Сезим жана эмоция.
План:
1.Сезим жана эмоция жөнүндө түшүнүк.
2.Стеникалык, астеникашык жана амбивалентүү сезимдер.
3.Эмоция менен сезимдин физиологиялык негиздери.
4.Эмоциялык абалдар.
5.Эмоцияныи сигналдык жана башкаруучулук функциясы.
6.Жогорку сезимдер.
Сезим жана эмоция
Сезим жана эмоция жөнүндө түшүнүк.
Адам реалдуу дүйнөнү таанууда ага пассивдүү мамиледе болбойт, активдүү аракеттенет. Ошол эле учурда өзү курчап турган ал заттын таасирине да кабылат. Ушундай кайчылаш мамиленин негизинде таасир эткен дүүлүктүргүч жана өзүнүн аракти жөнүндө адамда ички субьективдүү ой толгоо пайда болот, Жасаган ишинин натыйжасына, таасир эткен дүүлүктүргүчтүн мүнөзүнө карата суйүүнү, өкүнүү, канаатанбоо, жек көрүү сезимдери калыптанат. Бир обьект адамды кубантат, сыймыктантат, экинчиси кайгыртат, үчүнчүсү кайдыгер абалда калтырат. Адамды өзүн курчап турган өкүнүчү, кубанычы жана башка илиминде эмоция жана сезим деген белгиленет.
Эмоция, сезим процесстери адамдын өзүн курчап турган чындыктагы кубулуштарга, заттарга болгон субьективдүү мамилесин көрсөтөт. Дүйнөнү таануу, өзгөртүу аракетиңде личностто жекече мамиленин пайда болушуна алып келет. Алар субьективдик, жекелшс гана мүнөзгө ээ болуп, адамдын түрдүү жактары менен сырдуу байланышта турат,
Эмоция менен сезимдин (чувство) табиятын ачык түшүнүү үчүн аларды сезүү (ощущение) процесси менен оң. Сезүүдө личность заттардын айрым касиеттери менен мамиледе болуп, ошол касиеттер аркылуу зат жөнүндө маалымат алат. Сезүү сезим процесстери бири-бири менен тыгыз байланышта турат. Сезүү -эмоция процессин пайда кылуучу булак. Ошол эле мезгилде өзү эмоциянын негизинде пайда өзгөрүүгө дуушар болот.
Адамды курчап турган объективдүү чындык эмоцияны козгойт жана эмоцияньга жардамы менен дүйнө таанылат. Адам баласынын эмоциясыз чыңдыкты изилдөө эч качан болбогон жана болбойт. Жазуучулардын акындардын улуу эмгектерн да дайым эмоциянын таасиринде жаралган. Анткени тигил же бул иш -аракетин аткарууда эмоциялык абал адамдын өзүндөгү ичжи жашыруун энергиясын колдонууга мүмкувдүк берет. Бута мисалдар көп. Катуу ылдамдыкта жаткан автобустун дөңгөлнөгүнөн эне баласын куткарып калууга үлгүрө алат. Же Ата-Мекендик согуш учурунда солдатгардъш оор согуш куралдарын татаал жерлерге көтөрүп чыгышын элестетели.
Эмоция өзүнүн тар маанисинде адамдын алгачкы органикалык керектөөсү менен байланышкан (канааттануу, канааттанбоо) жөнөкөй органикалык талаптарда (тамак-аш, үй-жай, кийим-кече) пайда болот. Сезим болсо - адам баласынын тарыхый өнүгүүсүндө керектөө менен өзөктөшкөн татаал психологиялык мамиле, өзгөчө процесс. И.П.Павлов да эмоция менен сезимди бир, мазмундаш кубулуш деп караган эмес. Эмоцияны инстингт, сезимди социадцык турмуш менен байланыштыган. Кыскача айтканда, эмоция менен сезим процесстеринин ортосундагы айырмачылыктар төмөнкүдөй.
- Сезим адамга гана тиешелүү, эмоция адамга да макулуктарга д а таандык.
- Сезим социалдык турмушка көз каранды.
