СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Таза заттар жана аралашмалар

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын  темасы:     Таза заттар жана аралшмалар.

 

Сабактын  максаты:

                               Конкреттүү максаты:  ( билим  берүүчүлүк)

Окуучулар  затты түзгөн бөлүкчөлөр боюнча билим алат, атомдун  молекуланын касиеттерин, түзүлүшүн окуп үйрөнөт, Окуучулар зат жөнүндө түшүнүк алат. Зат менен нерсенин айырмасын билишет.  Мисалдарды келтирет. Атомдун касиеттерин окуп билишет. Молекуланын касиетин окуп билишет. Атом , молекуланын кыймылдарынын негизинде жаратылыштагы кубулуштарды таанып билишет.

Просмотр содержимого документа
«Таза заттар жана аралашмалар»



Сабактын темасы: Таза заттар жана аралшмалар.


Сабактын максаты:

Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)

Окуучулар затты түзгөн бөлүкчөлөр боюнча билим алат, атомдун молекуланын касиеттерин, түзүлүшүн окуп үйрөнөт, Окуучулар зат жөнүндө түшүнүк алат. Зат менен нерсенин айырмасын билишет. Мисалдарды келтирет. Атомдун касиеттерин окуп билишет. Молекуланын касиетин окуп билишет. Атом , молекуланын кыймылдарынын негизинде жаратылыштагы кубулуштарды таанып билишет.


Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)

-Окуучулар атом . молекуланын касиетин ,түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен заттарды жана башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;

-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак

Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: синквейн, топ менен иштөө ж.б.

Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. Резерфорддун портрети.ж.б.

С абактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)

Өтүлгөн теманы кайталоо үчүн суроолор же жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.

  • Химия предмети эмнени окутуп үйрөтөт?

  • Зат деген эмне?

  • Заттардын касиети деген эмне?

  • Заттар бирине айлануу учурунда кандай кубулуштар жүрүп турат?

  • Мисалдар келиргиле.

Жаӊы тема: Таза заттар жана аралшмалар.

Ж аратылышта таза заттар кездешеби? (1мин окуучулар өз алдынча иштешет).

Суроо талкууланат.

Мугалим тарабынан жаӊы теманы өтүүнүн алдында окуучуларга төмөнкү практикалык иштерди аткаруу сунушталат:

Мисалы: Окуучуларды 2 топко бөлүнүп 2 практикалык иш аткарышат.

1-практикалык иш: 100мл сууга 1кесек кантты салып толук эрип кеткенге чейин аралаштырып, толук эригенден кийин алынган эритмедеги эриген затты байкап, дептерлерине жыйынтык жазышат. Эрип жүргөн затты айырмалоого болобу?- деген суроого жооп беришет.

2 - практикалык иш: 100 мл сууга кумду салып аралаштырып. Алынган заттын абалын байкап,жыйынтык чыгарат. Эрип жүргөн затты айырмалоого болобу?- деген суроого жооп беришет.

Андан кийин окуучулар дептерлерине төмөнкү схеманы чийип аралшама боюнча маалымат алышат.





Гетерогендүү жана гомогендүү аралашмааларга мисалдар келтиришет.

М угалимдин сөзү : Заттардын касиетин изилдөө үчүн аралашмаларды бөлүү зарылчылыгы келип чыгат.Аралашмалардан заттарды 100% таза бөлүү мүмкүн эмес. Ошондой болсо да мүмкүн болушунча тазалоого аракеттенебиз.

Анда эмесе аралашмаларды бөлүүнүн төмөнкүдөй жолдору бар.

Бир тектүү аралашманы бөлүү :

  • дистирлөө ;

  • кристаллдаштыруу ( туз – суу);

  • Бууландыруу ( суу- аш тузу);

  • Кургак буулантып айдоо ( нефть).

  • Хроматография ( дары-дармектерди тазалоо)

Дистирлөө, кристаллдаштыруу, бууландыруу боюнча практикалык иштер аткарылат. Кургак буулантып айдоо, хроматография боюнча интернет булактарынан пайдаланып таанышат, же мугалим тарабынан даярдалган презентация боюнча таанышат.

Бир тектүү эмес аралашмаларды бөлүү:

  • Филтрлөө ( суу-кум)

  • Тундуруу ( суу- бор);

  • Магнитке тартуу ( темир- жыгач таарындысы);

  • Центрифугирлөө ( суу- бор, кан - плазма)

Тундуруу, магнитке тартуу, фильтрлөө боюнча практикалык иштерди аткарышат.

Центрифугирлөө ( суу- бор, кан - плазма) боюнча интернет булактарын пайдаланып , маалымат алышат. Мугалим менен окуучу бирдикте иш аткарышат.Андан кийин, окуучулар сабак боюнча даярдалган презентацияны талкуулашат.Суроолорго жооп беришет.

Мисалы: Бул берилген сүрөттөрдө заттарды тазалоонун кайсы ыкмалары берилген. Бул ыкмалар менен кандай заттарды бөлүп алууга болот.













Сабак жыйынтыкталып, окуучулар бааланат.


.