Просмотр содержимого документа
«Бөлүкчөлөр 7-класс»
Саламатсыздарбы!
Байламталардын маанисине карай бөлүнүшү
1.Байланыштыргыч
2.Божомолдогуч
3.Каршылагыч
4.Себеп-натыйжалагыч
5.Салыштырма
6.Шарттуу
Сабактын темасы: БӨЛҮКЧӨЛӨРДҮН МААНИСИНЕ КАРАЙ БӨЛҮНҮШҮ
Сабактын максаты:
- Болүкчөлөрдүн маанисине карай бөлүнүшү менен таанышышат.
- Алардын с ү йл ө м тизмегинде аткарган кызматын ү йр ө н ү ш ө т.
Оозеки жана жазуу кепте болүкчөлөрдү туура колдонууга к ө н ү г ү ш ө т.
- Кыргыз тилин кадырлоого, с ү й үү г ө тарбияланышат.
Бөлүкчө деген эмне
Бөлүкчө байламта менен жандоочко караганда башка функцияны аткарат,анткени байламта менен жандооч сөздөрдү өз ара тутумдаштыруу үчүн кызмат кылса, бөлүкчө айрым сөздөргө же бүтүндөй сүйлөмгө кошумча маани киргизүү кызматын аткарат.
Мис: Бул кадам иш жүзүнө ашканда гана өз жыйынтыгын берет.
Демек, бөлүкчө айрым сөздөргө же бүтүндөй сүйлөмгө ар түрдүү кошумча маани киргизген сөздөр
бөлүкчөлөр деп аталат.
Бөлүкчөлөрдүн маанисине карай бөлүнүшү
1
Чектегич гана,эле
2
Күчөткүч эң,абдан,аябай,өтө
3
Аныктагыч-тактагыч да,деле,так,нак
Салыштырма куду, кадим
4
Ырастагыч ооба,да
5
Тангыч эч, турсун турмак,тургай
6
Сурама ыя,и,ээ
7
Божомолдогуч го
8
Мисалы:
1. Чектегич бөлукчө кандайдыр бир затты,же белгини же кыймыл-
аракетти башкалардан бөлүп, ажыратып, чектеп көрсөтөт.
Мисалы: Биз эрежени сактоо менен гана карантинди жеңебиз.
- Күчөткүч бөлүкчө айкашуучу сөздүн мааниси өтө күчөтүлүп,
ашырылып көрсөтүлөт.
Мисалы: Асан өтө акылдуу адам көрүнөт.
- Аныктагыч-тактагыч бөлүкчө айкашкан сөздүн маанисин аныктап-тактап турат.
Мисалы: Ар шылтоону айтасың да жүрөсүң. Сен деле ал ишти
аткара аласың.
- Салыштырма бөлүкчө бир нерсени экинчи бир нерсеге окшоштуру маанисин кошумчалайт.
Мисалы: Айгүл куду атасынча чынчыл мүнөздүү кыз болду.
5. Ырастагыч бөлүкчө айтылган мазмунду, фактыны
сүйлөөчүнүн эп көргөндүгүн, макул тапкандыгы, ага
кошулгандыгын билгизет.
Мисалы: Ооба , чындап силердин айткандай болду.
- Тангыч бөлүкчө айтылуучу ойду тануу, жокко чыгаруу маанисин кошумчалайт.
Мисалы: Бул кылган ишиң эч туура эмес.
- Сурама бөлүкчө суроолуу мүчө –бы катышкан сүйлөмдөр
менен байланышта болуп,кадыресе суроо, таңдануу,
кекетүү маанисин билгизет.
Мисалы: Зарылбү келип калганбы ыя ?
- Божомолдогуч бөлүкчө сүйлөөчүнүн божомолдоосун
билдирет. Мисалы: Карантин бүтөрүнө аз калды
го дейм.
Бөлүкчөлөрдүн
түрлөрүнө ылайык
сүйлөм түзгүлө.
Ү йг ө тапшырма
Саламатта калгыла !