Адамдагы сүйүү, жек көрүү, жолдоштук ымала, түрдүү умтулуулар коомдук тарыхий өнүгүүнүн негизиңце келип чыккан. Эмоция мындай мүнөзгө ээ болбойт. Эволюциялык өнүгүүдөн, органикалык керектөөлөрдү канаатавдыруу зарылдыгынан пайда болгон жана сезимге караганда алгачкы. Көп учурда адам менен айбавдын эмоциясынын пайда болуусу окшош келет. Аны ачынуудан, жыныстык канааттануудан ачык байкайбыз. Бирок сезим социалдык таасирдин жардамы менен иретке сачынып турат, Дегинкиси, сезим кишинин социалдык муктаждыктарына негизделген. Эмоция - анын дифференцияланган бир түрү. Демек, эмоция жана сезим турмушундагы же таануу аракетиндеги, иш процесиндеги же башка ар түрдүү кырдаалдагы адамдын ички мамилесинин түрдүү формаларын чагылдыруучу психологиялык т\ш\н\ктър
Стеникалык, астеникашык жана амбивалентүү сезимдер.
Астеникалык сезим көңүлдүн туруксуз-«күч») дугу, уйкунун бузулушун, сезгичтиктин чектен сезим.____ төмөидөшүн, тез чарчагандыкты жана начарлоону туюндуруучу процесс. Бул сезимде ишке болгон аракет төмөндөйт, энергия пастайат.
Стеникалык сезим индивиддин жогорулаган иш жөндөмдүүлүгүн, түрдүү тоскоолдуктарга болгон туруктуулугун, узак убакытка чейин иштөө жөндөмдүүлүгүн мүнөздөйт. Бул еезимде жүрөк кубатуу иштеп, кан басымы жогорулайт, энергия күчөйт.
Амбиваленттик сезим (амбивалент -латын сөзүнөн бизче «эки», «күч»). Бул амбиваленттик сезим түшүнүгүн швейцария-лык психиатр Э.Блейлер сунуш кылган. Бул сезим бир эле мезгилде, бир эле кубулушка, бир эле затка адамдын эки башка көз карашта болуусун билдирет. Мисалы, Сүйүү менен жек көрүү, ыраазычылык менен нараазычылык ж.б. Бул оезимдердин бирөөсү четтетилет экинчиси далдаасында калат.
Эмоция менен сезимдин физиологиялык негиздери
Физиологдор, психологдор - невроз. инфаркт, миокард, гипертония, аш казан ооруусу, он эки эли ичегинин жараты, кант диабети сыяктуу ооруулар терс эмоциянын натыйжасы экенин танышпайт. Саналган ооруулар акыркы жылдары 20 эсе жогорулаганы байкалган. Мындан тышкары азыркы учурда дене гигиенасы менен өз ара мамиле «гигиенасы» актуалдуу мамилелердин бирине айланууда. Ушундай кырдаал эмоция менен сезимдин физиологиялык негизин билүү зарылчылыгын туудурат.
Эмоция адамдын денесивдеги түрдүү өзгөрүүлөргө: жүрөктүн иштешине, кандын жүрүшүнө, дем алуу органдарынын, булчуң эттердин аракетине таасирин тийгизип, бардык организмдин кызматын башкарып тургандай элес калтырат. Жүрөк нормалдуу абалда мүнөтүнө 70 жолу кагат, ал эми эмоцияналдуу абалда 150 гө чейин жетет. Дюмо ар кандай эмоцияналдык абалда бир мүнөттөгү дем алуунун төмөнкүдөй сандык көрсөткүчүн келтирет: кубанганда 17 жолу, пассивдүү капаланууда 9 жолу, активдүү капаланууда 20 жолу, корккондо 64 жолу, ачууланууда 40 жолу. Күчтүү эмоциялык абалда тургандан ашказавдын иштөөсү начарлайт. Тамак сиңирүүчү ширелердин бөлүнүшү азаят.
