Диндердин өнүгүү тарыхы
9-класс
Сабактын темасы:
§15.Радикализм,экстремисттик жана террористтик уюмдар
Сабактын планы:
1.Экстремизм,терроризм жана радикалдашуу түшүнүктөрү
2.Экстремизмде кездешкен айрым белгилер:
3.Экстремисттик уюм
Экстремизм жана радикализм —бүгүнкү күндө Кыргызстандын эле эмес,бүткүл дүйнөнүн актуалдуу маселелеринин бири.Экстремизмди дин менен жакындаштырбастан көздөгөн максатка жетүү үчүн рухий жана маданий түзүмдөрү экстремизмдин зордук-зомбулукту актоочу идеологиялык куралга айланып кеткен радикалдуу түрлөрүнө каршы аракеттенүүсү зарыл.Экстремизм маселеси көптөгөн окумуштуулар,эксперттер,диний ойчулдар тарабынан изилденип жатат.Туура эмес идеологиядагы агымдар тарыхый жактан салттуу диний укуктук мектепти,учурдагы акыйкатты жана жергиликтүү шарттарды,анын ичинде улуттук салттарды жана мамлекеттүүлүктү жактоону эске алуу зарылчылыгын толугу менен же жарым –жартылай танат.
Радикализм —кандайдыр бир көз караштарга,концепсияларга өтө ашкере берилүү.
Радикал —ашкере көз караштарды карманган адам.
Адамдын радикалдашуусун бир пикирге берилип алып,башка пикирди кабыл албоосунан ж.б.менен компромисске барууну каалабагандыгынан байкоого болот.
Ал эми диний радикал деп кандайдыр бир диний партияларга,уюмдарга же жамааттарга кирип кетип,ошолордун гана идеологиясын бекем карманып алып,башкаларды четке каккан адамды айтабыз.Диний радикал өзү ошол идеологиянын маңызын түшүнбөй,аны туура же ката экендигин баамдабай туруп ,бирөөнү ээрчийт.
Экстремизм түшүнүгү латын тилинен которгондо (“extremus”) “ашкере”,”чектен чыккан” дегенди билдирет.
Экстремист -маселелерди тынчтык жол менен чечүүнү каалабаган,өтө ашкере көз караштарды ,аракет ыкмаларды жактаган адам.
Экстремизмдин өзгөчөлүгү өз максаттырына жетүү үчүн мүмкүн болгон мыйзамдуу жолду пайдаланбастан,күч колдонуу аракеттерин тандап алып,аны жайылткандыгында турат.
Экстремизмде кездешкен айрым белгилер
Диний көз караштарда жана аракеттерде чектен чыгуу;
Башка диний идеяларды же диний көз караштардын системасын жокко чыгаруу жана тааныбоо;
Диний радикалдуу булактарда,ыкмаларды,методдорду жактоо;
Диний кастыкты,жек көрүүчүлүктү козутууга байланышкан аракеттер
Терроризм?
Терроризм – бул коомдо коркуу атмосферасын жаратууга багытталган психологиялык курал.
Терроризмдин негизги объектиси курман болгондор эмес, тескерисинче, тирүү калгандар .
Терроризмдин максаты – адамдын жанын кыюу эмес, тирүү калгандарды коркутуу жана үркүтүү.
Террордук уюмга тартуу жана кызыктыруу ыкмалары:
Биринчи ыкма: ашкере байлык жана материалдык жактан жардам кылууга с ɵ з берүү;
Экинчи ыкма: идеологиялык жактан ишендирүү;
Үчүнчү ыкма : жаштардын куралга болгон кызыгуусу.
Терроризм —системалык түрдө террорду (лат.terror-коркутуу,үрөй учуруу) колдонуу саясаты.
Анын негизги маңызы “күч колдонуу”,”коркутуу”,”зомбулук”,”жүрөкзаада кылуу” жана
“ үрөй учуруу” болуп саналат.Ошондуктан террористтик актылар дайыма күч колдонуу,адамдарды өлтүрүү жана жардыруу менен коштолот.
