Просмотр содержимого документа
«8-март аялдардын эл аралык күнү»
№2 форма
Сабактын план-конспектиси
3а -КЛАСС
Предмет: Адабий окуу.
Сабактын темасы: 8 – Март - Аялдардын Эл аралык майрамы
Сабактын тиби : Жаңы билимди өздөштүрүү
Колдонулган методдор: Көрсөтүп берүү,түшүндүрүү
Сабактын жабдылышы : Сүрөттөр, таблица, сандар, карточкалар
№ | Максаты: | |
1. | Билим берүүчүлүк: | Окуучулар теманын мазмуну менен таанышат |
2. | Өнүктүрүүчүлүк: | Ой жүгүртүүсүн, эске сактоосун, өнүктүрөт. |
3. | Тарбия берүүчүлүк: | Адептүү, акылдуу, ыймандуу болууга тарбияланышат |
Сабактын журүшү :
№ | Сабактын этабы (убактысы) | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүүлүгү | Компетент түүлүк | Баалоо (калыптан дыруучу баалоонун ыкмасы) эскертүү |
Негизги (НК) | Предметтик (ПК) |
1 | Уюштуруу: 1.1.Саламдашуу | Саламдашат,окуучулардын катышуусун тактайт.Эдупейжге жоктойт | Саламдашат, -окуу куралдарын даярдайт | НК 3 | | |
1.2.Шыктандыруу | Жагымдуу маанай түзөт. | .Ырдоо менен маанайлары көтөрүлөт. Алтын эреже түзүшөт | НК 2 | П К 3 | |
2 | Үй тапшырмасын текшерүү | Күн менен будлуттун кармашы | Өтүлгөн темалардын негизи боюнча суроо-жооп менен бышыктайт . | Н К 2 | П К 3 | |
| Жаңы теманы түшүндүрүү | Окуучуларга жаңы тема жөнүндө кеңири маалымат берет.Эдупейжтен теманы белгилейт. | Жаңы темадагы берилген тапшырмалар ды туура так аткарышат. | Н К 1 | П К 2 | |
4 | Практикалык иш | Тема менен таанышат. Мазмунун түшүнөт. | Жаңы тема менен таанышып түшүнүгүн айтып берүүгө үйрөнүшөт. | Н К 1 | П К 2 | |
5 | Бышыктоо | Суроо жооп иретинде суроо менен бышыктайт | Окуучулар берилген суроолорго жооп беришет. | Н К 2 | П К 3 | |
6 | Баалоо | Окуучуларды билимине жараша баалайт. Эдупейжге да баа коёт. | Күндөлүктөрүнө баа койдурушат | Н К 2 | П К 3 | |
7 | Үй тапшырмасы | 8 – Март Аялдардын Эл аралык майрамы | Өтүлгөн теманы окуп келүү. | | | |
8 | Жыйынтыктоо рефлексия | Бүгүнкү сабакта эмне маанилүү болду? Эмнени үйрөндүк? | Окуучулар үйрөнгөндөрүн айтышат | | | |
Жаңы тема:
8-МАРТ ‒ АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ
1910-жылы Дания мамлекетинин Копенгаген деген
шаарында Аялдардын Эл аралык конференциясы болуп
өтөт. Ага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн аялдардын өкүлдөрү келип катышат. Анда 8-Мартты жыл сайын Аялдардын
тилектештик күнү катары белгилеп турууну Клара Цеткин
сунуш кылат. Ошондон бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бул майрам жыл сайын белгиленип келүүдө.
8-Март ‒ Аялдардын Эл аралык майрамы. Бул майрамды бардык жердеги энелер, кыз-келиндер майрамдашат.
Биздин өлкөдөгү энелер бул майрамды мыкты даярдыкта
өткөрүшөт. Биз аларды майрамы менен куттуктайбыз, белек беребиз.
1. 8-Март ‒ Аялдардын Эл аралык майрамы качан, кайсы жерде негизделген экен?
2. Бул майрамда силер чоң энеңерди, апаңарды, эже-сиңдиңерди кантип куттуктайсыңар? Айтып көргүлөчү.