Сабакка чейин
Сабактын темасы: Таза заттар жана аралашмалар.
Сабактын методу: Айтып берүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: Жаңы теманы түшүндүрүү
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Таза заттар жана аралашмалар боюнча окуп үйрөнүшөт | Таза заттарды атап бере алышса; Таза заттардын касиеттерин айтып бере алышса Аралашмаларга мисал келтирип анын негизинде аралашмага далилдүү аныктама бере алышса. |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Заттардын касиеттери, аралашма менен таза заттын айырмачылыктары, жаратылыштагы заттардын таралышы, аралашмадан таза затты бөлүп алуу ыкмалары боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жаратылыш байлыктарын сактоого, туура пайдаланууга тарбияланышат | Заттардын касиеттери; аралашма менен таза заттын айырмачылыктарын; жаратылыштагы заттардын таралышын; аралашмадан таза затты бөлүп алуу ыкмаларын айтып бере алышса Жаратылыш байлыктарын сактоо, туура пайдалануу жолдорун айтып бере алышса. |
Күтүлүүчү натыйжа:
Таза заттардын касиеттерин айтып бере алышат
Аралашмаларга мисал келтирип анын негизинде аралашмага далилдүү аныктама бере алышат.
Заттардын касиеттери;
аралашма менен таза заттын айырмачылыктарын;
жаратылыштагы заттардын таралышын;
аралашмадан таза затты бөлүп алуу ыкмаларын айтып бере алышат
Жаратылыш байлыктарын сактоо, туура пайдалануу жолдорун айтып бере алышат.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Жаратылыштагы таза заттар жана аралашмалар боюнча маалымат алышат. Аралашмалардан таза заттарды бөлүп алууну үйрөнүшөт.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): заттар, заттардын каисеттери, химиялык идиштер, бөлүп алуунун айрым ыкмалары (чөктүрүү, чыпкалоо) боюнча маалымат бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: Эс алуу” деп доскага жазуу. Ар бир окуучу өзүнүн аты менен байланыштырып (мисалы Менин атым Айчүрөк эс алууга Эстонияга бардым андан кийинкилери Айчүрөк эс алууга Эстонияга барса мен Адилет деп улап кетет) сүйлөм түзөт.
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
Химия кабинетиндеги техникалык коопсуздук эрежелерин жана химиялык идиштердин аттарын жаттоо. Химиялык идиштердин сүрөтүн тартып аталышын жазуу.
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Таза заттар жана аралашмалар
Белгилүү бир шартта туруктуу физикалык касиеттер менен мүнөздөлгөн, тынч абалда тиешелүү массага ээ болгон бөлүкчөлөрдүн туруктуу тобу зат деп аталат. Ар бир зат бир түрдүүлүгү жана курамынын туруктуулугу менен мүнөздөлөт. Бир түрдүү берилген зат өзүнүн бардык массасында бирдей касиетке ээ дегендикти түшүндүрөт.
Зат тазалыгы, физикалык константаларынын көрсөткүчтөрү менен аныкталат, эгерде зат таза болсо, анын физикалык касиеттери (эригичтик, балкып эрүү жана кайноо температуралары, тыгыздыгы ж. б.) турактуу сандык маанилерди көрсөтөт.
Мисалы, сырткы атмосфералык басым ρ = 1 атм. болсо, анда таза суу 100° С кайнайт, 0° С тоңот жана 4° С анын тыгыздыгы максималдуу ρ = 1 г/см барабар болот.
Жаратылышта заттар көбүнчө аралашма түрүндө кездешет. Таш, топурак, жыгач, бетон, чоюн ж. б. объектилер бир нече заттан тургандыгын жөнөкөй көз же башка куралдын жардамы менен көрүүгө болот.
Мисалы, куймалар бир түрдүү болгону менен алардын курамы өзгөрмөлүү болот, демек, касиеттери курамына жараша өзгөрөт. Аралашмалар бир өңчөй - гомогендүү болгону менен таза затка жатпайт. Жаратылыш суусунда туздар менен газдар аралашмасы болот. Заттар аралашмасынын ар бири таза заттар сыяктуу эле белгилүү касиетке ээ болот, бирок ал касиет аралашмадагы таза заттардын массалык катышына жараша өзгөрөт. Кээ бир учурларда физикалык методду колдонуп, зат таза же аралашма экендигин аныктоого болот. Эгерде таза сууга кайнатма тузду эритсек, анда анын кайноо температурасы жана тоңуу температурасы өзгөрөт. Туздуу суу жогорку температурада кайнайт жана төмөнкү температурада тоңот.
Химиялык өнөр жайларда өндүрүлгөн продуктуларда кандайдыр бир өтө аз өлчөмдө болсо да аралашмалар болот. Бул аралашмалардын өлчөмү атайын мамлекеттик стандарт менен кабыл алынат. Аралашмалар бир тектүү жана бир тектүү эмес болуп бөлүнөт: бир тектүү аралашмаларды түзгөн бөлүкчөлөрдү микроскоптун жардамы менен аныктоого мүмкүн эмес.
Мисалы, газдар аралашмасы, кайнатма туздун суудагы эритмеси. Ал эми бир тектүү эмес аралашмаларды микроскоптун жардамы менен көрүүгө болот.
Мисалы, кан бирдей кызыл суюктук. Микроскоп менен караганда кызыл, аккан денечелерден тургандыгын көрүүгө болот, ал эми тоо породалары, топурак, таш ж. б. сыяктуу кесек аралашмаларды көрүп эле ажыратууга болот.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
1.Аралашманы жана таза затты бөлүүнүн ыкмаларын мүнөздөп бергиле. 2. Төмөнкү аралашмаларды кантип бөлүшөт: а) спирт менен суунун; б) кум менен канттын; в) темир менен жез күкүмдөрүнүн; г)суу менен бензиндин? 3. Жаратылыштагы кендерден кантип таза туз алышат? | |
Үйгѳ тапшырма:
1. Эритмеден кайнатма тузду кантип бөлүп алууга болот?
2. Үй-тиричилигинде кездешкен, колдонулган аралашмалардан мисал келтиргиле.
3. Ылай сууну кандайча тазалашат?
Баалоо:
3