Адамдын эмоциялык сезимдерин башкаруучу орган баш мээ болуп саналат, Негизги милдет чоң жарым шардын кыртышына таандык. И.П.Павлов өзүнүн изилдөөсүндө эмоциянын, сезимдин, денедеги өзгөрүүлөрдүн жүрүшүн чоң жарым шардын кыртышы башкарбастан, «вицералдык мээнин» таламус, гипоталамус, лимбикалык системанын иш аракеттери да көмөктөшөөрүн далилдешкен. Бул борборлордо рахаттануу, кайгыруу, жыныстык канаатануу борборлору жайланышканын билебиз. Эмоцияны, сезимди башкаруучу борборлордун баш мээде обьективдүү жашай турганын далилдей турган так эксперименттер жүргүзүлгөн.
1953-жылы Д.Олдс чычкандьш баш мээсинен «канааттануу» борборду тапкан. Чычканды атайын жасалган клеткага камап, анын башы аркылуу электр тогу бар чынжыр етркерет да токту туташтыруучу кнопканы клетканын ичине жайлаштырат. Электр тогу чычкандын башы аркылуу өтүп тургак учурда. чычкан клеткадагы клетканы бир канча миң жолу, токту ажыратып койгондо бар болгону 10-15 жолу баскан.
Дж.Ингрем менен Ренсон маймылдын гапоталамусун иштен чыгарып, ал аркылуу электр тогун өткөргөндө анда эч кавдай эмоцияналдык реакция пайда болгон эмес. Тескерисинче, гипоталамусу иштеп турганда, ток жиберилсе, коркуу ачуулануу сыяктуу эмоциялары козголгон. Швед Дж.Андерсен эчкинин баш мээсинин белгилүү бөлүгүнө ийне менен хлористый-натрийди куйганда эчкиде сууга болгон ач көздүк келип чыккан. Сууну ичи жарылганга чейин иче берген. Дүүлүгүнү токтоткон соң эчкинин суу ичкени калган сууга чаңкоо гипоталамуста жатканы ачык.
Эмоциялык абалдар
Адамда күчтүү, күчсүз дүүлүктүргүчтөрдүн таасиринен пайда болгон абал кыска узак убакытка созулушу ыктымал мындай абалдар спецификалык мүнөзгө ээ жана түрдүү формада кырдаалда кздешет.
Көңүл - жагымдуу, жагымсыз, пайдалуу, пайдасыз ж.б. ар т\рд\\ дүүлүктөргүчтөрдүн жалпы организмге таасир этишинин натыйжасына адамдын жакшы, жаман сезүү абалы психология илиминде көңүл деген түшүнүк аркылуу туюнтулат. Көңүлдүн пайда болуу себептерине төмеякүлөр кирет: Начар интенсивдүүлүккө ээ. Мисалы, кайгыруу, чочулоо сыяктуу касиеттер адамдык толкундоо абаяына кирет. Белгилүү убакытка созулат. Бир саатка, бир күнгө же андан ашык. Белгисиздик мүнөзгө ээ. Көңүлдүн тигил же бул түрүн пайда кылуучу себептер адамга алдын ала белгисиз болот.
Органйзмдин физикалык абалы, сырткы шарт адамдар менен болгон мамиле ар дайым көңүлдүн пайда болушуна түрткү берет. Көңүлдүн туруктуу болушу адамдын жашына мүнөзүнө. жеке өзгөчөлүктөрүнө темпераментине, эркине байланыштуу болот. Иш - аракетке анын түрдүүчө натыйжасына көңүл сөзсүз таасир этет. Көңүлү куунак абалда адам өзүн чыйрак сезет, ишке жөндөмдүүлүгү кескин түрдө жогорулайт.
Аффект (келесоолонуу, жиндөө). Адамдагы эффективдүү абалдын төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрү бар. Эң чоң интенсивдүүлүктө жүрөт, ачьгк байкалат. Адам эффективдүү абалда турганда, колдору түйүлүп, үнү катуу чыгып, дем алуусу начарлап, бети канга толгондой кызарып кабагы бүркөлөт. Адам эффективдүү абалда өзүн-өзү жоготуп, бир орунда катып калышы мүмкүн же эффектиге себепчи болгон шартган качууга аракет кылат. Кыска убакытка созулат.
