Чиркей чабалекей
Просмотр содержимого документа
«Чиркей чабалекей»
Адабий окуу сабагы 2-класс " Чиркей, чабалекей жана жылан"
Просмотр содержимого документа
«Чиркей, чабалекей жана жылан»
2б-классы
Адабий окуу сабагы
Сабактын темасы:Чиркей,чабалекей жана жылан.
Сабактын максаты: Көрсөткүчтөр
а) билим берүүчүлүк
Окуучулар “Чиркей,чабалекей жана жылан” жомогу менен таанышат,окушат, ой бөлүшөт,маанисин ачышат.
Б) өнүктүрүүчүлүк
Жомокту окушат, түшүнгөнүн айтып беришет,ролдоштуруп аткарышат, суроолорго жооп беришет,тапшырмаларды аткарышат,топто иштешет,бири-бири менен иштешет.
В) тарбия берүүчүлүк
Окуучуларды боорукер болууга,ынтымактуу болууга,бири-бирине камкор мамиле кылууга,ден соолугуна кам көрүүгө багыт берүү.
Жомокту туура,шар,түшүнүп окуса.
Берилген тапшырманы туура аткарса,ролдоштуруп бири-бири менен аткарса,суроолорго жооп берсе,түшүнгөнүн айтып берсе, өз шыгына жараша тапшырмаларды аткарса ж.б.
Каармандарга ,мүнозүно,жасаган ишине баа берсе, жыйынтык чыгара айса,өз оюн айтса,далилдерди келтирсе ж.б.
Сабактын жүрүшү: а) уюштуруу.
Сабакка келе жатканда жаратылышта кандай өзгөрүүлөрдү байкадың?
Окуучулар сабактын максаты, баалоо критерийлери менен таанышышат.
Б) үй тапшырмасын текшерүү: Ай тууралуу жазып,сүрөтүн тартуу.(бири-бирин текшеришет)
В) жаңы тема: “Чиркей,чабалекей жана жылан.
Илгери-илгери жер жүзүн топон суу каптаптыр.Ошондо Нук пайгамбар чоң кеме жасап, “жан-жаныбарларлардын тукуму үзүлбөсүн” деп ар бир жаныбарлардан бир эркек,бир ургаачыны кылып,кемеге салууга буюрган экен.Күндөрдүн биринде кемеде тешик пайда болуп,кемеге суу кире баштайт.Көрсө, аны чычкан тешиптир. Нук пайгамбардын айласы кетип: -Ким бул тешиктен суу өткөрбөй жаап тура алат!- деп жар чакырат. -Мен суу киргизбей кармап турам!-деп жылан чыгат.Ошол убадасына бек болуп,топон суу бүткөнчө бир тамчы сууну кемеге киргизбей тосуп турат.Алар акыры кургакка чыгышат.Нук пайгамбар жыландын эмгегине ыраазы болуп,өзүнө чакыртат. -Жылан сага ыраазымын.Эмгегиңе кандай акы аласың?-деп сурайт. -Дүйнөдө эмне таттуу болсо,ошону алам,-дейт жылан. -Эмесе ар бир жаныбардын,жемиштин даамын татып эмне таттуу экендигин билип кел,- деп Нук пайгамбар чиркейди жумшайт. Чиркей бүт ааламды кыдырып,жан-жаныбарлардын өсүмдүктөрдүн даамын татып,кайра келе жатканда,анын алдынан чабалекей тосуп: -Чиркейим,эмненин даамы таттуу экен?- деп сурайт. -Баарынан адамдын каны татуу экен ,-дейт чиркей. -Тилиң кандай болуп калыптыр,таттуу даамга кандай болгонун көрөйүнчү? Тилиңди бери сунсаң?-дейт чабалекей.Чиркей тилин суна бергенде чабалекей анын тилин сууруп алат. -Кана, чиркейим ,эмненин даамы таттуу экен?-деп Нук пайгамбар чиркейден сураганда, ал “кың-кың” этип,эч нерсе айта албай коет.
-Баканын каны таттуу экен деп жатат-деп чабалекей жооп берет анын ордуна. Чабалекейдин сөзүнө ачуусу келген жылан куйругу менен бир чапканда ,чабалекейдин куйругу экиге бөлүнүп калат экен.Ошондон улам анын куйругу эки ача болуп калыптыр. Нук пайгамбар чабалекейдин сөзүнө ишенип,баканы жыланга буюруп коюптур.Ошондон улам бака соруп калат.Эгерде чабалекей болбогондо ,жылан адамдын канын соруп калмак экен. Жылан менен чабалекейдин өч болуп,адам менен чабалекейдин дос болуп калышы ошондон улам болуптур дешет.
