Ата – энелер менен болгон байланыш
Мектептер натыйжалуу кызматташуу үчүн ата – энелерди өз ишмердүүлүгүнө тартуу боюнча стратегияларды аныктап, иштеп чыгат.
Мектептин өкүлдөрү, ата – энелер, коомчулук өнөктөштөрү окуучулардын кызыкчылыгы үчүн биргеликте иш алып баруунун артыкчылыгын түшүнүүлөрү абдан маанилүү. Бул максаттарга жетүү үчүн мектеп жетекчилери, мугалимдер, башка кызматкерлери ата – энелерди тартуу боюнча бирдей көз карашта болуулары зарыл.
Көз караш – бул окуучулардын мыкты натыйжаларга жетишүүлөрү үчүн мугалимдерди, окуучуларды, коомчулук жана үй – бүлө мүчөлөрүн бириктирип, шыктандыруу максатында эмнеге жетишүүгө умтулары тууралуу өз пикирин так баяндоосу. Бул тууралуу мектеп коомчулугуна маалымат берилүүсү кажет.
Ата – энелерди мектепке тартуу максаты тууралуу жалпы түшүнүктү талдоо үчүн мектеп жана коомчулук төмөнкү суроолорго жооп берүүлөрү керек:
Мектеп миссиясы ата – энелердин катышуусунун маанилүүлүгүн эсепке алабы? Миссия ата – энелердин катышуусу үчүн негиз боло алабы?
Мектеп ата – энелердин катышуусу боюнча программа иштелип чыкканбы?
Мектеп программаларына жана тейлөөлөрүнө ата – энелердин катышуусун жогорулатуу үчүн пландар, жол – жоболору иштелип чыкканбы?
Мектепте ата –энелер үчүн достук мамиле, жылуу чөйрө түзүлгөнбү?
Мындан тышкары, мектеп жетекчилиги ата – энелерди тартуу боюнча күтүлүүчү натыйжаларды иштеп чыгып, ишти жакшыртуу үчүн мектептин жөндөмдүүлүгүнө баа бериши керек. Ата – энелерди тартуу боюнча сапаттуу түзүлгөн программанын күтүлүүчү натыйжаларынын төмөндө берилген тизмеси сиздерге өзүңүздөрдүн программаңыздардагы күтүлүүчү натыйжалардын көрсөткүчтөрүн иштеп чыгууга жардам берет.
Ата – энелерди тартуу боюнча сапаттуу түзүлгөн программанын күтүлүүчү натыйжаларынын тизмеси
№
Күтүлүүчү натыйжалар
1
Ата – энелер мектептин иш – чараларына катышышат.
2
Окуу жылы ичинде мектептин иш – чараларына катышкан ата – энелердин саны өсөт.
3
Мугалимдер ата – энелерди балдарын үйдө жана мектепте окутууга тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
4
Мектептин веб барагына канча ата – эне кирип жаткандыгын аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүлөт.
5
Ата – эне мектептин миссиясын түшүнөт.
6
Ата – энелер сурамжылоолорго катышуу менен мектептин ишмердүүлүгүн жакшыртууга өз салымын кошот.
7
Мектептин шарты, чөйрөсү окутууга, окуучулардын жетишкендиктерине, жыргалчылыгына багытталат. Ал интерактивдүү болуп, дайыма өзгөрүп турат.
8
Окуучунун жетишүүсүнө өзгөчө көңүл бурулуп, мугалим менен ата – эненин ортосунда дайыма диалог болуп турат.
9
Мектеп үй – бүлөлүк жагдайларды жакшы түшүнүп, балдар мене ниш алып барууну жакшыртуу боюнча сунуштарды берип турат.
10
Мектеп окуучулардын жетишүүсү жана иш – чаралар тууралуу ата – энелерге маалымат берип турат.
«Мектептин кызматкерлери ата – энелер менен иш алып барууга даяр болушу керек. Мектеп жетекчилиги ата – энелерди тартуу боюнча иш алып барган мугалимдердин, китепканачылардын жана башка кызматкерлердин билимин, жөндөмдүүлүгүн, ишенимин жогорулатууга шарт түзөт. Алар ата – энелерди тартуунун натыйжалуу стратегияларын колдонуу боюнча өз кызматкерлеринин профессионалдык өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Мисалы: мугалимдер үйдө да, мектепте да окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө арналган иш – чараларга ата – энелерди кантип тартуу керек экендигин үйрөнө алышат. Мындан тышкары, мектептер мугалимдер үчүн ар кандай тармактар боюнча уюштурулган квалификациясын жогорулатуу курстарына өнөктөштөрүн чакыра алышат. Мектеп кызматкерлери ата – энелер үчүн иш – чараларды уюштуруу жана өткөрүү убактысын пландаштырат.
Мектептер ата – энелердин жана балдардын кызыгууларын, муктаждыктарын, эмнеге артыкчылык берерин аныктап алышы керек. Директорлор менен мугалимдер ата – энелердин кызыгууларына, муктаждыктарына баа берүү үчүн окуучулардын окуусуна жана жетишүүсүнө байланышкан сурамжылоолорду колдоно алышат. Мындай иликтөөлөрдүн натыйжалары мектеп өкүлдөрүнө ата – энелер менен байланыш түзүүнүн таасирдүү ыкмаларын тандап, аларды тартуу үчүн биринчи кезекте аткарыла турган иш – аракеттерди аныктап алууга жардам берет. »