СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Австралия материги

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Австралия материги боюнча маалымат ала алышат

Просмотр содержимого документа
«Австралия материги»

Австралия

Австралия

Австралия (континент)  (лат. Australia түштүк) Аянты 7631,5 миң км2 (аралдары менен кошо 7704,5 миң км2). Калкы 20,4 млн (2004). Эң түндүк чегин Йорк (10°41' түш. к.), түштүгүн Саут-ИстПойнт (39°11' түш. к.), батышын Стип-Пойнт (113°05' чыгыш уз.), чыгышын Байрон (153°34' чыгыш уз.) тумшуктары түзөт. Чыгыш жээгин  Тынч океандын  деңиздери (Тасман, Коралл), түндүгүн Арафура деңизи, батышы менен түштүгүн Инди океаны чулгайт. 
  • Австралия (континент)  (лат. Australia түштүк) Аянты 7631,5 миң км2 (аралдары менен кошо 7704,5 миң км2). Калкы 20,4 млн (2004). Эң түндүк чегин Йорк (10°41' түш. к.), түштүгүн Саут-ИстПойнт (39°11' түш. к.), батышын Стип-Пойнт (113°05' чыгыш уз.), чыгышын Байрон (153°34' чыгыш уз.) тумшуктары түзөт. Чыгыш жээгин  Тынч океандын  деңиздери (Тасман, Коралл), түндүгүн Арафура деңизи, батышы менен түштүгүн Инди океаны чулгайт. 
Тарыхы Голландиялык саякатчы 1642-1643-жылдары Абель Тасман Австралияныайланып сүзүп өткөн. Ошондой эле Жаны Зеландияны да ачкан. Австралия өзүнчө материк экендигин жана Антарктида материгинин бөлүгү эместигин аныктаган.

Тарыхы

  • Голландиялык саякатчы 1642-1643-жылдары Абель Тасман Австралияныайланып сүзүп өткөн. Ошондой эле Жаны Зеландияны да ачкан. Австралия өзүнчө материк экендигин жана Антарктида материгинин бөлүгү эместигин аныктаган.
18-кылымдын экинчи жарымында англиялык саякатчы-изилдөөчү Джеймс Кук 1768-1770 ж.ж. Австралиянын чыгыш жээктерин ачкан. Андан кийин материктин түштүк чыгыш жээгинде Сидней шаарын негиздешкен.
  • 18-кылымдын экинчи жарымында англиялык саякатчы-изилдөөчү Джеймс Кук 1768-1770 ж.ж. Австралиянын чыгыш жээктерин ачкан. Андан кийин материктин түштүк чыгыш жээгинде Сидней шаарын негиздешкен.
19 кылымдын орто ченинде алтындын бай кендиринин ачылышына байланыштуу Австралияга «бакыт издоочулор» коп келе башташкан. 19 кылымдын аягында 1871 1872-жж. Австралияда орус саякатчысы, Н.Н. Михлуко-Маклай изилдоо иштерин жургузгон.
  • 19 кылымдын орто ченинде алтындын бай кендиринин ачылышына байланыштуу Австралияга «бакыт издоочулор» коп келе башташкан. 19 кылымдын аягында 1871 1872-жж. Австралияда орус саякатчысы, Н.Н. Михлуко-Маклай изилдоо иштерин жургузгон.
Табияты Австралия дүйнө жүзүндөгү эң жапыз материк; деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 215 м. Аймагынын 95%ке жакын аянтынын бийиктиги 600 мден ашпайт. Материктин чыгыш бөлүгүн жалпак чокулуу, бири биринен обочо жайгашкан тоолордон турган Чоң-Суу-Бөлгүч кырка тоосу ээлейт. Анын чыгыш капталы тик, батышы жантайыңкы дөбө-дөңсөөлүү (даунстуу). Эң бийик жери Австралия Альп тоолорундагы Косцюшко чокусу (2228 м). Материктин орто бөлүгүндөгү Борбордук ойдуңундагы Эйр-Норт көлүнүн бети деңиз деңгээлинен 12 м төмөн жайгашкан (Австралиянын эң чуңкур жери).

