Ачык сабактын планы. Дата:_________Класс: _________
Предмет:________________
Сабактын максаты:
а) “Күн менен булуттун кармашы” жомогу жөнүндө кеңири маалымат алышып, каармандарды айырмалай алат.
б) Окуучулардын көркөм окуусу,ой жүгүртүүсу, өз оюн айтуусу өнүгөт.
в) Табиятты сүйүүгө, бири-бирине жакшылык кылууга багыт алышат.
Сабактин тиби: Аралаш сабак
Сабактын методдору: Суроо-жооп,түшүндүрүү, көркөм окуу, топтук иш, сахналык көрүнүш.
Сабактын жабдулары: Окуу китеби, Күн менен булуттун сүрөтү, карточкалар.
Баалоонун критерийлери:
Теманы түшүнүп, суроолорго жооп берүү
Тапшырмаларды туура жана толук аткаруу
Өз оюн так жана түшүнүктүү билдирүү
Практикалык иштерде эрежелерди сактоо
Сабакка активдүү катышуу
Сулуу жана катасыз жазуу
Уюштуруу:- 4 мүнөт
Арыбаңыздар, агайын- туугандар!
Көкөтөйдүн ашына дүйнө элин чакырган,
Даңкы алыска кеткен, пейили кенен калың журт,
Касиетүү жети акенин улуу “Сейтек” журту,
Амансыздарбы?
Алтын эреже эстеп кетүү: Бири – бирин сыйлоо,топто иштөдө адилетүү биримдикте болуу, убакытты туура пайдаланабыз, кол көтөрүп жооп беребиз, мугалимди кунт коюп угабыз.
Логикалык суроо: Дүйнөнү эмне куткарат.....(Жакшылык)
24 саат иштекен дүкөндө эмне болбойт.....(кулпу – замок)
Өткөн теманы суроо (үй т.) – 7 мүнөт
Тема: “Бир түйүнчөк акча”, сахналык көрүңүш
Топторго бөлүү – 2 мүнөт. ( Күн жана булут )
Күн — жашоодогу эң негизги цикл.
Күн 365 күндө Жерди толук айланып чыгат. Ошол 365 күн бир жыл деп аталат. Бир жылда 12 ай болот. Күндөн адамдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр жарык менен энергия алышат. Күн болбосо, Жерде жашоо болбойт.
Эгерде асманда булуттар болбосо, Күндүн ысыгы өтө күчтүү болуп, Жердеги суулар кургап калмак. Ошондуктан булуттар да өзүнүн маанилүү ишин аткарат. Алар абаны тазалап, Күндүн ысыгын бир аз тосуп турат. Эгерде булуттар кара болуп, Күндүн нурларын толук тосуп алса, анда суук шамал согуп, жаан-чачын жаайт.
Булут жөнүндө кыскача маалымат
Булут — асманда көрүнүп турган ак же кара түстөгү буу. Ал суу буусунан пайда болот. Булуттар жамгыр, кар жаашына жардам берет. Алар Күндүн ысыгын азайтып, абаны салкын кармайт. Булут болбосо, Жер өтө ысып кетмек.
Туурабы, балдар?
Физминутка – 3 мүнөт. (Musical Map)
Жаңы тема: 15 – мүнөт. Жомокту 2 жолу окуп берүү, андан кийин окуучуларга суроо берүү.
Балдарга суроо: Күн эмнеге шашаты? Сур булут анан өтүнүчүн аткардыбы? Күн эмне үчүн ыйлап жиберди? Булутту ким, кантип сүрүп чыгарды?
Топторго суроо: Бышыктоо 6 мунөт
1-топ Сура
Силер автордон жомоктон эмне сурагыңар келип жатат?
1____________________________________________________________,
2____________________________________________________________,
3____________________________________________________________,
2-топ Оңдоо
Силердин оюңар боюнча, текстте эмнени оңдоо керек?
1____________________________________________________________,
2____________________________________________________________,
3____________________________________________________________,
Баардык окуучуларга суроо берүү:
Балдар биз бүгүн сабагыбыздын максатына жеттиби?
Балдар бүгүнкү сабак түшүнүктүү болдубу?
Силерге сабак жактыбы?
Балоо (5-мунөт) 8- окуучуну грамата менен сыйлоо, 2 шашка, бардык окуучуга мойнуна күүчтү создор менен сыйлоо.
Үйгө – тапшырма(3-мунөт) Жомокту окуп, кыскача мазмунун айтып келүу.