Клетканын курамы. Клетканын элементтик жана молекулалык курамы. Биологиялык маанилүү химиялык элементтер жана бирикмелер.Органикалык эмес бирикмелер.
Клетканын курамына Менделеевдин мезгилдик системасындагы 80 химиялык элемент кездешет. Бардык бул элементтер жансыз жаратылышта кездешет .
Клеткадагы химиялык элементтердин классификациясы
Клетканын химиялык элементтери
Макроэлементтер
Микроэлементтер
Ультрамикро-
99% клетканын массасынын
элементтер
ферменттердин, гормондордун курамына кирген оор металлдар
Клеткадагы концентрациясы
0,0001%
O, C, H, N, S, P,
Cu, Zn, I, F.
K, Mg, Na, Ca, Fe, Cl.
0,000001%
Au, Ra, Cs, Be,
U, Hg, Se.
Тирүү организмдин 99% массасын түзөт. Бул кычкылтек (О), суутек (Н), көмүртек (С), азот (N), күкүрт (S), фосфор (F), натрий(Na), калий (K), хлор (Cl), кальций (Ca), магний (Mg) .
а) H, O, C, N - 98%
- + S, P - биоэлементтер, органикалык бирикмелерди пайда кылат.
б) K, Na, Ca, Mg, Fe, Cl - 2% жакын.
- K, Na, Cl – клеткалык мембрананын өткөрумдүүлүгү, нерв импульстарын өткөрүү.
- P, Ca – сөөк тканын, анын бекемдигин пайда кылуу.
- Ca – кандын уюшун камсыз кылат.
- Fe – гемоглобиндин курамына кирет.
- Mg – өсүмдүктөрдө хлорофиллдин курамына, жаныбарларда ферменттердин курамына кирет.
- Организмде төмөнкү концентрацияда кездешет . Бул биогендик микроэлементтер. Алардын функциясы жана ролу ар түрдүү.
- Фермент,гормондордун курамына кирген оор металлдардын иондору кирет. Организмде бул элементтер өтө аз санда кездешет: 0,001 ден 0,000001% чейин; бул элементтерге бор , кобальт , медь , молибден , цинк , ванадий, йод , бром ж.б. кирет
- Zn Ашказан алдындагы бездин гормону инсулин – жыныс бездерин активдештирет.
- Cu ткандардын өсүшүн камсыз кылат, ферменттердин курамына кирет.
- I калкан алдындагы бездин гормону тироксиндин курамына кирет.
- F тиштин эмалынын курамына кирет.
- Co В12 витаминдин курамына кирет
- Mn зат алмашууну камсыз кылат
- B өсүү процессине жооп берет.
- Mo фтордун организмде кармалышын, темирдин колдонулушуна жооп берет.
- Концентрациясы 0,000001%дан жогору эмес. Өсумдук, жаныбардын организминдеги ф изиологиялык ролу аныктала элек.Аларга кирет: уран, радий, алтын, сымап, бериллий, цезий, селен ж.б.сейрек элементтер кирет.
- Ультрамикроэлементтер бактерициддик касиетке ээ, сымап бөйрөк каналчаларында кайра артка сорулууну ферменттерге таасир этип басымдуулук кылат.
- Кээде селенди бул группага киргизишет, ал жетишпесе рак ооруларын пайда кылат. Ультрамикроэлементтердин функциясы аз изилденген.
Макро- жана микроэлементтердин жетишпестиги ар түрдүү ооруларга алып келет. Алдын-алуу үчүн нормалдуу тамактануу керек.
- Кальций жетишпесе остеопороз (жумшак, сөөктүн бош болушу), сөөктүн өсүүсүнун акырындашы. Сүт азыктарын колдонуу керек.
- Магний жетишпесе булчуң оорулары, организмдин суюктукту жоготушу. Продукталар: жашылча, фасоль, жаңгак, сүт, мөмо жемиштер.
- Хлор жетишпесе - тери кургайт. Продукталар: суу, аш тузу.
- Натрий – баш оору, эске тутуу начар, табит жоголот. Продукта: помидор, абрикос, горох, аш тузу.
- Калий –аритмия жүрөк жыйрылуусу, кокустан өлүм. Продукталар: – банан, сухофрукты, картофель, помидор, кабачки.
