Предмет мугалими: Маданбекова С.
Классы: 8
Мөөнөтү: 03.03.2023-жыл.
Сабактын темасы:
Аныктоочтун грамматикалык түзүлүшү
Сабактын максаттары:
БИЛИМ БЕРYYЧYЛYК МАКСАТЫ | ӨНҮКТҮРҮҮЧҮЛҮК МАКСАТЫ | ТАРБИЯЛЫК МАКСАТЫ |
Аныктооч деген эмне жана анын суроолору, сүйлөмдөгү орду жана грамматикалык түзүлүшү жөнүндө маалымат алышат. | Сүйлөө жана жазуу кебине аныктоочторду туура пайдалануу менен оюн так, жеткиликтүү, элестүү берүүгө атайын мугалим тарабынан даярдалган көнүгүүлөрдү аткарышат. Логикалык ой жүгүртүүгө, тапкычтыкка, тартынбастыкка үйрөнүшөт. Атайын суроолорду жана көнүгүүлөрдү туура, катасыз, берилген убакыттын ичинде иштөөгө көнүгүшөт. | Сабакта окуучулар бири-бирин сыйлоого, топ менен иштөөгө, улуттук баалуулуктарды сүйүүгө, сабакта алган билимдерин турмушта колдоно алууга тарбияланышат. |
ЖОГОРУДАГЫ МАКСАТТАРГА ЖЕТТИК ДЕП ЭСЕПТЕЙБИЗ, ЭГЕРДЕ ОКУУЧУ |
Өтүлгөн тема тууралуу мугалим тараптан берилген суроолорго жооп бере алышса, сүйлөм же тексттин ичинен аныктоочторду таап, жеке өздөрү мисалдарды келтире алышса; | Өз ойлорун жеткиликтүү жана так айтып бере алышса, тексттеги көркөм сөз берметтерин өзүлөрүнүн сүйлөө чеберчилигине кошуп сүйлөшсө, мугалим берген тапшырмаларды туура жана чыгармачылык менен аткарып бере алышса; | Сабактан алган маалыматтарды өз турмушунда пайдалана алышса,сабактын жүрүшүндө бири – бирин сыйласа, алтын эрежелерди сактаса, досторун сүйө алса жана сабакта топтор менен иштөөдө ынтымактуулук менен мамиле жасап, бири- бирин сыйлашса; |
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр
Тилдик компеттенттүүлүк | Аныктоочтун грамматикалык түзүлүшү жана анын сүйлөм ичинде орун тартибин туура уюштура алат; Аныктоочту уюштурган сөздөрдү иликтеп билип, синтаксистик талдоо жүргүзөт; |
Кептик компетенттүүлүк | Маалымат алмашууда, карым-катыш жасоодо сөз күчүн дагын да таасирдүү кыргыз орфоэпиясынын эрежелеринин негизинде берүүгө жетишет; |
Маданий компетенттүүлүк | Кеп маданиятына ээ болуу менен теориялык билимдерин практикада колдонууга аракеттент; |
Сабактын тиби: аралаш сабак
Сабактын формасы: жекече иштөө,топ менен иштөө
Сабакта колдонулуучу методдор жана
ыкмалар: интерактивдүү, дедиктивдүү
Сабактын башка илимдер менен болгон байланышы: кыргыз адабияты, искусство, адеп, маданият жана башка
Сабактын жабдылышы: таркатма материалдар, маркер, проектр, окуу китептери, слайддар, ар кандай көрсөтмө куралдар
Сабактын түзүлүшү:
№ | САБАКТЫН ТҮЗҮЛҮШҮ | МУГАЛИМДИН АРАКЕТИ | ОКУУЧУНУН АРАКЕТИ | НК\ПК | УБАГЫ |
1 | Уюштуруу | Окуучулар менен саламдашуу, окуучуларды жоктоо, класстын тазалыгына көңүл бөлүү, алтын эрежелер менен тааныштыруу, баалоо системалары менен тааныштыруу, топторго бөлүү, сабакты жандандыруу максатында жагымдуу маанай уюштурулат. | Мугалим менен саламдашып, сабакка даярданышат. Класстын тазалыгын көзөмөлдөп, алтын эрежелерди эске салышат, баалоо системасы менен таанышышат, мугалим тараптан берилген жагымдуу маанайдын шартын аткарышат. | НК1 ПК2 | 3 мүнөт |
