БИОГЕОЦЕНОЗДОРДУН ПРОДУКЦИЯСЫ
Даярдаган: Нурманова Батма Арзыкуловна
МАКСАТЫ
Окуучулар:
- Биогеоценоздордогу продукциянын түрлөрүн түшүнүшөт (жалпы, таза, экинчилик). Энергия жана заттар агымы тууралуу билим алышат. Жашоонун туруктуулугун камсыз кылган экологиялык процесстерди баалашат.
- Биогеоценоздордогу продукциянын түрлөрүн түшүнүшөт (жалпы, таза, экинчилик).
- Энергия жана заттар агымы тууралуу билим алышат.
- Жашоонун туруктуулугун камсыз кылган экологиялык процесстерди баалашат.
КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖА:
Окуучу:
- «Продуцент», «жалпы биринчилик продукция», «таза биринчилик продукция», «экинчилик продукция» түшүнүктөрүн билет; Продукцияны эсептөөнүн жөнөкөй формулаларын колдоно алат; Биогеоценоздордогу энергия агымын түшүндүрө алат.
- «Продуцент», «жалпы биринчилик продукция», «таза биринчилик продукция», «экинчилик продукция» түшүнүктөрүн билет;
- Продукцияны эсептөөнүн жөнөкөй формулаларын колдоно алат;
- Биогеоценоздордогу энергия агымын түшүндүрө алат.
«СИЛЕР БИР ТОКОЙДОГУ БАРДЫК ЖАШОО ЭНЕРГИЯ МЕНЕН КАНДАЙ БАЙЛАНЫШТА ЭКЕНИН ОЙЛОНУП КӨРДҮҢӨР БЕЛЕ?»
МЭЭГЕ ЧАБУУЛ…
- Биогеоценоз деген эмне? Биогеоценоздун негизги компоненттерин ата. Биогеоценоздо энергия жана заттар кантип агып турат? Токой, талаа жана көл биогеоценоздорунун айырмасы эмнеде?
- Биогеоценоз деген эмне?
- Биогеоценоздун негизги компоненттерин ата.
- Биогеоценоздо энергия жана заттар кантип агып турат?
- Токой, талаа жана көл биогеоценоздорунун айырмасы эмнеде?
ЖООПТОРУ:
- Биогеоценоз — бул белгилүү бир аймакта жашаган тирүү организмдердин (биоценоз) жана алардын айлана-чөйрөсүнүн (топурак, суу, аба — геоценоз) өз ара байланышкан системасы
- Биогеоценоз — бул белгилүү бир аймакта жашаган тирүү организмдердин (биоценоз) жана алардын айлана-чөйрөсүнүн (топурак, суу, аба — геоценоз) өз ара байланышкан системасы
2.
- Продуценттер (түзүүчүлөр) Консументтер ( пайдалануучулар) Редуценттер (чиритип, бузуучулар) Жансыз чөйрө (топурак, суу, аба, жарык)
- Продуценттер (түзүүчүлөр)
- Консументтер ( пайдалануучулар)
- Редуценттер (чиритип, бузуучулар)
- Жансыз чөйрө (топурак, суу, аба, жарык)
3.
Энергия продукция аркылуу кирип, консументтерге өтөт, калдыктар редуценттер тарабынан ыдыратылып, заттар кайра топуракка кайтып келет
4.
Ар бири өзүнө тиешелүү өсүмдүктөр, жаныбарлар жана климаттык шарттар менен айырмаланат — мисалы, токойдо дарактар көп, талаада чөп өсүмдүктөр басымдуу, көлдө суу организмдери үстөмдүк кылат.
1. Продукция деген эмне?
- Продукция — бул тирүү организмдер тарабынан түзүлгөн органикалык заттардын жана энергиянын көлөмү. Ал экосистемада зат жана энергия агымын камсыз кылат
- Продукция — бул тирүү организмдер тарабынан түзүлгөн органикалык заттардын жана энергиянын көлөмү. Ал экосистемада зат жана энергия агымын камсыз кылат
2. Жалпы биринчилик продукция (ЖБП)
ЖБП — өсүмдүктөр (продуценттер) фотосинтез аркылуу түзгөн органикалык заттардын жалпы көлөмү.
Мисалы: 1 гектар токойдо өсүмдүктөр жылына 30 тонна кургак зат түзсө, бул — ЖБП.
3. Таза биринчилик продукция (ТБП)
ТБП — бул өсүмдүктөр түзгөн продукциядан дем алууга кеткен бөлүктү алып салгандан кийинки таза пайда болгон зат.
Формуласы: ЖБП - ТБП – Дем алууга кеткен энергия
Мисалы:
ЖБП = 30 т, Дем алуу = 10 т болсо, анда:
ТБП = 30 – 10 = 20 т
4. Экинчилик продукция
Экинчилик продукция — консументтер (жаныбарлар) колдонгон жана өз денесинде топтогон органикалык заттар. Алар продукцияны түзбөйт, бирок продукцияны пайдаланып, экинчилик энергия булагын түзүшөт.
5. Трофикалык деңгээлдер жана энергия агымы
Экосистемада энергия бир деңгээлден кийинкисине өтүп турат. Ар бир жаңы деңгээлге энергиянын болгону 10% гана жетет. Калганы — организмдин тиричилигине, дем алуусуна, жылуулук катары кетет.
