СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Антонимдердин түрлөрү

Категория: Русский язык

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Антонимдердин түрлөрү»

Тема: Антонимдердин түрлөрү

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүүчү максаты: Антоним жана анын түрлөрү боюнча билимдерди алышат

Антонимдердин түрлөрүн ажыратып кароого үйрөнүшөт

Өнүктүрүүчүлүк максаты: Антонимдерди болүп кароого үйрөнүшөт

Ар бир окуучу өз алдынча аналогия түзгөнгө үйрөнүшөт

Таалим-тарбия берүүчү максаты: Сөздөрдү орду менен сүйлөгө тарбияланышат

Окуучулар бири – биринин түзгөн аналогиясын талкуулашат



Сабактын жабдылышы: окуу китеби 6-класс, ватман, маркер, флипчарт, сүрөттөр, интерактивдүү доска, слайд, дидактикалык каражаттар.

Сабактын жүрүшү

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(2 мүнөт)

Бар болгула балдар!

  • Балдар биз бүгүнкү сабагыбызды баштап жатып мен силерге Индиядагы бир окуяны айткым келип жатат. Индияда бир кыз кумурага алыстан суу алып келет. Күндө сууга кетип жатканда аны апасы кумураны сындырып койбо деп урушуп жөнөтөт. Апасы урушпаса деле, ал кыз кумурага сууну этияттык менен куюп, этияттык менен алып келет. Ага карабастан апасы ар дайым сууга кетип жатканда урушуп жөнөтөт. Бир күнү ал аялдын кошунасы. Кызыңды эмне үчүн ар дайым урушуп жөнөтөсүң, менин кызым ар дайым сындырып келет, а сенин кызың ар дайым кумураны сындырбай келет го дейт. Ошондо ал аял. Ооба сындырбай келип жатат. Эгер сындырып койсо анда кызымды миң урушканым менен баарыбир. Ошол кумура сынганга чейин алдын алып урушуп жатам деген экен. Ошонун сыңарындай көптү билген эмес балдар, азды билсе да аны пайдаланаган адам акылдуу. Келгиле бүгүнкү сабагыбызда бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү сумшап сабакта активдүүлүгүбүздү көрсөтөлү

-Арыбаңыз, эжеке!

Окуучулар кол чабышат

2) Үйгө тапшырма

(3-мүнөт)


Үйгө тапшырмага эмне берилген эле.

--1-топ;

2-топ;

3-топ; “



3) Акыл чабуулу. (1-мүнөт)

Коён

Талаа

Уулу






Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” чыгармасында Чыңгызханды согуш жүрүп жатканда кайсыл жерден табууга болот.

Коён-4тамга, 5тыбыш.

К-үнсүз, түпчүл, жарылма, каткалаң, түгөйлүү


Талаа-5 тамга, 4 тыбыш

Т-үнсүз, уччул, жарылма, каткалаң, түгөйлүү

А-үндүү, жоон, кең, эринсиз, кыска


Уулу-4 тамга, 3тыбыш

У-үндүү, жоон, кууш, эриндүү, созулма


Л-үнсүз, уччул, капталчыл, уяң, жумшак, түгөйсүз


Чыңгызхандын чыгармасында деген сөз адаштырууга себеп болуп жатат. Бирок чыгармада болобу, турмушта болобу согуш учурунда хандарды туунун жанынан тапса болот



4)Жаңы тема. (10 мүнөт)



Жаңы тема: Антонимдин түрлөрү

Балдар, “Төрөлүү” деген сөздүн өзүндө өлүү деген сөз бар. Бул дүйнө карама-каршылыктан турарын бүгүнкү сабагыбызда тереңирээк түшүнүп алсак.

Натуура деген сөздүн ичинде туура деген карама-каршы ойлор камтыларын далилдесек.

  • 1. Нагыз антонимдер (аз-көп, чоң-кичине, жаш-кары, өйдө-ылдый, жоон-чике, жакшы –жаман, эрте кеч)

  • Ал кайгырган да жок, сүйүнгөн да жок.

  • Же жаманга кошулбай, же жакшыга кошулбай белгисиз калуудан корком.

  • Кыскасы алар жаман да адам эмес, жакшы да адам эмес, эч кимге пайдасы да жок, эч кимге зыяны да жок, аларды жакшы да, жаман да көрө албайсың...

  • Мен он беш жыл иштесем да сөгүш да алган жокмун, алкыш да алган жокмун, жумушумдан ылдыйлаган да жокмун, өйдөлөгөн да жоумун.

  • Аз болсо көптөй көрүнгөн ,

  • Өнөрдү көрдүм кыргыздан. (“Манас”)


  • 2. Контексттик антонимдер (түйө-унута, карлаш-акташ, акты-көктү). Көбүнчө булар чыгармаларда, тестерде көбүрөөк колдонулат.

  • Түбөлүктөн-түбөлүк

  • Жер огунда айланат.

  • Бир өмүрдү ал берип,

  • Бир өмүрдү кайра алат (С.Эралиев)

Жуз жылдар мындан кийин да

Жүз жылдар мындан кийин да

Бул тоолор минтип турушат.

Анда да бизче адамдар

Карыбас үчүн тырышат.


Жүз жылдар мындан кийин да

Сүйүүлөр болот ушундай.

Ушинтип жерге жаз келип,

Ушинтип чыгат ушул ай


Жүз жылдар мындан кийин да,

Дарактар жерге ыргала...

Шуудурап турат ушинтип

Биз жокпуз анда бир гана. (С.Эралиев)


түбөлүктүү

күнүмдүк

Тоо, сүйүү, жаз, дарак, карыбас үчүн тырышат

Адам өмүрү



  • 3. Оксюморон гр сөзү – охуточоп. Бизче чечендик-тантырактык, акылмандык-кемпайлык дегенди түшүндүрөт. (далил-далисиз, кызык-кызыксыз, жайы-кышы, тилдүү-дудук).