Табияты

  • Австралия дүйнө жүзүндөгү эң жапыз материк; деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 215 м. Аймагынын 95%ке жакын аянтынын бийиктиги 600 мден ашпайт. Материктин чыгыш бөлүгүн жалпак чокулуу, бири биринен обочо жайгашкан тоолордон турган Чоң-Суу-Бөлгүч кырка тоосу ээлейт. Анын чыгыш капталы тик, батышы жантайыңкы дөбө-дөңсөөлүү (даунстуу). Эң бийик жери Австралия Альп тоолорундагы Косцюшко чокусу (2228 м). Материктин орто бөлүгүндөгү Борбордук ойдуңундагы Эйр-Норт көлүнүн бети деңиз деңгээлинен 12 м төмөн жайгашкан (Австралиянын эң чуңкур жери).
Хамерсли Батышы бөксө тоолуу (400-500 м); көптөгөн кырка жана супа сымал тоолордон турат: Стерлинг Кимберли Мак-Донелл

Хамерсли

  • Батышы бөксө тоолуу (400-500 м); көптөгөн кырка жана супа сымал тоолордон турат:

Стерлинг

Кимберли

Мак-Донелл

Климаты Австралия Жер шарындагы эң кургакчыл материк. Суммардык күн радиациясы жогору (жылдык өлчөмү 5880ден 7500 МДж/м 2 ге чейин). Материктин аймагынын жарымынан көбү тропиктик, түндүк чет жакасы субэкватордук, түштүгү субтропиктик климаттык алкактарда жайгашкан. Субэкватордук климаттык алкакта жайкы муссон (жылдык жаан-чачындын 70%ке жакыны жаайт) жана кышкы кургакчыл сезон даана байкалат. Абанын жайкы орточо температурасы 28-30°С (кээде 40°Сден ашат, абсолюттук максимуму 53,1°С), кышында 12-20°С (кээде абанын кескин муздашы да байкалат).

Климаты

  • Австралия Жер шарындагы эң кургакчыл материк. Суммардык күн радиациясы жогору (жылдык өлчөмү 5880ден 7500 МДж/м 2 ге чейин). Материктин аймагынын жарымынан көбү тропиктик, түндүк чет жакасы субэкватордук, түштүгү субтропиктик климаттык алкактарда жайгашкан. Субэкватордук климаттык алкакта жайкы муссон (жылдык жаан-чачындын 70%ке жакыны жаайт) жана кышкы кургакчыл сезон даана байкалат.

Абанын жайкы орточо температурасы 28-30°С (кээде 40°Сден ашат, абсолюттук максимуму 53,1°С), кышында 12-20°С (кээде абанын кескин муздашы да байкалат).

Топурагы Австралиянын басымдуу бөлүгүндө, өтө кургакчыл ички аймактарында тропик жана субтропиктин чөл жана жарым чөлдөрүнүн жөнөкөй топурактары кеңири таралган. Батыш Австралияда таштак, темирлүү конкрециялык топурактар, Борбордук ойдуңдун түздүктөрүндө кумай-чопо жана чополуу, туздуу көлдөрдүн тегерегинде шортоң топурактар үстөмдүк кылат. Нымдуураак жана латериттешүү боло баштаган сайын чөлдүн жөнөкөй топурактары жарым чөлдүн кызгылт-коңур жана саваннанын кызыл-коңур топурактары менен алмашат. Субэкватор алкагына күлдөшкөн кызыл жана күлдөшкөн латерит, субтропикке бозомук-күрөң жана күрөң топурактар мүнөздүү. Тоолордо токой астында кызыл-сары ферралит, Тасмания аралында коңур жана саргыч-коңур токой топурактары кеңири таралган.

