ОРОЙ-ОДОНОЛУК, ЫКСЫЗ – КҮЛКҮ АДЕПСИЗДИК
Сабактын максаты:
Окуучулар оройлук, одонолук, ыксыз күлкү адепсиздик сапаттар экендигин түшүнүшөт.
Сабактын жабдылышы:
Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.
Сабактын жүрүшү:
1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.
Адам баласынын адептүүлүгү сүйлѳгѳн сѳзүнѳн, баскан-турганынан, бирѳѳгѳ жасаган мамилесинен билинет. Элибизде сѳз бар эмеспи “Тарбиянын жакшысы –таалайдын ачкычы” деген. Демек, биздин жакшы тарбиябыз бактылуу, таалайлуу ѳмүр кечиришибизге ѳз таасирин тийгизээриталашсыз. “Жакшы сѳз жан эргитет, жаман сѳз жан кейитет” деген макалдын түпкү маңызы да ушул багытта. Ар дайым адамдарга сылык-сыпаа мамиле кылышыбыз керек.
Оройлук, бирѳѳгѳ одоно мамиле жасоо, корс тийүү - бул тарбиясыздыктын, адепсиздиктин белгиси. “Кѳйнѳктүн кирин жууса кетет, кѳңүлдүн кирин айтса кетет” дегендей, адам кѳңүлү ѳтѳ назик, аны одоно мамиле, орой адам оорутуп алат. Зѳѳкүрлүктүн кесепетинен адам мүнѳзү жабыркайт, жек кѳрүүнү пайда кылат. Орой, корс адам бирѳѳлѳр менен жакшы мамиле түзѳ албайт, анткени анын чорт мүнѳзү ѳз таасирин тийгизет.
Ыксыз күлүү да ушундай терс сапаттардын катарында. Элибизде “Күлкү - ден соолуктун мүлкү” деген сѳз бар. Туура мунун чындыгы бар. Анткени адам жайдары турмушта жашаса, кайгы тартпаса, ар дайым күлүп жүрсѳѳмүрү узун болот. Бирок күлкүнүн да чеги болуш керек. Чектен сырткары, ыксыз күлүү адепсиздик болуп саналат. Ѳзүңдѳн-ѳзүң эле, болбогон нерсеге күлѳ берсең айланаңдагылардын сын кѳзүн ойготосуң. Жек кѳрүү сезимин жаратып, ыңгайсыздык туудурасың.
Кѳпчүлүкменен чогуу олтурганда эки адам эч качан биригип алып шыбырашып, каткырып күлѳ бербеш керек. Анткени жаныңдагы адамды сѳз кылып жаткандай туюлат. Кѳпчүлүктүн шектенүүсү ойгонот. Сага болгон сый урматы жоголот. Ошондуктан, окуучум, оройлуктан, ыксыз күлкүдѳн ѳзүңдү алыс карма. Сылык анан оор-басырыктуу бол.
2-кадам: Текст окулуп, талкууланат.
Күлкүнүн кесепети
Талгат кечинде бир туугандары менен апендинин жоруктарын айтып күлүп олтурушту. Отуруш аябай кызыды. Классташтарынын жоруктарын, дагы башка күлкүлүү окуяларды айтышып, кызыганынан уктап жаткан ата-энеси эстеринен чыгып кетти.
Кѳп кабаттуу үйдѳ жашагандыктан кошуналарынын да уйкусу бузулду. Бир убакта эшикти каккылап кошунасы балдардын атасына арызданды. Балдарына ачуусу келген атасы кѳчѳгѳ чыгып күлүп келгиле деп сыртка чыгарып, эшикти ичинен жаап алды.
Кыштын күнү, түн бир маал алар суукка үшүп, бир чети коркуп күлкүнүн кесепетин аябай тартышты. Алар атасына экинчи ыксыз күлбѳгѳнгѳ сѳз беришти.
Суроолор:
Орой адам менен мамиле түзүп кѳрдүң беле?
Кайсыл учурда күлүү керек экен?
Талгатты атасы эмне үчүн бир туугандары менен сыртка айдап чыкты?
3-кадам: Залкар ойлор талкууланат.
Залкар ойлор
Күлгѳндү билбесең ыржайба.
Күлкү - ѳмүргѳ күлазык.
Күлкүнүн да чеги болот,
Күйүп калып жүрбѳгүн.
Күлгѳндүн баары дос эмес,Урушкандын баары кас эмес.
Орой уруш десе уугун, кериш десе керегесин ала чуркайт.
Элден
Үйгө тапшырмалар:
“Орой менен достошпо”, “Ыксыз күлүү - адепсиздик” деген темада ой толгоо жазгыла.
Залкар ойлорду талкуулагыла.
3