СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Карта .....................

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Карта .....................»

Төмөндөгү 2 картада "Кыргыздардын байыркы өлкөсү" деген белги менен Түштүк Сибирь, Түндүк Монголия көргөзүлгөн.

A). 1-карта "Элдердин улуу көчүнө чейинки Орто жана Түндүк Азиядагы түрк жана монгол элдери" деп аталган жана 1780-жылга таандык франсуз картасы. Бул картада IV-VII кылымдардагы "Элдердин улуу көчү" деп аталган тарыхый окуяларга чейинки түрк жана монгол элдеринин тарыхый мекени берилген. Кыргыздардан башка уйгурлардын, монголдордун, байыркы түрктөрдүн да мекендери көрсөтүлгөн. Автору белгисиз бул карта, менимче, тарыхтан кабары бар бир кишинин жеке изилдөө картасы. Кандай болгон күндө да, XVIII кылымдагы Батыш окумуштуулары кыргыздардын байыркы мекени тууралуу кабардар болушканын көргөзүп турат.

Б). 2-карта "Орус Азиясынын бир бөлүгү" деп аталып, 1825-жылы Филип Вандермалан деген киши тарабынан Брюсселде жарыяланган карта. Бул картада да Саян тоолорунун тегереги "Кыргыздардын алгачкы мекени" деп көрсөтүлгөн. Башка эч бир элдики жок. Негизинен географиялык карта болуп, ошол мезгилдеги айрым элдер чагылдырылган бул картада эмнеге кыргыздардын байыркы мекени көрсөтүлдү болду экен деген суроо туулбай койбойт.