык компьютерге операциондук система орнотулушу менен жумушчу стол даярдалат. Жумушчу столдо негизинен Мой компьютер (менин компьютерим) жана корзина (калта) жайгаштырылат. Ал эми тейлөөчү программалар топтору колдонуучунун керектөөсүнө жараша
орнотулбашы мүмкүн. Колдонуучу өз талабына ылайык кошумча тармак кызматын тейлөөчү программалар топторун орнотуп алса болот.
А) Корзинада колдонуучу өчүргөн бардык таштанды файлдар жыйналат жана менюлар панелинен файлдардын үстүнөн төмөндөгүдөй операциялар аткарылат:
1 Файл менюсу:
- Очистить корзину- файлдарды өчүрүү
-Закрыть- Корзина программасын жабуу
2. Правка менюсу:
- Отменить удаление –
Файлды өчүрүүнү токтотуу.
-Выделить все – корзинадагы файлдарды белгилөө
VI. Үйгө тапшырма: Windows жумушчу столу
VII. Баалоо