- Фосфор – сырткы белгилер белгисиз. Балыкта, сүт азыктарында, грек жангагында, гречкада кездешет.
- Темир - анемия. боор, эт, жашылчалардын жашыл жалбырактарын колдонуу керек.
- Фтор – тиштердин бузулуусу. Продукта- балык, суу.
- Цинк – тери бузулат. Продукта – эт, деңиз продукталары.
- Йод богок оорусу.хурма, деңиз продукталары, йоддолгон туз колдонуу керек.
Клетканын химиялык бирикмелери.
Суунун молекуласынын түзүлүшү
+
Суунун молекуласы – диполь
–
Суунун молекуласында суутектик байланыштын пайда болушу
- Суу- клетканын физикалык касиетин-көлөмүн аныктайт.
- Көпчүлүк химиялык процесстер сууда гана жүрөт.
- Суунун үч агрегаттык абалы бар.
- Суу - универсалдык эриткич: клетка көпчүлүк заттар сырткы чөйрөдөн суюк түрүндө кирип, кайра чыгат.
- Суу жогорку жылуулук сактагыч жана жылуулук өткөргүч.
- Суу +4 тан 0 градуска чейин тоңгондо, ал кеңеет. Муз ошондуктан суюк суудан жеңил. Бул сууда жашаган организмдер үчүн өтө маанилүү.
«Суунун касиети жана биологиялык ролу»
Суунун касиети
Клетканын тиричилигиндеги суунун ролу.
1. Заттарды эритүү жөндөмдүүлүгү.
-биохимиялык реакциялар сууда жүрөт ;
2. Жогорку жылуулук өткөргүчтүгү.
-ар түрдүү заттарды ташуу үчүн чөйрө (гомеостаз);
-Жылуулук тең салмактуулугун кармап туруу;
3. Буулануу.
Организмдин бардык бөлуктөрүнө жылуулукту тең бөлүштүрүү.
-жылуулуктун тез жоголушу,
4.Формасын сактоо
-күйүп кетүүдөн коргойт
-клетканын формасын кармап турат.
5. Суунун үстүңкү бетинин күчү
Өсүмдүктөрдө, капиллярларда заттарды ташууну камсыз кылат.
Клеткада суунун кармалышы
1. Клетканын типтери
Сөөктө – 20%
Тиштин эмалында – 10%
Нейрон – 85%
2. Зат алмашуунун интенсивдүүлүгү
- 90-95%,
– 60%
Суунун клетканын көп өлчөмдө курамында болушу өтө маанилүү .
Көп суу жоготкон организмдер өлөт, бир клеткалуулар жана көп клеткалуулар да убактылуу тиричилигин токтотот (анабиоз)
- Организм 20% суу жоготсо өлүмгө учурайт!
2% денесинин массасын (1-1,5 л) суусайт, 6-8% эси оойт, 10% галлюцинация пайда болот, жутуу жоголот.
12 % денесинин массасынан, адам өлөт.
Суунун клетка үчүн мааниси
Суу заттарды (туздар, сахар,жөнөкөй спирттер) эритет. Сууда эрүүчү заттарды гидрофильдик д.а.
Майларды суу эрите албайт,алар менен аралаша албагандыгы суутектик байланыш түзө албайт.Сууда эрибей турган заттарды гидрофобдук д.а .
Суунун клетка үчүн мааниси
2.Транспорттук.
Суу клетка аралык жана клетка ичиндеги заттарды ташыйт.
3. Метаболиттик.
Суу клеткадагы бардык биохимиялык реакциялар үчүн чөйрө болуп эсептелет:
а) гидролиз реакциясы
б) Фотосинтез процессинде суу электрондор үчүн донор жана суутектин атомунун булага б.э. Эркин кычкылтектин булагы б.э. Суунун фотолизи – жарыктын таасиринде суунун ажырашы Н+ жана О 2
Суунун клетка үчүн мааниси
4. Структуралык .
а) Клетканын цитоплазмасы 60-95 % суу кармайт.Өсүмдүктөрдө суу клетканын тургордук абалын аныктайт, кээ бир жаныбар клеткаларында таяндыргыч кызмат аткарат (гидростатикалык скелет катары)
(Жумуру жана шакектүү курттар, ийне терилүүлөр).
