СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Алиппе": "Пп" тыбышы

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Алиппе" сабагынан "Пп" тыбышынын иштелмеси.

Просмотр содержимого документа
«"Алиппе": "Пп" тыбышы»

Өтүлгөн күнү: 23.10.2020

Классы: 1-з

Сабактын темасы: “Пп” тыбышы

Негизги компетенттүүлүктөр:


  1. Маалыматтык:


  1. Социалдык-коммуникативдик:


  1. Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү:




Сабактын тиби: Жаңы материалдарды өздөштүрүү


Сабактын формасы: аралаш


Колдонулуучу ыкмалар: Түшүндүрүү, аңгемелешүү, суроо-жооп, анализ-синтез, интерактивдүү


Керектелүүчү каражаттар: түстүү сүрөттөр, видео


Предмет аралык байланыш: мекен таануу, жазуу, математика

Сабакттын максаттары:


Көрсөткүчтөр:


1

Билим берүүчүлүк:

-Ар бир окуучу “Пп” тыбышы менен таанышып, сөздөрдү таап, сүйлөмдөрдү түзө алышат;

-Берилген сөздөрдү муундап жана шар окуй алышат.

Ар бир окуучу “Пп” тыбышы менен таанышып, сөздөрдү таап, сүйлөмдөрдү түзө алышса;

- Берилген сөздөрдү муундап жана шар окуй алышса.


2

Өнүктүрүүчүлүк:

-Ар бир окуучунун ой- жүгүртүүсү, кабыл алуусу жана көңүл буруусу калыптанат.

-Сөз байлыгы өнүгөт.

-Ар бир окуучунун ой- жүгүртүүсү, кабыл алуусу жана көңүл буруусу калыптанса.

-Сөз байлыгы өнүксө.


3

Тарбия берүүчүлүк:

Ар бир окуучу тапкычтыкка, тазалыкка жана алган билимдерин турмушта пайдаланууга тарбияланышат.



Ар бир окуучу тапкычтыкка, тазалыкка жана алган билимдерин турмушта пайдаланууга тарбияланышса.





Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Ар бир окуучунун сабакка катышуусун контролдоп, топтук иштөө менен жагымдуу маанай түзүү.

Кайталоо:

  1. Тыбыш деген эмне?

  2. Тамга деген эмне?

  3. Биз буга чейин кайсы тыбыштар менен тааныштык?

  4. К, Л, М тыбыштары кандай тыбыштар?



Жаңы теманы түшүндүрүү:

Аңгемелешүү:

  • Сүрөттөн эмнелерди көрүп турасыңар?

  • Балдар кайда келишти?

  • Ал жактан эмнелерди көрүштү?

Туура, балдар зоопаркка келишти. Ал жактан көп жаныбарлар менен таанышышты ээ. Эң чон жаныбар пилди көрүштү.

  • Пил деп айтканда кулагыбызга биринчи кайсы тыбыш угулуп жатат?

  • П тыбышы

П тыбышы- деп 3 жолу айтып көргүлөчү:

Мына, п тыбышын айтып жатканда ичибизден чыккан аба тоскоолдукка учурап шыбыштардын жардамы менен айтылып жатат. Демек, бул каткалаң үнсүз тыбыш.

Кана, анда “П” тыбыш сөздүн башына, ортосуна жана аягына келгендей кылып сөздөрдү табалы.

Эс алуу мүнөтү:

Бүкүрөйбөй түз туруп,

Кана, эмесе туралы.

Учуп жүргөн куштарды

Өйдө туруп туурайлы.

Бир дегенде колубуз,

Көтөрүлөт асманга,

Эки десе кечикпей,

Кайра түшөт капталга.

Бышыктоо:

1. Топ деген сөзгө тыбыштык талдоо жүргүзөлү:

- топ-1 муун, 3 тыбыш, 3 тамга. 2 үнсүз тыбыш, 1 үндүү тыбыш.

Парта деген сөздү да муунга бөлүп, сүйлөм түзөбүз. Талдайбыз.

2. Сөздөрдү окуйбуз.

3. Сүйлөмдөрдү толуктайбыз.

Жыйнтыктоо:

“Муундардан сөз түзүү” оюнун ойноо.



Тапшырма:

27-бет

Сөздөрдү окуу.

Баалоо: Ар бир окуучуга стимулдук баа берүү.