Топурагы

  • Австралиянын басымдуу бөлүгүндө, өтө кургакчыл ички аймактарында тропик жана субтропиктин чөл жана жарым чөлдөрүнүн жөнөкөй топурактары кеңири таралган. Батыш Австралияда таштак, темирлүү конкрециялык топурактар, Борбордук ойдуңдун түздүктөрүндө кумай-чопо жана чополуу, туздуу көлдөрдүн тегерегинде шортоң топурактар үстөмдүк кылат. Нымдуураак жана латериттешүү боло баштаган сайын чөлдүн жөнөкөй топурактары жарым чөлдүн кызгылт-коңур жана саваннанын кызыл-коңур топурактары менен алмашат. Субэкватор алкагына күлдөшкөн кызыл жана күлдөшкөн латерит, субтропикке бозомук-күрөң жана күрөң топурактар мүнөздүү. Тоолордо токой астында кызыл-сары ферралит, Тасмания аралында коңур жана саргыч-коңур токой топурактары кеңири таралган.
Австралия агын сууга жарды. Дарыя агымынын өлчөмү болгону 350 км3 (Жер шарынын дарыя агымынын 1%ке чейинкиси), суу агымынын катмары 50 мм (жылдык; бул болсо Европаныкынан 6 эсе, Түштүк Американыкынан 8 эсе аз). Суусу мол дарыясы Муррей (суусунун жылдык орточо чыгымы 330 м/сек), эң узуну Дарлинг (узундугу 2740 км). Негизинен жаан-чачын сууларынан куралат. Көп дарыяларында суу мезгил-мезгили менен пайда болот (криктер). Австралиянын аймагынын 60%и суу агып чыкпаган туюк облуска кирет.  Суулары
  • Австралия агын сууга жарды. Дарыя агымынын өлчөмү болгону 350 км3 (Жер шарынын дарыя агымынын 1%ке чейинкиси), суу агымынын катмары 50 мм (жылдык; бул болсо Европаныкынан 6 эсе, Түштүк Американыкынан 8 эсе аз). Суусу мол дарыясы Муррей (суусунун жылдык орточо чыгымы 330 м/сек), эң узуну Дарлинг (узундугу 2740 км). Негизинен жаан-чачын сууларынан куралат. Көп дарыяларында суу мезгил-мезгили менен пайда болот (криктер). Австралиянын аймагынын 60%и суу агып чыкпаган туюк облуска кирет. 

Суулары

Аргайл Герднер Маккензи Дов Хильер Эйр

Аргайл

Герднер

Маккензи

Дов

Хильер

Эйр

Өсүмдүктөрү Австралиянын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү байыркылыгы ж-а эндемизмдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. 12 миң татаал өсүмдүк түрүнүн 80%и эндемия өсүмдүктөр (мисалы, акация уруусунун 500дөй түрү, эвкалипт уруусунун 500дөй түрү Австралия флорасынын эң мүнөздүү өкүлү болуп саналат). Австралиянын флорасында ошондой эле Түштүк Американын (мисалы, түштүк бук), Түштүк Африканын (протейлүүлөр), Түш.-Чыгыш Азиянын (фикус, панданус ж. б.) өсүмдүктөрүнүн айрым өкүлдөрү да кездешет.

Өсүмдүктөрү

  • Австралиянын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү байыркылыгы ж-а эндемизмдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. 12 миң татаал өсүмдүк түрүнүн 80%и эндемия өсүмдүктөр (мисалы, акация уруусунун 500дөй түрү, эвкалипт уруусунун 500дөй түрү Австралия флорасынын эң мүнөздүү өкүлү болуп саналат). Австралиянын флорасында ошондой эле Түштүк Американын (мисалы, түштүк бук), Түштүк Африканын (протейлүүлөр), Түш.-Чыгыш Азиянын (фикус, панданус ж. б.) өсүмдүктөрүнүн айрым өкүлдөрү да кездешет.
  Материктин ичин карай климаттын континенттүүлүгүнүн күчөшүнөн нымдуу токой тропиктик кургакчыл эвкалипт токою, сейрек токой жана саванна менен алмашат. Австралиянын ички кургакчыл бөлүгүн бадалдуу жана чөп өсүмдүктүү формациялар ээлейт. Жарым чөлдөрдө скрэб бадалдарынын, чөлдөрдө чөл өсүмдүктөрүнүн үстөмдүк кылышы Австралиянын өзгөчөлүгүн түзөт. Жарым чөлдүү жана саванналуу аймактары табигый жайыт. Товардык мааниси бар токой материктин 2%ин аянтын ээлейт. Токойлорунда эвкалипт басымдуу, анын жыгачы катуу, бышык, чирибейт, андан эфир майы да алынат. 
  •   Материктин ичин карай климаттын континенттүүлүгүнүн күчөшүнөн нымдуу токой тропиктик кургакчыл эвкалипт токою, сейрек токой жана саванна менен алмашат. Австралиянын ички кургакчыл бөлүгүн бадалдуу жана чөп өсүмдүктүү формациялар ээлейт. Жарым чөлдөрдө скрэб бадалдарынын, чөлдөрдө чөл өсүмдүктөрүнүн үстөмдүк кылышы Австралиянын өзгөчөлүгүн түзөт. Жарым чөлдүү жана саванналуу аймактары табигый жайыт. Товардык мааниси бар токой материктин 2%ин аянтын ээлейт. Токойлорунда эвкалипт басымдуу, анын жыгачы катуу, бышык, чирибейт, андан эфир майы да алынат. 
Жаныбарлары Жаныбарлар дүйнөсү эндемик уруусунун жана тукумунун көптүгү, татаал түзүлүштөгү сүт эмүүчүлөрдүн аздыгы (башка жактан алынып келинген жана кийин жапайы болуп кеткен ит, чочко, коёнду кошпогондо) менен айырмаланат. Баштыктуу жаныбарларга (кенгуру, баштыкчан момолой) өтө бай. Жумуртка туучу сүт эмүүчүлөр (өрдөк тумшук, ехидна) менен эки түрдүү дем алчу цератод балыгы Австралияда гана кездешет. Эму төө кушу, какаду тоту кушу жана башкалар Австралияга мүнөздүү.