2 | Үй тапшырмасын суроо | Таркатмаларда жазылган сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн табуу үчүн окуучулардын колдоруна берилет. | Окуучулар мугалим тараптан берилген таркатмалардагы сүйлөмдөрдүн баш мүчөлөрүн таап, жооп беришет. | НК2 ПК1 | 4 мүнөт |
3 | Жаңы темага киришүү | Окуучуларды сабакка чакыруу максатында кызыктуу суроолорду берүү аркылуу теманы табат. | Окуучулар кызыктуу суроолорго жооп берип, жаңы тема эмне экенин айтышат. | ПК2 | 2 мүнөт |
4 | Жаңы теманы өтүү | Окуучуларга слайд аркылуу айкындооч мүчөлөр, аныктоочтун грамматикалык түзүлүшү жөнүндө маалымат берилет. | Окуучулар слайддан көргөн маалыматтарын мугалимдин лекциясы аркылуу толукташат; | НК3 ПК1 | 10 мүнөт |
5 6 | Бышыктоо № 1 Бышыктоо №2 | Үч топко сабактын үч түрү боюнча тапшырмалар берилет. 1 – топко: 2– топко: 3 – топко: Үч топко экинчи тапшырма kahoot аркылуу берилет. | Мугалим берген тапшырмалардын үстүндө иштешет. Жеке жана жуп менен иштешет. | НК2 ПК1 ПК3 | 13мүнөт |
7 | Теманы жыйынтыктоо. Рефлексия: | Мугалим кошумча маалыматтарды айтуу менен теманы жыйынтыктайт. Ошондой эле окуучуларды даяр доскадагы жыйынтыктоочу барактардын жанына чакырып, оюн угулат. | Окуучулар мугалимди кунт коюп угушат жана керектүү маалыматтарды дептерлерине жазып алышат. Бүгүнкү сабактан кандай маалыматтарды билгенин ар бир окуучу билгизет. | НК2 ПК1 | 3мүнөт |
8 | Баалоо жана кайтарым байланыш | Сабакта активдүү катышкан окуучуларды жана топту баалоо; Окуучулардын бирин – бири баалоосу; | Күндөлүккө баа алышат. | НК2 ПК3 | 4 мүнөт |
9 | Үй тапшырмасын берүү | Окуучулар менен коштошуп, үй тапшырмасын берүү; | Окуучулар үй тапшырмасын алышат жана күндөлүктөрүнө белгилешет; | | 1 мүнөт |
- Уюштуруу 3 мүнөт: Саламатсыңарбы, балдар?! Отургула! Баарыбыз китеп, дептер, калемдерди жана күндөлүгүбүздү алып, сабакка даярданабыз. Ага чейин бүгүн сабакта ким нөөмөтчү? Бүгүн сабакта кимдер жок? Демек, баары толук, эң сонун! Анда баарыбыз сабакка киришүүдөн алдын сабактагы алтын эрежелер тууралуу таанышып алалы.
Демек, бүгүнкү сабакта баарыбыз:
Кол көтөрүп гана сүйлөйбүз;
Мугалимдин сөзүн кунт коюп угабыз;
Дептерлерибизге жазабыз;
Уюлдук телефондорубузду үнсүз абалга келтиребиз!
Жагымдуу маанай Балдарды топторго бөлүп алуу жана жагымдуу маанай түзүү үчүн “мозаика” көнүгүүсүн ойнотуу.
Төмөнкү үч сүрөттү ар бирин алты бөлүккө бөлүп, окуучуларга таратылат. Окуучулар сүрөт бөлүктөрүн чогултуу менен бир бүтүн сүрөттү жасап чыгышат. Ошол сүрөттөр аркылуу топторго бөлүнүшөт.
Срөттөрдү карап балалык кез кандай деген суроонун негизинде ой бөлүшөт.
“Аракетчил” тобу
“Билерман”тобу
“Окурман”тобу
Үй тапшырмасын суроо 4 мүнөт.
Балдар, азыр үй тапшырмасын сурап алуу үчүн колуңарга таркатмалар таратылат. Ушул таркатмаларда ,бирден сүйлөм жазылган. Тобуңар менен чогуу сүйлөмдөрдүн баш мүчөлөрүн (ээ, баяндооч) таап астын сызып коёсуңар.
1-топ. Эртеңден баштап бардык жаштар ишке киришмек болушту. (жаштар –сүйлөмдүн ээси, киришмек болушту - баяндооч)
2-топ. Тизмектелген Ала-Тоонун чокуларына күн нурун чачты. (күн-сүйлөмдүн ээси, чачты- баяндооч)
3-топ. Ал кажы-кужу сөздү уккусу келген жок. (Ал-сүйлөмдүн ээси, жок - баяндооч)
Аткарып бүткөн соң, оозеки жооп берип бааланат.