Радикализм,экстремизм жана терроризм деген бир багыттагы түшүнүктөр,демократия,мыйзамдуулук,адам эркиндиги,ар түрдүү сый мамиле кылуу деген сыяктуу мамлекеттик базалык демократиялык баалуулуктарына терс мамиле кылуу дегенди туюндурат .
Жаштардын экстремисттерге азгырылуусу жана аны алдын алуу маселеси
Жаштар экстремисттердин таасирине тез тартылышат.
Алар досторунан,үй-бүлөсүнөн колдоо таппаганда көйгөйлөрүн диний уюмдардын жардамы менен чечкиси келишет.Жаштарга көңүл буруунун жетишсиздиги ,социалдык жактан корголбогондугу радикалдардын көңүлүн өзүнө буруп,эркек гана балдар эмес кыздардын да андай топторго кирип кетүүсүнө шарт түзөт.
КРда экстремисттик ишмердүүлүктүн алдын алуу максатында мыйзамдардын алкагында стратегиялык программалар иштелип чыккан.
Экстремисттик ишмердүүлүктүн алдын алуучу негизги мыйзам катары КРнын Конституциясы эсептелет.Конституциянын негизинде:
Кыргыз Республикасынын үлуттук коопсуздук концепсиясы;
“ Экстремисттик иш-аракеттерге каршы күрөшүү жөнүндө” КРнын Мыйзамы кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын «Экстремисттик ишмердүүлүкө каршы туруу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык:
Коомдук бирикмелердин же диний уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан, дагы башка ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын же жеке адамдардын төмөндөгүлөрдү пландаштырууга, уюштурууга, даярдоого жана ишке ашырууга багытталган аракеттери:
- Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлушунүн Кыргыз Республикасынын коопсуздугун бузууга;
- бийликтин ыйгарым укуктарын тартып алууга же ээлеп алууга;
- мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрүн түзүүгө;
- террористтик аракеттерди жүзөгө ашырууга;
- расалык, улуттук же диний араздашууларды козутууга, ошондой эле күч колдонууга же күч колдонууну үгүттөө менен байланышкан социалдык араздашууларды козутууга;
- улуттук ар-намысты кемсинтүүгө;
- идеологиялык, саясий, расалык, улуттук жүйөөлөр же диний жек көрүү, ошондой эле ошого тете кандайдыр бир социалдык топторго карата жек көрүү жүйөлөрү боюнча же душмандык кылып массалык тополоңдорду, ээнбаштык аракеттерди жасоого уурдап, талап-тоноого;
- динге, социалдык, расалык, улуттук, диний же тилге тиешелүүлүгү жагынан жарандардын өзгөчөлүгүн , артыкчылыгын же кемчилдигин
2.Нацисттик атрибутиканы же символиканы же болбосо нацисттик атрибутикга же символикага аралашуу деңгээлине чейин окшош болгон атрибутиканы же символиканы пропагандалоого жана эл алдында көрсөтүүгө:
2.1.экстремисттик уюмдардын атрибутикаларын же символикаларын пропагандалоого жана эл алдында көрсөтүүгө;
3.аталган аракеттерди жасоого элди үндөө же аталган аракеттерди жасоого;
4.Аталган аракеттерди каржылоо жана аны жасоого көмөк көрсөтүүгө же аталган аракеттерди жасоого,анын ичинде аталган аракеттерди жасаганга финансы каражаттарын,кыймылсыз мүлктү,окуу, полиграфиялык жана материалдык –техникалык базаны,телефон,факсимилдик жана байланыштын башка түрлөрүн берүү ,маалымдоо кызматтарын көрсөтүүгө,дагы башка материалдык-техникалык каражаттарды берүүгө
КРда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний уюмдар:
1. “Аль-Каида”, 2. “Талибан» кыймылы” 3. “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы (Чтик)” 4. “Курд элдик конгресси” (Конгра –Гель), 5. “Чыгыш Түркстан боштондук уюму”, 6. “Хизб-ут Тахрир” экстремисттик уюму, 7. Исламдык Жихад бирикмеси” (ИЖБ) 8. “Өзбекстан Ислам Кыймылы” (ӨИК), 9. “Жайшуль Махди” уюму 10. “Мун чиркөөсү”,
11. “Джундуль-Альхалифат”, 12. «АНСАРУЛЛОХ» 13. «АТ-ТАКФИР ВАЛЬ-ХИДЖРА» 14. «АКРОМИЯ»; 15. “Саид Бурятский- А.А.Тихомировдун үгүттүк-пропагандалык материалдары 16. “Ислам мамлекети” (ИГИЛ) 17. «ДЖАБХАТ АН-НУСРА» 18. «КАТИБАТ АЛЬ-ИМАМ АЛЬ-БУХАРИ» 19. «ЖАННАТ ОШИКЛАРИ» 20. “Джамаат ат-таухид валь-жихаад”(радикал салафиттик жихадчыл топ) 21. «Якын-Инкар» жамааты
Уюм
Качан тыюу салынган
«Аль-Каида»
Түрү
15 сентябрь 2006 ж.
