Просмотр содержимого документа
«Баалоо боюнча маалымат»
Таблица 3 - Жети баллдык баалоо шкаласы.
7 баллдык шкала
Окуучунун окуу даражасынын негизги көрсөткүчтөрү
Өздөштүрүү % менен
Деңгээли
1 балл – абдан мыкты
Билимдин жана билгичтиктин негизинде өзүнүн өздүк пикирин пайда кылуу менен практикада өзгөчө колдонууга ээ болот
95-100 чейин Изилдөөчүлүккө ээ болуу
2 балл – мыкты
Так жана дана билгичтиктерге ээ болот, өздөштүрүлгөн билимди белгисиз жагдайда колдоно алат.
80-84 чейин Көндүмдөргө ээ болуу
3 балл – жакшы
Өздөштүрүлгөн теориялык билимдин натыйжасында тапшырмаларды ар түрдүү багыттарда жеңил аткарат.
60-79 чейин Билгичтиктерге ээ болуу
4 балл – орто
Өздөштүрүлгөн теориянын айрым бөлүктөрүн түшүндүрөт, материалдар боюнча алгачкы жалпылоону жана тыянактарды чыгарат.
40-59 чейин Терең түшүнүү
5 балл – канаттан- дыраарлык
Өтүлгөн материалды өз алдынча калыбына келтирет, айрым учурда багытталган жардамды талап кылат.
20-39 чейин Жөнөкөй түшүнүү
6 балл – начар
Өтүлгөнтексттин, эреженин, түшүнүктүн, закондун негизги бөлүгүн кайрадан калыбына келтирет, жөнөкөй аракеттерди жүргүзөт, оңой суроолорго жооп таба алат.
6-18 чейин Эстеп калуу (түшүнбөстөн калыбына келтирүү)
7 балл – абдан начар
Даяр түрүндө берилген үлгүлөрдөн обьектини, процессти, кубулушту ажырата алат.
5 чейин Таанышуу
Мектеп окуучуларынын окуу жетишкендиктерин аныктоодогу вариативдик жети баллдык баалоо шкаласынын өзгөчөлүктөрү: – баалоо процесси окуучулардын кетирген каталарын аныктоо эмес, тескерисинче алардын чыныгы жетишкендиктерин баалоого багытталган; – “коркунучтуу” баанын жоктугу, б.а. эң төмөнкү жети баасы дагы окуучунун аныкталган катышуусун (таанышуусун) көрсөтөт, демек баалоо процесси окуучуларда окуунун чыныгы мотивин пайда кылат; – ар бир баа шкаласы өзүнө гана тиешелүү болгон окуу-таануу ишмердүүлүгүнө туура келет, тактап айтканда “7” балл – таанышуу деңгээли, “6” балл – эстеп калуу деңгээли, “5” балл – жөнөкөй түшүнүү деңгээли, “4” балл – терең түшүнүү деңгээли, “3” балл – билгичтик деңгээли, “2” балл – көндүм деңгээли, “1” балл – чыгармачылык деңгээли.
Окуучуларынын билим жетишкендиктерин вариативдик жети баллдык баалоо шкаласы аркылуу баалоо окуучуларда окуунун оң мотивин түзүү менен атаандаштыкты дагы стимулдаштырат, тактап айтканда окуучу билим жетишкендигин өзүнө-өзү баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот жана ар дайым эң алдыңкылардын катарында болууга аракеттенет.