Жаныбарлары

  • Жаныбарлар дүйнөсү эндемик уруусунун жана тукумунун көптүгү, татаал түзүлүштөгү сүт эмүүчүлөрдүн аздыгы (башка жактан алынып келинген жана кийин жапайы болуп кеткен ит, чочко, коёнду кошпогондо) менен айырмаланат. Баштыктуу жаныбарларга (кенгуру, баштыкчан момолой) өтө бай. Жумуртка туучу сүт эмүүчүлөр (өрдөк тумшук, ехидна) менен эки түрдүү дем алчу цератод балыгы Австралияда гана кездешет. Эму төө кушу, какаду тоту кушу жана башкалар Австралияга мүнөздүү.
Табигый аймактар Австралияда 4,5 миңден ашык табигый аймак өзгөчө коргоого алынган (өлкөнүн 8% аймагын түзөт), анын ичинен 500дөйү улуттук парктар жана табият эстеликтери (мисалы, Австралиянын символу ЭрсРок калдык тоо массиви). 12 улуттук паркы глобалдык биосфералык корук тармагына, ал эми 15и Бүткүлдүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Материктеги алгачкы, дүйнөдөгү 2-улуттук парк Ройал (Сидней шаарынан 32 км түштүк тарабында) 1879-ж. уюшулган. Эң маанилүү улуттук парктары: дүйнөдөгү эң ири Чоң Тоскоол Рифи деңиз паркы (аянты 500 миң км2), Какаду улуттук паркы.

Табигый аймактар

  • Австралияда 4,5 миңден ашык табигый аймак өзгөчө коргоого алынган (өлкөнүн 8% аймагын түзөт), анын ичинен 500дөйү улуттук парктар жана табият эстеликтери (мисалы, Австралиянын символу ЭрсРок калдык тоо массиви). 12 улуттук паркы глобалдык биосфералык корук тармагына, ал эми 15и Бүткүлдүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Материктеги алгачкы, дүйнөдөгү 2-улуттук парк Ройал (Сидней шаарынан 32 км түштүк тарабында) 1879-ж. уюшулган. Эң маанилүү улуттук парктары: дүйнөдөгү эң ири Чоң Тоскоол Рифи деңиз паркы (аянты 500 миң км2), Какаду улуттук паркы.
Калкы Австралиянын калкынын антропологиялык курамы ар түрдүү. Аборигендер (жергиликтүү адамдар) австралия расасына кирет. Түштүк австралиялыктар түндүктөгүлөргө караганда кыска бойлуу, жазы мурундуу жана денесинин түктүүлүгү менен айырмаланат. Түштүк жана Түндүк континенттегилер тармал чачтуу, каратору, калың эриндүү келет. Калгандары ар башка антропологиялык типтерге, көбүнчө европеоид расасына кирет. Австралиянын аймагында Австралия мамлекети жайгашкан

Калкы

  • Австралиянын калкынын антропологиялык курамы ар түрдүү. Аборигендер (жергиликтүү адамдар) австралия расасына кирет. Түштүк австралиялыктар түндүктөгүлөргө караганда кыска бойлуу, жазы мурундуу жана денесинин түктүүлүгү менен айырмаланат. Түштүк жана Түндүк континенттегилер тармал чачтуу, каратору, калың эриндүү келет. Калгандары ар башка антропологиялык типтерге, көбүнчө европеоид расасына кирет. Австралиянын аймагында Австралия мамлекети жайгашкан
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!