Просмотр содержимого документа
«Сүйлөм толуктоо»
Термечикова Нарынкан
Сөздүк – логикалык тест
Сүйлөмдөрдү толуктоо
Сүйлөмдөрдү толуктоо
1. Айтылган ойдун ар кайсы бөлүктөрүнүн ортосундагы логикалык байланышты түшүнүүңүзгө;
2. Сөз байлыгыңызга баа берет
Тапшырма:
1. Бир же бир нече сүйлөм берилет;
2. Бирден төрткө чейин бош орун калтырылат;
3. Төрт вариантта жооп берилет;
4. Жооптордо бош калган жерлерге коюу үчүн сунушталган сөздөр берилет;
Сүйлөм деген эмне?
- Сүйлөм – маанилик жана грамматикалык жактан өз ара тыгыз байланышкан сөз же сөздөрдүн тизмеги.
1. Кыргыз, эл, учур,кырдаал, биримдик,жең,чык.
Жогорудагы сөздөр сүйлөм эмес, жөн гана сөздөр. Эми ушул сөздөрдү грамматикалык жактан байланыштырабыз.
Кыргыз эли учудагы кырдаалды биримдик менен жеңип чыгууда.
Сүйлөм деген эмне?
- Сүйлөм – маанилик жана грамматикалык жактан өз ара тыгыз байланышкан сөз же сөздөрдүн тизмеги.
1. Кыш,гүл, гүлдө, кар, муз, тоңуу.
Жогорудагы сөздөр сүйлөм эмес, жөн гана сөздөр. Ал эми бул сөздөр маанилик жактан байланышуусу мүмкүн эмес. Себеби,алар логикалык жактан бири-бири менен байланыша албайт.
Сүйлөм деген эмне?
- Демек, сөздөр сүйлөм болуу үчүн алар маанилик жана грамматикалык жактан ажырагыс биримдикте болуусу зарыл. Сүйлөм толуктоо, сидерден дал ушул көндүмдү талап кылат.
Суроонун үлгүлөрү:
1. Чачтын ___________болушу үчүн калориялуу жана курамында белогу ____________тамак_____________.
А. Узун / көбүрөөк / керек эмес
Б. Бекем / көбүрөөк / керек
В. Бекем / азыраак / керек
Г. Узун / азыраак / керек эмес
Туура жооп: Б варианты
Суроонун үлгүлөрү:
2. Эл __________болгон өз ____________шайлоо аркылуу ишке ____________.
А. Бийликке / укугун / ашырат
Б. Байлыкка / милдетин / ашырат
В. Президентке / талабын / жеткирет
Г. Бийликке / укугун / ашырбайт
Туура жооп: А варианты
Көңүл буруу керек:
Анткени, бирок, карабастан деген сыяктуу сөздөргө,себеби, дал ушулар логикалык негизди түзөт;
Туура жооптор бир гана вариантта, ар кайсы варианттан бирден сөз алууга мүмкүн эмес;
Сүйлөмдүн маанилик түрлөрүн аныктап, ошого жараша жооп издөө керек.
Тыянак:
- Сүйлөм толуктоо тесттериндеги суроолорго жооп берүү үчүн кадимки эле кыргыз тилинин грамматикасындагы татаал сүйлөмдүн түрлөрүн билүү зарыл;
- Ал эми даярдануу үчун ар бир окуучу ТАБИГЫЙ, ГУМАНИТАРДЫК, ТЕХНИКАЛЫК илимдерди жана КООМДУК окуя кубулуштарды жакшы изилдеп, мыкты өздөштүрүүсү керек. Башкача айтканда, окуучу мектептеги бардык сабактарга өтө терен көңүл буруп окуусу зарыл.
Сүйлөмдөрдүн маанилик түрлөрү
Сүйлөм толуктоо суроолорунда сүйлөмдүн маанилик түрү эң негизги ролду ойнойт.
Сүйлөмдөрдүн маанилери салыштыруу, себеп-натыйжалаш, карама-каршы, шарттуу же түшүндүрмө түрүндө болушу мүмкүн.
Саламатта калыңыздар!