Талас райондук билим берүү бөлүмүнө К. Нурбеков атындагы орто мектебинин 2015-2016-окуу жылында «Коррупциялык укук бузууларды алдын алуу жана күрөшүү» боюнча аткарылган иш чаралардын жылдык
Отчету
К. Нурбеков атындагы орто мектебинин 2015-2016-окуу жылында «Коррупциялык укук бузууларды алдын алуу жана күрөшүү» иш планы иштелип чыгып, мектеп жетекчилиги тарабынан бекитилген.
Октябрь айында класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Сатибаева Гүлжамал жана класс жетекчилер тарабынан 8-9-10- класстын окуучуларына «Биз коррупцияга каршыбыз » деген темада тегерек стол өтүлдү.
Ноябрь айында сүрөт сабагынын мугалими жана маданият секторунун башчысы Бообеков Нурболот тарабынан 7-8-9-10-класстын окуучуларын ортосунда «Коррупцияга жол жок!» деген ураандын астында дубал газеталар сынагы уюштурулуп, бул иш чарага 7-9- класстын окуучулары активдүү катышты.
Февраль айында сүрөт сабагынын мугалими Сатибаева Гүлжамал жана класс жетекчилер тарабынан «Коррупцияга каршыбыз» темасында сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдери: Жунусбекова Хадира, Тыналиева Нуркамал тарабынан «Коррупциясыз жашайбыз» темасында дилбаян жазуу иш чарасы уюштурулуп, 9-класстын окуучулары Каналбек кызы Аида, Байышбекова Сезим, 10-класстын окуучулары: Анарбекова Альмира, Самарбек кызы Нургыздын жазган дилбаяндары «жакшы» деп бааланды.
Ата-энелер чогулушу өтүлүп, мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салынары тууралуу айтылды.
Билим берүүчү мекеменин кызматкерлерине , ата-энелерге, окуучуларга мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу жана коррупциялык укук бузуулар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.
Мектеп директору : М. Сабатарова
Аткарган Г.Сатибаева
К. Нурбеков атындагы орто мектебинин 2015-2016-окуу жылына карата «үй бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун алдын алуу» боюнча иш план иштелип чыгып, мектеп жетекчилиги тарабынан бекитилген.
Социалдык педагог, класс жетекчилер жана «Бердике Баатыр» айыл аймагынын социалдык адиси Бакеева Динара менен биргеликте окуучулардын социалдык абалын изилдеп, турмуш шарты оор, жарым жетим, толук эмес үй бүлөдөн чыккан, мүмкүнчүлүгү чектелген, убактылуу жакын адамдарынын колунда тарбияланып жаткан, мигрант ата-энелердин, качкын ата-энелердин балдарынын тизмеси такталып, мектептин каттоосуна алынды. Социалдык педагог үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери менен биргеликте «Ден соолук»бурчу уюштурулуп, тиешелүү материалдар илинген.
Окуучулардын, мугалимдердин, техникалык кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүү максатында медициналык кароодон өткөрүлдү.
Окуучулардын өсүп өнүгүүсүнө салым кошуу, сабактан тышкаркы бош убактысын туура пайдалануусу үчүн мектепте предметтик , дене тарбия, чет тили жана музыка ийримдери иш алып барат. «Кыздар клубунун»төрайымы Эргешбаева Гүлнура тарабынан 7-8-9-10-класстардын окуучу кыздары менен биргеликте «Жакшы кыз жакадагы кундуз», «Кыргыздан чыккан атактуу айымдар» темаларында жолугушуу өтүп, талкуу жүргүзүлдү.
Класс жетекчилер тарабынан «Балдар укугу», «Менин укугум жана милдетим», «Биз жашаган коом»темаларында класстык сааттар өтүлдү.
Мектепте окуучулардын укугун коргоо жана алар менен тыгыз иш алып баруу максатында «Ишеним почтасы»уюштурулуп, жыйынтыгы комиссиянын курамы тарабынан чыгарылып турат. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору Мырзалиев Улан 8-9-10-класстын окуучулары менен зордук-зомбулукту алдын алуу жана болтурбоо масатында «Мектеп рэкети», «Менин укугум жана милдетим» темаларында жолугушуу өтүп, талкуу жүргүзүлдү. Мектепте уюштурулган «Алтын балалык»клубунун мүчөлөрү менен биргеликте «Укук деген эмне?»темасында тегерек стол уштурулуп, «Балдар укугу» конвенциясынын беренелери боюнча маалымат берилип, талкуу жүргүзүлдү. Кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдери: Жунусбекова Хадира, Тыналиева Нуркамал тарабынан 5-6-класстын окуучуларына «Менин үй бүлөм», «Мен жана апам», «Бактылуу балалык» темаларында эссе жазуу иш чарасы өтүлүп. жыйынтыгында 6а-классынын окуучусу Фархад кызы Аделя, 6б-классынын окуучусу Урмат кызы Алина жана 5а-классынын окуучусу Масалбеков Кылым байгелүү орунга ээ болушту. Сүрөт сабагынын мугалими Эстебесов Акимбек башталгыч классынын класс жетекчилери тарабынан «Бактылуу балалык», «Менин үй бүлөм» темаларында сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Бул иш чарага 3б-классынын окуучулары активдүү катышты.
Социалдык педагог Сатибаева Гүлжамал класс жетекчилер менен биргеликте 5-6-7- класстын окуучуларына “үй бүлөдөгү, көчөдөгү жана мектептеги зомбулук” темасында тегерек стол уюштурулду.
Апрель айында мектеп жетекчилиги , класс жетекчилер жана ата-энелер комитети тарабынан “үй бүлөдөгү жагымдуу маанайды чыӊдоо” максатында ата-энелер менен жолугушууларды өтүштү.
Класс жетекчилер, социалдык педагог тарабынан «Балдар укугу»конвенциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, класстык сааттар өтүлүп турат.
Мектеп директору:_______________Курбанова З. Аткарган Сатибаева Г
Талас райондук билим берүү бөлүмүнө К. Нурбеков атындагы орто мектебинин 2015-2016-окуу жылында “Биз кылмыштуулукка жана суецидге каршыбыз ” темасында өтүлгөн форумдун жыйынтыгы боюнча
Билдирүү
2015-2016-окуу жылынын 18-майында ___Султанбеков атындагы орто мектебинде Талас райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган “Биз кылмыштуулукка жана суецидге каршыбыз” темасындагы форумга К. Нурбеков атындагы орто мектебинин төмөндөгү окуучулар катышып келишти:
Сапар уулу Майрамбек-10-класс
Самар кызы Нургыз-10-класс
Жылдыз уулу Сыргак-9-класс
Болотбек кызы Мадина -9-класс
Акыбаева Айдана-8-класс
Эркинбек кызы Жанара-8-класс
Жамалбекова Бегимай-7-класс
Буланов Дөөлөтбек-7-класс
Аязбеков Нуртаазим-6-класс
Тазырбеков Жакшылык-6-класс