СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Диндердин өнүгүү тарыхы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Диндердин өнүгүү тарыхы»

Сабактын темасы: Дин деген эмне?

Сабактын максаты: - Окуучуларга диндердин табияты, мазмуну, тарыхы, өнүгүүсү жана дин тутуу эркиндиги жөнүндө кеңири маалымат берилет. - Диндердин көп түрдүүлүгүн жана негизги үч Буддизм, Христианчылык, Ислам диндери баалуулуктары боюнча биле алышат.


Сабактын жүрүшү: -Уюштуруу -Жагымдуу маанай Мугалимдин сөзү: Кымбаттуу окуучулар, силер менен бүгүнкү сабагыбызда төмөндөгү бир топ суроолордун алкагында талкуу жүргүзөбүз.

Дин

Диний аң- сезим (ишенуу/идея)

Дин ишмердүүлүгү

(культтук/культтук эмес)

Диний мамилелер

(культтук/культтук эмес)

Диний уюмдар

(чиркөө,секта ж.б.)

Диний аң-сезим жогорку күчтүн бар экендигине бекем ишенүүгө негизделип, анын булактары ыйык китептер -Куран, Талмуд, Библия, ж.б болуп келген.Ыйык китептерде кудай ,жаратылыш,коом жана адам жөнүндө баяндалып жазылган. Диний ишмердүүлүк бул кудайга кызмат кылуу: курмандыкка чалуу ,ырым жырымдар зыярат кылуу ж.б. Ар бир диндин өзүнө гана таандык эрежелери түзүлүп динге ишенгендер качан , кантип , эмнени жасаш керек экендиги көрсөтүлгөн .Бул аткарыш керек болгон жөнөкөй эле сыйынуу актыларынан (жүгүнүү,тизелеп ,туруу ,крест белгиси ) жэ андан татаалырак ( курмандыкка чалуу ,ырым- жырымдарды кармануу ,кудайга жалынуу дубаларын айтуу , майрамдар). Сыйынуу (культтук) ишмердүүлүгүндө диний мамилелер түзүлүп ,динге ишенгендер бири-бири менен сүйлөшө алышат жана ал диндеги тайпалардын достошуусуна каражат болуп берет. Кудайга кызмат кылуу убагында эстетикалык керектоөлөр канаттандырылат. Мунун бардыгы адамдыгн динге болон сезимин күчөтүп ,аларды бириктирет жана жан дүйнөсүнүн байышына жардам берет.

-Дин кайдан пайда болгон? -Дин деген эмне? -Диндин баалуулуктары жана багыттары кайсылар? -Дүйнөлүк диндердин негиздери маалымат берилет.

Адамдар эмне үчүн Кудайга муктаж? Түпкү күнөө деген эмне жана Кудайдан коркуу деген кайдан келип чыккан?

Илгертен бери адамдар табияттын адатын тыш же коркунучтуу көрүнүштөрүн табияттан тыш күчтөрдүн көрүнүшү менен түшүндүрүүгө аракет кылышкан. “Дин”түшүнүгү салыштырмалуу жакында эле пада болгон,ал эми диндер өзүлөрү эбак эле туулуп,калыптанып келишкен.Дин (лат. Rеligo- такыбаалык,ыйык жайдан) – сыйынуунун предмети болгон табияттан ыш күчтөргө жана жандыктарга (рухтарга жана кудайларга)ишенүүгө негизделген руханий керектөөнү канаатандыруу формасы болуп саналат.

Дин- бул дүйнөнү аңдып билүү,укмуштуудай ишеним менен шартталган,өзүнө моралдык ченемдерди ,үрп-адаттарды,культтук аракеттерди камтыган жана адамдарды бир бүтүндөгү бириктирүүчү курал болуп саналат.

Монотеисттик диндин башкы айырмасы – жалгыз бир кудайга сыйынуу(христианство,ислам,иудаизм).

Политеисттик динде көп кудайдан бардыгына ишенүүгө негизделген дин (Байыркы Египетте,Грециянын,Индиянын ж.б

Дуалисттик диндин негизинде эки бири-бирине карама -каршы аракеттенген кудайларга ишенүү кирет (зороастризм,маздаизм).

Кудайы жок дин (нетеисттик)- абстрактуу идеалдарга ишенүү көрүнүшү:жогоркуу мыйзам ,акыл-эс, адмгерчилик ж.б. (байыркы буддизм ,джайнзм).

Синкреттик ишеним ар түрдүү диндерди жана анын элементтерин бириктирүүгө аракет кылат (манихейство,бахаизм,теософия ж.б.).

Теологиялык-кудай бары чын жана адам аны менен сүйлөшөт. Философиялык жактан маданият таануучулук-кудайдын бар экенине ишенүү же ишенбөө. Кудайга ишенүү же ишенбөөсүнүн натыйжасында коомдун жашоосунда диндин орду келип чыгат. Социалдык – психологиялык -диндин социалдык жана психологиялык абалга тийгизген таасири каралат.

Сабакты жыйынтыктоо: теманы талкуулоо

Үйгө тапшырма берүү: “Дин деген эмне?” эссе жазуу.