Отчетсуз мунөзгө ээ болуу абалы. Аффективдүү абалда адам өзү жасап жаткан ишке маани бербейт, аракетин өзү башкара албай калат. Мисалы 22 жаштагы Н аттуу келиндин сулуу, сымбатуу күйөөсү болгон. Күндөрдүн биринде келин ишке баратып, жолдош кызынын үйүнөн күйөөсүнүн үнүн угуп калат. Үйгө кирсе, күйөөсү жолдош кызы менен турат. Күйөөсү уялуунун ордуна аялын шылдывдагандай карайт, Үйүнө келип эч нерсе болбогондой кир жууйт, келген милиционерлерге, алардын суроолоруна таң калуу менен карайт.
Диффузиялык мүнөзгө ээ аффектини пайда кылуучу дүүлүктүргүч адамдын бүткүл денесине бийлик кылып, аң- -сезимди иштен чыгарат. Мындай абалда адам чекгелген гана ^ обьектилерге көңүл бурат. 9
Ошентип аффект - адамдын аң сезимин толук, тез ээлеп, дуулдап өтүүчү эмоционалдык процесс.
Стресс (чыңалуу). Бул татаал психикалык процесс. Стресс адамдын кыймыл-аракеттеринин, ойлоосунун жогорку а чыңалуу абалында өтүүсүн мүнөздөйт. Ал коркунучтуу абалда аракет кылганда, иш аткаруу убактысынын чукулдугунда, иште көп белгиеиздиктер орун алганда пайда,м болот. Стресстик абал жогорку өкмөттүк дэңгээлдеги & адамдардын сөздөрүн которгон котормочуларда ачык байкалат. Алар кьюка убакыгтын ичинде айтылып жаткан убакытттын ичинде айтылып жаткан маалыматтарды мазмунун бузбай, так которуп, угуучуга жеткизүүгө тийиш. Которуу учурунда котормочулардын кан тамыры бир минутада 160 жолу соккон, электрокордиограмма кескин түрдө бузулган.
Адамдын иш аракетине, жүрүш-турушуна стресстик таасир этиши нерв системасынын түрүнө жараша болот. Козголуу тибиндеги адамдар стресстик абадда көп сөздүү болуп, колу менен керексиз кыймылдарды жасайт. Көңүлү ойлоосу тез алмашат, Ал эми тормоздолуу нерв системасына ээ болгон адамдар өзүн эркин кармай албай. кыймылдары жайлайт. Стресстик абалда пайда кылган дүүлүктүргүчтөрдү көп эстей берет, ойлоо аракети начарлайт.
Стресстин табиятын биринчи болуп Г.Силье изилдеген. Адам стресстик абалда турганда үч стресстик абалды башынан кечирерин аныктаган. Биринчи фаза - «коркунуч реакциясы». Мывда адам стресстик абалды жеңүү үчүн бүткүл абалын жумшайт. Кан коюлуп, хлордун сосставындагы иондор азаят, нерв ткандарынын начарлашы байкалат. Экинчи фазасьшда организм таасир эткен дүүлүктүргүчтөргө көнө баштайт. Кан, салмак, хлордун составы калыбына келет. Эгер адамга таасир эткен күчтүү дүүлүктүргүчтүн таасири алынып салынбаса, анда стресстин үчүнчү фазасы пайда болот. Ал көтөрүмдүк же арыктоо фазасы болот. Анда адам физиологиялык жактан өзгөрөт же өлүм коркунучу туулат. Ошентип - стресс күтүлбөгөн, ыңгайсыз абалда пайда болуу менен бирге чоң нервтик чьщалууну жумшап, белгилүү иш-аракетти аткарууда пайда болгон эмоционалдык процесс.
Стресске окшогон кубулуштардын бири - фрустрация. Бул англис сөзүнөн которговдо «пландын бузулушу, жолу болбогондук» деген маанини берет,
Фрустрация - кайгьшы баштан кечирүүнү, канаатан-баган, көздөгөн максатка жетпеген абалды көрсөтүүчү терс эмоционалдык процесс. Анын ачык көрүнүшү болуп депрессия, агрессия саналат.