1.Жомок менен таанышат .(топ боюча ар бири бирден сүйлөм окушат)
2. Окуганын айтып беришет.
3. Ар бир топ өз каармандары жөнүндө кызыктуу маалыматтарды айтышат.
4. Ролдоштуруп аткарып беришет.(Нук пайгамбар,чиркей,чабалекей,жылан,чычкан)
5. Тапшырмаларды аткарышат.
-Жомоктогу каармандарды жаз.
-Жомоктогу каармандарда кайсы сапаттар бар?
-Бул каарман оң каарманбы же терс каарманбы?
-Бул каармандар жөнүндө макал ыр ж.б. мисал келтир.
6. Бышыктоо . Суроолорго жооп беришет.
-Бул жомоктон өзүңө кайсы жактарын ала алдың?
-Каармандарга кандай баа бересиң?
-Каармандын ордунда болсоң эмне кылат элең?
-Кайсы учурлары жакты, далилдеп бере аласыңбы?
-Бул каармандар менен сен кандай мамиледе болосуң?
7.Билимдерин баалоо
8. Үйгө тапшырма берүү
9. Жыйынтыктоо
Пайгамбар-исламдын ишениминде кудайдын жердеги элчиси.Алар Аллах бар экенин жеткизүү максатында жиберилген элчи. Бардык нерсени алдын ала билген олуя адам. Топон суу-тырмактай да кургактык калбай, Аллах Таала жиберген зил залаа.Кудайдын каары менен жер жүзүн суу каптагандыгы жөнүндөгү диний миф.
Чиркей эң кичине жандык.Денеси жана буту узун,ичке.Алар сууда,нымдуу жерлерде ,чөптөрдө жана чириндилерде жашайт.Көбу өсүмдүк ширеси,айбанат жана кишинин канын соруп азыктанат.Чиркейдин 35 тукумунун 20 миң түру бардык жерде тараган.Кундуз чиркей жашынып жатат,кечке маал жана түн ичинде зыңылдап учуп чыгат.Чиркейдин оозунда сайгыч түтугу бар, аны менен адамдын жана малдын канын сорот,ал жер ачышып дүүлугөт.
Жыландын түру көп.Сууда,кургакта, сууда да, кургактыкта да жашаган жыландарбар. Жыландар- сойлоочулардын түркүмү. Денеси узун,жумуру,кабырчык менен капталган.Түсү айлана-чөйрөгө окшош.Жыландын эң узуну 10м,кыскасы 8-10 см.Жыландын оозу абдан чоң ачылат.Үстүңкү жаагында тиштери жайгашкан.Уу жылан чакканда бөлүнүп чыгат. Ачакей тили менен азыктардын даамын сезет.Майда жандыктар,канаттуулардын жумурткасы,кемирүүчүлөр менен тамактанат.Уусунан дары даярдалат.
Чабалекей келгин канаттуу.Дене узундугу 10-23 см.Тумшугу жалпак,кичинекей.Куйругу эки ача болгон,денеси кара,боору агыш,кууш болот.Жер шаарынын (Арктика менен Антарктидадан башка)бардык бөлүгүндө тараган.Ойкуп,кайкып абдан тез учат.Курт-кумурскаларды кармап жейт.Чатырларга же уйлөргө ыңгайлуу кылып,ылайдан уя салышат.Жыл сайын уяларын таап келишет.Балапандары уядан тушпөс үчүн бутун байлап коюшат.
Чычкан –сүт эмүүчүлөрдүн кемирүүчүлөр түркүмүнүн тукуму.Дене узундугу-5-50см,куйругу 45 см ге чейин жетет.Жер шаарынын бардык бөлугүндө 80 уурусу жашайт.Көбүнчө дан азыктары менен азыктанат.Талаадагылары жылуу мезгилде ,үйдө жашоочулары жыл бою тукумдайт.Чычкандар айыл-чарбасына зыян келтирип,азык-түлүкту бузат,малга жана адамдарга түрдүү ооруларды жугузат.
Баалоо критерийлери:
Баалоо критерийлери:
1.Үй тапшырмасын аткарышы.
1.Үй тапшырмасын аткарышы.
2. Жомокту окуп,түшүнүүсү
2. Жомокту окуп,түшүнүүсү
3.Өз шыгына жараша тапшырманы аткаруусу
3.Өз шыгына жараша тапшырманы аткаруусу
4.Топто иштей билүүсү.
4.Топто иштей билүүсү.
5.Өз оюн айтуусу
5.Өз оюн айтуусу