«Талибан кыймылы»
Террористик
15 сентябрь 2006 ж.
«Чыгыш Түркстандын Ислам кыймылы»
20 август 2003 ж.
«Курд элдик конгресси» («Конгра-Гель»)
террористик
«Чыгыш Түркстандын боштондук уюму»
11 июнь 2008 ж.
Террористик
20 август 2003 ж.
«Хизбут-Тахрир-аль-Ислами»
террористик
«Джихад тобу» («Исламдык джихад бирлиги»)
террористик
20 август 2003 ж.
11 июня 2008 года
экстремистик
«Түркстандын ислам партиясы» («Өзбекстандын ислам кыймылы»)
террористик
от 20 августа 2003 года
“ Жайшуль Махди”
террористик
24 октября 2012 года
“ Джундь-аль Халифат”
от 24 октября 2012 года
«Ансаруллох» (Ансарул Аллах)
террористик
Террористик
«Ат-Такфир Валь-Хиджра»
от 24 октября 2012 года
от 24 октября 2012
Террористик
«Акромия»
Террористик
14 марта 2014 года
ИГИЛ
13 февраля 2015 года
«Джабхат ан-Нусра»
экстремистик
от 23 июня 2015
Террористик жана экстремистик
«Катибат аль-Имам аль-Бухари» (Батальон Имама Бухари»)
Террористик жана экстремистик
13 мая 2015 года
«Жаннат Ошиклари» («Поклонники рая»)
13 мая 2015 года
террористик жана экстремисткик
«Джамаат ат-Таухид валь-Джихад»
террористстик жана экстремистик
от 17 марта 2016
Якын Инкар
от15 июня 2017
террористик
экстремистик
Экстремисттик уюм
Экстремисттик уюмдар —иши бийликти зордук-зомбулук менен басып алууга же бийликти зордук-зомбулук менен кармап турууга,о.э мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн күчкө салып өзгөртүүгө багытталып,аларга карата КРнын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча экстремисттик ишти жүргүзгөндүгүнө байланыштуу ишин жоюу же тыюу салуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген коомдук бирикмелер же уюмдар.
КРнын аймагында деструктивдик,экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Дин адамзатка тынчтыкты,бейпилчиликти,эки дүйнө бактылуулугун берүүнү көздөйт.Азыркы учурда адамзаттын көйгөйү болгон экстремизмге,терроризмге жана радикализмге каршы күрөшөт.Динде өз жанын кыюу эң чоң күнөө болуп эсептелет.
Кыргыз элинин руханий,маданий баалуулуктарын жана каада-салттарын бекемдөө,дин аралашпаган,социалдык жана укуктук мамлекетти куруу жолунан тайбай өнүгүү коомубуздун эң башкы максаты болушу керек.
Тема боюнча суроолор:
1.Экстремизм,терроризм деген эмне?
2.Экстремистик,террористтик уюмдарга кирип кетүүнүн себептери эмнеде ?
3.Радикализм жана радикалдашуу жөнүндө эмнелерди билесиңер?
4.Экстремисттик уюмдарга азгырылуудан кантип алдын-алууга болот?
5.Мыйзам боюнча кандай иш-аракеттер экстремисттик иш-аракеттер болуп эсептелинет ?
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!