Тарбиялык саат Мугалим: Абдумалик кызы Акбермет
Темасы : “ Ачуу – душман, акыл – дос”
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк максаты : Ачуулануу сезими адамдарда кадыресе эле сезим
экенин түшүнөт.Ачуулануу сезимиин көзөмөлдөөгө
боло турганын билишет жана ачуулануу сезимин
басуунун жолдорун үйрөнөт.
Өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучлар өздөрүнүн ойлорун так жана даана, эл
алдында ачык айтууга, жактоого, далил келтирип
талкуулоого үйрөнүшөт.
Тарбия берүүчүлүк максаты: Сабырдуу болууга ,топтордо иштөөдө бири-биринин
оюн угуп , өз ара сыйлашууга тарбияланышат.
Сабактын методу : Интерактивдүү метод
Сабактын жабдылышы: Проектор , ноутбук, ватман, маркер, стикер, түстүү барактар ж.б.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу этабы:
а) Саламдашуу
б) Алтын эреже кабыл алуу
Балдар, маанайыңар кандай ?
-Маанайыбызды бир аз көтөрүп алуу үчүн “Мен киммин”оюнун ойнойлу ....
-Мен киммин ...
(Айлана боюнча тизилишип бири-бирине жагымдуу маанай тартуулоо менен “Мен келечектеги врачмын) айтышат . Анда ушул боюнча топко бөлүнөлү.
1) Сабырдуу
2) Чыдамдуу
3) Адептүү деп айтуу менен топко бөлүнөт.
- Азаматсыңар, балдар! Абдан жакшы .Эң башкысы бүгүнкү сабакта баарыңырды маанайыңардын жакшы экендиги мени кубандырууда .
Демек, адамдардын жүзүнөн алардын маанайын билүүгө болот экен . Ал эми жакшы маанай адамдардын ден соолугуна да жагымдуу таасирин тийгизет.Тилекке каршы, биз дайыма эле жакшы маанайда жүрө албайбыз.Себеби, биздин турмушубузда маанайыбызды түшүргөн ар кандай кырдаалдар, окуялар көп кездешет.
Анда мен силер сыяктуу эле баланын маанайы жөнүндө икая айтып берейин.Баарыбыз көңүл буруп угабыз.
- Балдар, силер билесиңерби икая эмне экендигин ?
- Жок
- Икая бул- тарбиялык мааниси бар кыска аңгеме.
( Икая айтылат)
Мына, балдар, бул гүлдүн тешиктерди көрүп турасыңар, бул кайра калыбына келеби?
Адатта, адамдын көңүлүн гүлгө салыштырат эмеспи.Көрдүңөрбү, балдар, адамдардын көңүлүн калтыруу , маанайын бузуу өтө деле кыйын эмес экен.Бирок аны калыбына келтирүү өтө оор.
Анда балдар ,силер айткылачы , бүгүнкү сабакта эмне жөнүндө сөз кылабыз деп ойлойсуңар?Силердин оюңарды угайынчы.
(Окуучулардын жооптору)
-Көңүл калтыруу, таарныч ж.б .
- Азаматсыңар , балдар!
2. Жаңы теманы түшүндүрүү:
Анда бүгүнкү сабагыбыздын темасы : “ Ачуу –душман, акыл –дос”
Балдар , бүгүнкү сабакта “ Ачуу –душман, акыл –дос” деген теманын үстүндө аңгемелешебиз. (Сабактын максаты айтылат)
Анда балдар, азыр топтордо иштейбиз .Балдар, силер айткылачы , адамда кандай сезимдер бар .(Балдар топтордо иштешет)
Ачуулануу Ардануу
Таң калуу Уялуу
Демек, балдар, адамдар ар кандай сезимдерге бай экенин билдик.Ал эми ачуулануу сезими деле башка сезимдердей кадыресе көрүнүш.Ар кандай кырдаалга жараша адамдарда ар кандай сезимдер пайда болот.
Бирок , силер ачуулануу менен башкалардын же бири –бириңердин көңүлүңөрдү калтырбашыңар , оорутпашыңар керек .
Ошондуктан ар бирибиз өзүбүздүн ачуулануу сезимибизди көзөмөлдөшүбүз керек .Бул дагы чоң маданият, адамдагы эң жакшы сапат.
Эми , балдар, силер билисиңерби , ачуулануу эмнеге алып келет?
(Окуучулар жооп беришет)
Туура, балдар , ачуулануу силер айткандай конфликтке , чыр –чатакка алып клет.Ал эми конфликт латын сөзү – бизче которгондо , карама –каршылык , келишпестик дегенди билдирет.Конфликт- бул ар бир адамдын турумушундагы көрүнүш.Ал олуттуу көйгөйгө алып келет.Аны ийгиликтүү чечсе болот .
Анда биздин турумушубузда, жашообузда ачууну келтирүүчү кырдаалдар көп кездешет эмеспи. Анда төмөнкү видиороликке көңүлүңүздөрдү бурабыз.
(Видиоролик көрсөтүлөт)
1) Сюжеттеги каармандардын абалы баарыбызга эле белгилүү болду окшойт.
Кана ,балдар , бул чакан сюжеттин негизинде топтордо иштейбиз.
1-топко тапшырма Окуяга ким күнөлүү .
2-топко тапшырма Бул жерде ким көңүл сырытында калды .
3-топко тапшырма Окуяны кантип жакшы бүтүрсөк болот .
Иштөөгө 5 мин убакыт берилет.
(Окуучулар топто иштешет) Жакташат
Демек , балдар , ар нерсени түшүнүү менен кабыл алып, ачууну башкара билүү толеранттуулукка жол ачат.
Жыйынтыктоо этабы :
Балдар, биздин сабагыбыздын темасында айтылгандай , “ Ачуу –душман, акыл –дос”деп турат.
Кана ,балдар, ушул макалда айтылган ойду чечмелеп көрөлүчү.
Анда эмне үчүн ачуу душман ?
( Окуучулардын ойлорун угуу , макалды талкуулоо)
Мындан башка дагы кандай макалдарды билесиңер?
“Сабырдын түбү- сары алтын”, “Оң колуңдун ачуусун, сол колуң менен бас” ж.б.
Сабакты жыйнтыктоо:
1) Ачууланууга негиз болгон нерселер көп эле кездешет, бирок аны ачууга алдырбай , андан чыгуунун туура жолун табууга аракет кылыш керек.
2) Эгерде конфликт учурунда андан чыр чатаксыз укугунду коргой алсаңар , анда силер коллективдин сый- урматына ээ болосуңар.
3) Ачуулануу – бул берүүчү көрүнүш, бирок ачуулануу учурунда кемсинтүү, бүлдүрүү, урушуу туура эмес.
Үйгө тапшырма : “ Менин планетам” ( Өзүнүн мүнөзүнө анализ)