Суунун клетка үчүн мааниси
5. Жылуулукту жөнгө салуу.
Суу жылуулукту жакшы кармайт жана өткөрөт. Бул касиети организмди бирдей температураны кармап турат .
Минералдык туздар
ион түрундө
Катуу абалда
катиондор
аниондор
К + , Ca 2+ , Na + , Mg 2+
Сl - , HCO 3 - ,
H 2 PO 4 2- , HPO 4 2-
Заттар
Азоттун бирикмелери
Пайда болушу жана орду
Фосфордун бирикмелери
Касиети
Өсүмдүктөрдун клеткасында аммоний жана нитрат иондору калыбына келип,аминокислоталардын синтезине катышат. Жаныбарларда аминокислоталар өзүнүн белогун түзүүгө катышат. Организм өлгөндөн кийин эркин азот түрүндө заттардын айлануусуна катышат.
Белоктордун, аминокислоталардын, нуклеин кислоталардын (ДНК, РНК) жана АТФ тин курамына кирет.
Фтор туздары- фосфаттар,- топуракта өсүмдүктүн тамыры аркылуу сорулуп, ыңгайлашат. Фосфор кислотасынын калдыгы организм өлгөндөн кийин туздарды пайда кылып, минералдашат.
Калийдин бирикмелери
Мембраналык структуралардын курамына кирет; нуклеин кислоталарынын, ДНК, РНК, АТФ,ткань ферменттеринин (сөөк)
Кальцийдин бирикмелери
Калий бардык клеткаларда калийдин иондору түрүндө чөйрөгө караганда аз санда кездешет. Организм өлгөндөн кийин чөйрөгө калий иондору түрүндө кайтат.
"Калиевый насос" клетканын мембранасы аркылуу өтүүнү жөнгө салат.Клетканын тиричилигин активдештирет,импультарды өткөрөт.
Өсумдүк клеткаларында кристал жана клетка аралык заттарды пайда кылат. Сөөктүн, раковинанын, акиташ скелеттеринин составына кирет.
Кальций клеткаларда ион жана кристал туз катарында кездешет.
Катиондор клеткада
Маанилүү катиондор К + , Na + , Ca 2+ ж.б.
Мембрананын сыртында ичине караганда дайыма Na + көп, жана К + аз. Бул катиондор клетканын дүүлүктүргүчүн жана нерв импульсун өткөрүүсүн камсыз кылат.
Клеткада иондордун концентрациясы жана чөйрөсү ар түрдүү
булчуңдардын жыйрылышы
нерв клеткаларынын дүүлүгүүсү
Аниондор клеткадагы
Маанилүү аниондор: Н 2 РО 4 - , НРО 4 2- , НСО 3 -, Сl -
Буфердүүлүк – способность поддерживать рН ты белгилүү деңгээлде кармап туруу жөндөмдүүлүгү.
рН чоңдугу, 7,0 барабар нейтралдууга, 7,0 төмөн – кычкыл, 7,0 жогору – щелочтуу жооп берет . клеткада рН = 7,4.
Иондор
Na+ – натрий
Негизги клеткалык эмес положительный ион. Нерв импульстарын өткөрөт, клеткадагы осмостук басымды кармап турат, гормондордун синтезин стимулдаштырат.
Mg 2+ – магний
Хлорофиллдин структуралык компоненти, ферменттердин пайда болушун активдештирет.
Cl- – хлор
Сөөктөрдө, тиште, ДНКнын синтезин активдештирет, жаныбар клеткаларында энергетикалык байланышты камсыз кылат. Ашказан согунун туз кислотасы түрүндө компоненти, ферменттерди активдештирет.
K+ – калий
Клетканын ичиндеги положительный ион. Нерв импульстарын өткөрөт,фотосинтез процессинде, өсүмдүк өсүүсүндө белок синтезинде ферменттерди активдештирет.
Ca 2+ – кальций
Өсүмдүктөрдө клеткалык кабыктын курамына кирет.Сөөк жана тиштин негизги компоненти.Булчуңдардын жыйрылуусун жана кандын уюшун активдештирет.