Окуучуларга берилүүчү суроолор:
Жаңы темага киришүү 2 мүнөт: Төмөнкү кызыктуу суроолорго жооп берүү менен силер азыр теманын атын таба аласыңар
№ | Суроолор | Ыр | Эпос | Проза |
1 | А.Осмонов “Ата журт” | А | Ж | К |
2 | “Манас” | Т | Н | К |
3 | Ч.Айтматов “Эрте келген турналар” | Р | О | Ы |
4 | “Кожожаш” | Й | К | Т |
5 | А.Токомбаев “Жараланган жүрөк” | У | Ж | Т |
6 | “Эр Табылды” | Ы | О | Т |
7 | Ш.Дүйшеев “Эне тилин унуткандар” | О | У | Ю |
8 | С.Рысбаев “Балык балдар же көл жээгиндеги түнкү кум сепилдер” | М | Е | Ч |
Жаңы теманы өтүү 10 мүнөт: - Демек, биз бүгүн силер менен биргеликте кыргыз тили сабагынан дал ушул “Аныктоочтун грамматикалык түзүлүшү” деген теманы өтөбүз. Дептерлерибизге бүгүнкү дата менен биргеликте теманы жазып алабыз.
ПЛАН №1. Окуучуларга айкындооч мүчөлөр, аныктоочтун грамматикалык түзүлүшү боюнча слайддан түшүндүрүлөт.
Окуучулар сүрөттөр аркылуу жаны темага мисалдарды келтиришет.
Мисалы. сүрөттөн алма көрүшсө, алмага аныктоо киргизүүүчүн кызыл алма же бир алма деп сөз айкашын түзүшөт.
Куу (кандай?) түлкү Бир (канча?) гүл
_____________________________________________________________________________________________________________
Бышыктоо (№1) 5мүнөт. Окуучулардын колдоруна төмөнкү тексттер берилет. Текстте аныктооч сөздөр сүрөт менен берилген аларды маанилик жана грамматикалык жактан дал келтирип коюп чыгышат.
1 – топко:
2 – топко:;
3 – топко:
Бышыктоо (№2) 5 мүнөт. Төмөнкү Kahoot программасынын жардамы менен тесттин суроолоруна жеке мобилдик телефондорунда жооп беришип, жаңы теманы бышыкташат. Өздөрүн жеке баалашат.
Теманы жыйынтыктоо. Рефлексия 3 мүнөт.
Мугалим жыйынтыктайт: Демек, балдар,бүгүн силер менен “Аныктоочтун грамматикалык түзүлүшү” деген тема өттүк . Азыр силер (төмөндөгү сөздөр) илинип турган үч сөздүн кайсынысы силердин бүгүнкү сабактан алган жыйынтыгыңарга дал келсе, ошол барактын жанына келип турасыңар. Ичиңерден бир-эки окуучу кайсыл баракка келип турганын айтып берет.
1-баракта “Мага сабак жакты” деген жазуу бар.
2-баракта “Мага сабак жакты, бирок...” деген жазуу бар.
3-баракта “Мен сабакты түшүнгөн жокмун” деген жазуу бар.
Баалоо жана кайтарым байланыш 4 мүнөт:
Окуучуларды жеке баалоо: Берилген суроолорго жооп берүү менен колдоруна канчалык деңгээлде туура же ката жообун аныктоо үчүн быйтыкчалар берилет.
Kahoot программасы аркылуу өздөрүн жеке баалашат.
Топтук баалоо, топ ичинде окуучулар канчалык көп быйтыкча чогултса ошого жараша бааланат.
Жыйынтык баалоо.
Үй тапшырмасын берүү 1 мүнөт:
Ар бир топтон бирден окуучу чыгып, үй тапшырмаларын түстүү кагаздардан тандап алат.
1-топ. Аныктооч сөздөрдү катыштырып 5 сүйлөм түзүп келүү.
2-топ. Аныктооч катышкан 5 макал жазып келүү.
3-топ. 2 сүйлөмгө аныктоочторду катыштырып түзүп, синтаксистик талдоо жүргүзүү.
Мугалим: - Ушуну менен биздин бүгүнкү сабагыбыз өзүнүн жыйынтыгына келип да жетти, кайрадан кийинки сабактардан көрүшкөнчө саламатта баргыла!