6. Энергия пирамидасы (түшүндүрмө менен)
Трофикалык деңгээлдер боюнча энергиянын таралышы төмөнкүдөй:
- 1-деңгээл – Продуценттер: 10000 кДж 2- деңгээл – Консумент I даража: 1000 кДж 3- деңгээл – Консумент II даража: 100 кДж 4-деңгээл – Консумент III даража (жырткыч): 10 кДж
- 1-деңгээл – Продуценттер: 10000 кДж
- 2- деңгээл – Консумент I даража: 1000 кДж
- 3- деңгээл – Консумент II даража: 100 кДж
- 4-деңгээл – Консумент III даража (жырткыч): 10 кДж
Пирамида формасында энергия жогорулаган сайын кыскарып отурат.
Продукция деген эмне?
→ Тирүү организмдер түзгөн органикалык заттардын жана энергиянын көлөмү.
ЖБП менен ТБПнын айырмасы эмнеде?
→ ЖБП — жалпы түзүлгөн заттар; ТБП — дем алууга кеткен бөлүк алынып салынгандан кийинкиси.
Энергия пирамидасында энергия канча пайыз өтөт?
→ Ар бир деңгээлге болжол менен 10% өтөт.
Экинчилик продукцияны ким түзөт?
→ Консументтер (жаныбарлар) пайдаланып, денесине топтогон энергия.
Төмөнкүлөрдүн кайсынысы энергия агымынын багыты туура берилген?
а) Редуцент → Продуцент → Консумент
б) Консумент → Продуцент → Редуцент
в) Продуцент → Консумент → Редуцент
г) Консумент → Редуцент → Продуцент
Эсеп чыгаруу же түшүнүк текшерүүчү маселелер
Мисалы:
1. 1 га токойдо ЖБП = 20 т, дем алуу = 5 т. ТБП канча?
2. Энергия пирамидасын чийгиле. Ар бир деңгээлге энергиянын көлөмүн жазгыла (мисалы: 5000 → ? → ? → ?)
3. Чөп жегич жандык күнүмдүк азыктан 1200 кДж энергия алат.
- Дем алууга – 600 кДж Калдык катары сыртка чыгат – 300 кДж
- Дем алууга – 600 кДж
- Калдык катары сыртка чыгат – 300 кДж
Суроо:
Анын экинчилик продукциясы канча?
ЖООПТОРУ:
1 ГА ТОКОЙДО ЖБП = 20 Т, ДЕМ АЛУУ = 5 Т. ТБП КАНЧА?
20 т – 5 т = 15 т
Жооп: 15 т
2.Энергия пирамидасын чийгиле. Ар бир деңгээлге энергиянын көлөмүн жазгыла (мисалы: 5000 → ? → ? → ?)
Энергия пирамидасын 10% эрежесине ылайык толтуруу
- Продуценттер 5000 кДж энергия өндүрөт. Консумент I даражага анын 10% – 500 кДж өтөт Консумент II даражага 10% – 50 кДж өтөт. Консумент III даражага 10% – 5 кДж өтөт.
- Продуценттер 5000 кДж энергия өндүрөт.
- Консумент I даражага анын 10% – 500 кДж өтөт
- Консумент II даражага 10% – 50 кДж өтөт.
- Консумент III даражага 10% – 5 кДж өтөт.
3 . Чөп жегич жандык күнүмдүк азыктан 1200 кДж энергия алат.
- Дем алууга – 600 кДж Калдык катары сыртка чыгат – 300 кДж
- Дем алууга – 600 кДж
- Калдык катары сыртка чыгат – 300 кДж
Суроо:
Анын экинчилик продукциясы канча?
Чечүү:
Экинчилик продукция = 1200 – (600 + 300) = 300 кДж
Жооп : 300 кДж
Бышыктоо үчүн “туура, туура эмес” оюну
- Продуценттер — энергияны колдонуп органикалык зат түзөт. Редуценттер — фотосинтез аркылуу энергия өндүрөт. Таза биринчилик продукция дем алуудан кийинки бөлүк. Консументтер — топуракты түзгөн компоненттер. Энергия пирамидасында энергия жогорулаган сайын көбөйөт.
- Продуценттер — энергияны колдонуп органикалык зат түзөт.
- Редуценттер — фотосинтез аркылуу энергия өндүрөт.
- Таза биринчилик продукция дем алуудан кийинки бөлүк.
- Консументтер — топуракты түзгөн компоненттер.
- Энергия пирамидасында энергия жогорулаган сайын көбөйөт.
2. Толукталбаган сүйлөмдөр
Окуучулар сүйлөмдөрдү логикага ылайык толуктайт:
- Продуценттер бул — __________. Жалпы биринчилик продукция деген — __________. Энергия пирамидаларында энергиянын __% гана кийинки деңгээлге өтөт. Экинчилик продукцияны түзгөн организмдер — __________. Редуценттер экосистемада __________ кызмат аткарат.
- Продуценттер бул — __________.
- Жалпы биринчилик продукция деген — __________.
- Энергия пирамидаларында энергиянын __% гана кийинки деңгээлге өтөт.
- Экинчилик продукцияны түзгөн организмдер — __________.
- Редуценттер экосистемада __________ кызмат аткарат.
ЖЫЙЫНТЫКТОО
Энергия бир деңгээлден экинчисине толугу менен өтпөйт.
Экинчилик продукция — жаныбарларда топтолгон энергия.
ЖБПдан ТБПны эсептөө үчүн дем алууну алып салуу керек.
Үйгө тапшырма:
- ЖБП = 42 т, ТБП = 28 т.
- ЖБП = 42 т, ТБП = 28 т.
Суроо: Дем алууга кеткен заттын көлөмү канча?
2. Бир биогеоценозду тандап, анын продукциясы кантип иштээрин сүрөттөп жазуу
(Мисалы: талаа, көл, токой, бакча)
КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢАР ҮЧҮН ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕМ!