СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Теңдеме түшүнүгү

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

теңдеме жана анын аныктамасы, жөнөкөй теңдемелерди чыгаруу методикасы, татаал теңдемелерди чыгаруу жолу

Просмотр содержимого документа
«Теңдеме түшүнүгү»

Тамгалуу туюнтманы жакшы өздөштүрүү менен окуучулар теңдеме түшүнүгүн өздөштүрүүгө даярдык алышат.

  1. «=» белгиси менен бириктирилген же байланышкан 2 математикалык сан туюнтмалары барабардык деп аталат.

Мисалы: – барабардык.

Барабардык туура же туура эмес болушу мүмкүн. Каалагандай мисалдын чыгарылышын табуунун мазмуну болуп, аны туура барабардыкка айландыруучу туюнтманын маанисин табуу эсептелет. Туура же туура эмес барабардык түшүнүгүн калыптандырууга карата бош орундарды толуктоо мисалдарын аткаруу керек.

Бош орундарга туура келүүчү сандарды койгула:

Белгисиз санды камтыган барабардык теңдеме деп аталат.

Мисалы:

Теңдемени чыгаруу – бул барабардыкты туура барабардыкка айландыруучу белгисиз сандын маанисин табуу. Ал сан тедеменин тамыры деп аталат.

Мисалы: , себеби 22+23=45.

Берилген аныктама теңдеменин тамырын текшерүүнүн ыкмасын да берет: туюнтмага белгисиз сандын маанисин коюп, аны эсептөө жана берилген сан менен натыйжаны салыштыруу. Эгер белгисиз сандын мааниси туура табылса, анда туура барабардык алынат.

  1. Башталгыч мектепте теңдемени чыгаруунун 2 ыкмасы каралат.

  1. Тандоо ыкмасы.

Белгисиз сандын туура келүүчү мааниси же берилген маанилерден тандалат же сандардын каалагандай көптүгүнөн тандалат. Тандалган санды туюнтмага койгондо, аны туура барабардыкка айландырыш керек. Мисалы: ар бир теңдеме үчүн туура барабардыкка айландыра турган тин маанилерин 7; 10; 5; 4; 1; 3 сандарынан тандагыла:

Берилген ар бир сан тин ордуна коюлуп жообу менен салыштырылат:

Демек

экендиги аныкталды.

Бул ыкма көп убакытты жана түйшүктү талап кылат, ошондуктан ыңгайсыз.

  1. Компоненттердин өз ара байланышын колдонуу ыкмасы.

Амалдардын компоненттеринин ортосундагы өз ара байланыш эрежелери колдонулат:

  1. теңдемесин чыгаргыла. Мында кошулуучу – белгисиз.

Белгисиз кошулуучуну табуу үчүн суммадан белгилүү кошулуучуну кемитүү керек.

Демек, Текшерүү:

– берилген теңдеменин тамыры болуп саналат.

  1. теңдемесин чыгаргыла. Мында кемитүүчү – белгисиз.

Кемитүүчүнү табуу үчүн кемүүчүдөн айырманы кемитүү керек.

Демек, Текшерүү:

– берилген теңдеменин тамыры болуп саналат.

  1. теңдемесин чыгаргыла. Мында кемүүчү – белгисиз.

Кемүүчүнү табуу үчүн айырмага кемитүүчүнү кошуу керек.

Демек, Текшерүү:

– берилген теңдеменин тамыры болуп саналат.

  1. теңдемесин чыгаргыла. Мында бөлүүчү – белгисиз.

Бөлүүчүнү табуу үчүн бөлүнүүчүнү тийиндиге бөлүү керек.

Демек, Текшерүү:

– берилген теңдеменин тамыры болуп саналат.

  1. теңдемесин чыгаргыла. Мында бөлүнүүчү – белгисиз.

Бөлүнүүчүнү табуу үчүн бөлүүчүнү тийиндиге көбөйтүү керек.

Демек, Текшерүү:

– берилген теңдеменин тамыры болуп саналат.

  1. теңдемесин чыгаргыла. Мында көбөйтүүчү – белгисиз. Белгисиз көбөйтүүчүнү табуу үчүн көбөйтүндүнү белгилүү көбөйтүүчүгө бөлүү керек.

Демек, Текшерүү:

– берилген теңдеменин тамыры болуп саналат.

Кашаа катышкан теңдемелер да компоненттердин өз ара байланыштарына ылайык чыгарылат. Мисалы:

Туюнтманын маанисин табууда амалдарды аткаруу тартибине тескери багытта, башкача айтканда акыркысынан баштапкыга карай жүргүзөбүз.

3 – амал кемитүү болгондуктан, кемитүүчү менен айырманын суммасын табабыз:

.

2 – амал көбөйтүү, көбөйтүндүнү белгилүү көбөйтүүчүгө бөлөбүз:

1 – амал кемитүү болгондуктан, айырмага кемитүүчүнү кошобуз:

Ошентип, 220 – берилген теңдеменин тамыры болуп саналат.