  • Бурулбасова Бурулча институттун кирүү экзаменин алып бүтүп, жаңы эле үйүнө келгенде, эшик шыңгырап калды.

  • Жетээр Жетпесович алтын башың аманда сөгүш алган кеп бекен. Андан көрө Өскөндү өстүрбөй тоголото чаап, ордун тартып алыш керек.

  • Өкүнөсүңбү, өкүнбөйсүңбү – өмүр деген өтө берет.

  • Бир тоголок неменин жаралганын карасаң, кааласаң-каалабасаң деле ойдон ой туула берет, кыязы өлөр өлгүчө ушул калыбынан жазбайт го. (Ч.А “Кылым карытар бир күн”)

Эненин айткандарын тиги мурдагысындай эле жалдырама тийген калыбында укту, сөз эмне жөнүндө, деги сөз болуп атабы –жокпу, ага баары бир сыяктуу укту.

Ачууланган жуңжандар кайра кайрылып келип, маңкуртту сабаганын эне билбеди. Маңкуртту сабаганда, сабабаганда эмне.


  • 4. Энантиосемиялык (ал-ал. Ал-кандайдыр бир нерсеге ээ болуу. Ал-кандайдыр бир нерседен куру жалак калуу. Түшүү –машынага түшүү-машынадан түшүү). Байыды-(уй байыды-тажрыйбасы байыды). Көөлөдү (кийимин көөлөдү-мешти көөлөдү)



  1. Топтор менен иштөө (12 мүнөт)

Акылдуу

Акмак

эстүү



абийрсиз

адептүү



ыймансыз

арлуу





Акылдуу

Акмак

эстүү

эссиз

абийрдүү

абийрсиз

адептүү

адепсиз

ыймандуу

ыймансыз

арлуу

арсыз


Ажыроо тар,

Кошуу катуу,

Ысык жапыз,

Жер оор,

Кыска асман,

Жеңил узун,

Бийик суук,

Жумшак алуу,

Кең биригүү.

Ажыроо-биригүү,

Кошуу-алуу,

Ысык-суук,

Жер-асман,

Кыска-узун,

Жеңил-оор,

Бийик-жапыз,

Жумшак-катуу,

Кең-тар.

Урматуу окуучулар адашкан антоним сөздөрдүн эталон жуптарын табабыз.

Бийик-жапыз, ийне-жол, чымын-тоо, жумшак-катуу, зым-дарак, тоо-үй, ичке –жоон, чоң-кичине, узун-кыска, камыр-темир.жол-ийне

1.Бийик-жапыз

Тоо-үй


2.Ичке –жоон

Зым-дарак


3.Чоң-кичине

Тоо-чымын


4.Жумшак-катуу

Камыр-темир


5.Узун-кыска

Жол-ийне

  1. Тез-жай

а) төмөн - ылдый

б) салкын -жылуулук

в) бекем-бош

г) ийри-кыйшык


  1. Кыйын-оңой

а) былтыр-мурда

б) жогору-төмөн

в) чукул-жакын

г) мурун-быйыл


  1. Семиз-арык

а) жалгыз-бирдиктүү

б) татаал-кичине

в) тирүү-өлүү

г) карылуу-алдуу






  1. Тез-жай

а) төмөн - ылдый

б) салкын-жылуулук

в) бекем-бош

г) ийри-кыйшык


  1. Кыйын-оңой

а) былтыр-мурда

б) жогору-төмөн

в) чукул-жакын

г) мурун-быйыл


  1. Семиз-арык

а) жалгыз-бирдиктүү

б) татаал-кичине

в) тирүү-өлүү

г) карылуу-алдуу


4.жүдөө-тың

а) көп-ашык

б) кесек-майда

в) жарык-күңгүрт

г) ыйлаак-жашык


5. жакырчылык-бай

а) көсөөлүк-чачтуу

б) кайдыгерлик-кайрымдуу

в) жумшактык-ийкемдүү

г) сапа-сапаттуу


6. ал-ал

а) түшүү-түшүү

б) кал-кал

в)жаз-жаз

г) кыш-кыш

4.жүдөө-тың

а) көп-ашык

б) кесек-майда

в) жарык-күңгүрт

г) ыйлаак-жашык


5. жакырчылык-бай

а) көсөөлүк-чачтуу

б) кайдыгерлик-кайрымдуу

в) жумшактык-ийкемдүү

г) сапат-сапаттуу


6. ал-ал

а) түшүү-түшүү

б) кал-кал

в)жаз-жаз

г) кыш-кыш


Бышыктоо. (7мүнөт

  1. Антоним деп эмени айтабыз?

  2. Антоним мааниси жагынан канчага болүнөт?

  3. Антоним грамматикалык түзүлүшү боюнча канчага болүнөт.

  4. Оксюморн кайсыл тилден алынган?

  5. Энантиосемиялык антонимдерге мисал

Рефлексия (3)

Эркин микрафон? Суроолорго жооп


Билдим…

Кызык болду…

Мен түшүндүм…

Эми аткара алам…

Мен үйрөндүм…

Мен аракет жасайм….

Мени таң калтырды…

Мен дагы аткаргым келди…


Үйгө тапшырма

Антонимдин бөлүмдөрү боюнча аналогия жазып келүү

Баалоо:



Окуучлардын сабакка катышуу жөндөмдүүлүгүнө жараша... “5”, “4”, “3”, “2”(4 минут)



Мугалим: Келерки сабакка чейин: Арыбагыла балдар!

Окуучулар: Сиздагы, бар болуңуз!