Бул жооптуу ишти аткара албагандан, жолдошторунун? туугандарынын алдында өзүн жоопкерчилигин, күнөөлүүлүгүн сезип, ал абалдан чыга албагандан пайда болот. Кыскасы депрессия терс эмоциялык фовдо пайда
болуп, адамдын мотивациялык сферасын өзгөртөт, таануу? мүмкүнчүлүгүн, жүрүш-турушун жалпы абалын начарлатат.
Эмоцияныи сигналдык жана башкаруучулук функциясы
Эмоция жана сезим обьективдүү дүйнөнү Адам жана, жаратылыштын ортосундагы мамилени чагылдыруу менен бирдикте конкреттүү функцияны аткарат,
Сезимдин эки кызматы бар: биринчиси билдирүү (мимика) бет булчуңдарынын өзгөрүшү: понтомимика -жаңсоо жана дене булчуңдарынын абалдары, экинчи башкаруучулук адамдын жүрүш-турушундагы өзгөрүлүүчү функция. Адам алынган сигналдардын жардамы менен өзүнүн иш-аракетин, жүрүш-турушуи башкарат. Демек, эмоциянын башкаруучу-лук функциясы пайда болот. Бул функция адамдагы толкундоолорду, жүрүш-турушту багыттайт, ара-кетги активдештирет.
Эмоция жана сезим сезүү (ощущение) башка психикалык процесстер сыяктуу эле обьективдүү чыадыкты үйрөнүүгө көмөктөшүү менен бирге айлана-чөйрөнүн терс таасиринен алыстоого, пайдалуу жагьш көздөй адамды багыттап турат. Сезимдин сигналдык кызматы адамдын организминен же аны курчап турган чөйрөнүн өзгөрүшүнөн пайда болот.
Жогорку сезимдер
Жогорку сезимдер моралдык, интеллектуалдык, эстетикалык болуп бөлүнөт. Алар адамдын рухий дүйнөсүн, личность катары потенциалдык деңгээлин мүнөздөйт.Моралдык сезим, коом тарабынан иштелип чыккан моралдык категориялардын негизивде адам өзүн курчап турган обьектилерге карата мамилесин билдирет. Авда личносттун адамдар ортосундагы мамилеге, -өзү жашаган коомго болгон жекече көз-карашы чагылат. Моралдык сезим этикалык нормалардын. адамдык мамилелердин системасында пайда болот. Ар бир коом, эл өзүнүн жашоо чөйрөсүнө жараша белгилүү моралдык нормаларды иштеп чыгат. Адамдын моралдык сезими жакшы көрүүдө, сыйлоодо жек көрүүдө, сүйүүдө, ыраазылык билдирүүдө байкалат. Моралдык сезим социалдык мүнөзгө ээ болуу менен бирге өтө татаал, көп кырдуу көрүнүш. Психологияда ойлоо менен эмоциялык сезимдердин ортосунда тыгыз байланыштын бар экендиги маалым. Эмоция ойлоо аракетин башкарууга, жөндөмдүү, Адам таануу процессинде ар кавдай жаңы гипотезаларды жаратат. Алардын реалдуулугун. тактоо, далилдөө же жокко чыгарууда адамда ишенбөө, таң калуу, кызыгуу жана кубануу сыяктуу эмоциялык абалдар пайда болот. Бул абалдар адамдын алдывда турган гипотезаларды кунт коюп, анализдөөгө, баалоого мажбур кьшат. Натыйжада жаратылыштын закондору ачылат.
Интелектуалдулук сезим. Адам баласынын акыл иш-аракетине байланыштуу пайда болгон сезимди айтабыз. Ушул сезимдин адам баласында жашашы менен адам айбандардан айырмаланып турат. Анын калптанышы социалдык табиятка жараша болот.ж.б. Эстетикалык сезим. Адам баласынын өз колунда. жасаган же жаратылыштагы кооздукту кабыл алуудан пайда болот. Бул сезимди кооз предметтер, табияттын көркү, искусствонун шедеври туудурат. Сулуулук адамды өзүнө тартып, анын ички дүйнөсүндөгү түрдүү өзгөрүүлөргө алып келет. Эстетикалык сезимди жалаң гана сулуу предметтер эмес, өтө интеллектуалдуу личность да, өз эмгеги менен элди таң калтырган инсан да козгой алат.
10