Просмотр содержимого документа
«Адабий окуу видео сабак»
Адабий окуу
Мугалим: Жусупбекова К.
Сабактын темасы: «Эрдик»
Телефон, окуу куралдары жана сүрөттөр
Эрдик-бул тарыхтагы баатырлардын эр журоктугу. Кудай учун, эли учун, мамлекети учун жанын берген баатыр.
Эрдик көрсөткөн баатырлар: Чолпонбай Төлөбердиев, Титов А, Сүйүнбаев, Жумак Курманов, Воедило И, Азимов Рузи жана башкалар.
Дайыр Асанов-1922-жылы 30-майда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жалгыз бала болгонуна карабай, эмгекчил, билимге умтулган зээндүү өспүрүм эле. Ал 1941-жылы мектепти ийгиликтүү аяктайт. Аскерге чакырылганга чейин колхоздо эсепчи жана айылдагы мектепте мугалим болуп иштеген. Асанов Советтик Армиянын катарына 1942-жылдын алгачкы күндөрүндө кошулган.
Дайыр Асанов Улуу Ата Мекендик согушка ошол эле 1942-жылы Сталинград фронтунда аткычтар артиллериялык полкунун 31-танктарга каршы жеңил артиллериялык бригадасында замбирек мээлөөчүсү катары баштаган. Андан соң Дон, Түштүк-Чыгыш, Степной, 2-Украина фронтторунда душман менен салгылашкан. Жаш жоокер каардуу согушта дароо эле эр-жүрөк, тайманбас мүнөзүн көрсөткөн. Жыйырмага жаңы толгон Асанов бүт дүйнөнү каптаган алааматка жаңы эле кадам таштаган кезинде замбиреги менен душмандын танкасын өрттөп, курал-жарак жүктөлгөн унаасын жок кылган. Бул үчүн "Согуштагы эрдиги үчүн" медалы менен сыйланган.
1942-жылдын 26-сентябрдагы Сталинградды душмандан бошотуу үчүн болгон согушта көрсөткөн эрдиги анын атын дагы бир жолу бүт өлкөгө даңазалаган. Ошол күнү Асанов душман менен болгон кармашта төрт танк, алты замбирек, курал ташыган алты унаа жана отузга жакын немис аскерин жок кылган. Асанов бул кармашта эки жолу ок жеп, катуу жаракат алганына карабастан душманга чабуул жасаганды токтоткон эмес. Сталинград алдындагы согушта көрсөткөн эрдиги жана тайманбастыгы үчүн "Кызыл Жылдыз" жана Улуу Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордендери менен сыйланган.
Бирок, Дайыр Асановду согуштагы эң чоң сыноо али алдыда күтүп жаткан эле. 1943-жылы 23-мартта Украинанын Харьков шаарынын алдында болгон кармашта ал болуп көрбөгөндөй эрдик көрсөткөн. Душман советтик армияны туш тараптан каптап келип аёосуз чабуулга өткөн.
Асмандан "жааган" бомбалардан улам советтик аскерлер кыйрап, бир гана Дайыр Асанов башчылык кылган бир нече жоокер тирүү калган. Асанов сан жагынан алда-канча көптүк кылган душманга каршы согуш талаасында жалгыз туруштук берген. Курал башына өзү өтүп, душмандын үч жолку танк менен чабуулун токтотуп, сегиз танкын, үч брондуу унаасын жана кырктай немис аскерин жок кылган. Төрт сааттан ашуун убакыт чегинбей душмандын мизин кайтарган жоокерге советтик бийлик жакшы баа берип Ленин ордени, "Алтын жылдыз" медалы менен сыйлап, Советтер Союзунун Баатыры наамын ыйгарган.
Дайыр Асанов согуштан кийин 1946-жылы Ульяновск танктык окуу жайын, андан соң Ташкенттеги жогорку танктык окуу жайды, 1956-жылы Ленин атындагы аскердик-саясий академияны аяктаган. Билимин өркүндөткөн соң Республикалык аскерий комиссариаттарда жана бир катар аскерий кызматтарда иштеген. 1951-1955-жылдар аралыгында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинде депутат болгон. 1985-жылдан 1996-жылга чейин өз демилгеси менен негиздеген офицер кесибине даярдоочу аскердик-лицейди жетектеген. 2005-жылы ал лицейге Дайыр Асановдун ысмы ыйгарылган. 1994-жылы генерал-майор чининде отставкага чыккан.
Эрдик
Тапшырмалар:
Ушуну менен бүгүнкү видео сабагыбыз аягына келип жетти. Көңүл бурганынар үчүн рахмат!