СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кесибим- келечегим

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кесибим- келечегим»

Сабактын темасы: Кесибим – келечегим

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк: Түрдүү жана керектүү кесиптер жөнүндө изилдешет жана таанышышат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк: Өз алдынчалуулукка жана кызыгуучулукка тарбиялоо.

  3. Тарбиялоочулук: Кесип тандоодо туура багыт алуусуна өбөлгө түзүү.

Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, лозунгалар.

Сабактын формасы: Жарыш-сабак.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу:

-Окуучулардын сабакка даярдыгын текшерүү.

- Тема жана анын максаты менен окуучуларды тааныштыруу.

Негизги бөлүгү:

Эң кыйын кесип- бул адам болуу.”(Хосе Марти)

Класс эки командага бөлүнөт, команданын капитандары шайланат, ошондой эле өздөрүнө ат коюшат. Ар команда бирден адамды эсептөө комиссиясына дайындышат.

Разминка. (Анаграммалар)

Тамгалар адашып ката жазылган кесиптерди туура жазабыз: вапор- повар, ссирак-кассир, мольде- модель, алмяр- маляр, ферша- шофер, гердасоо- соодагер, тордок-доктор, мушчужу-жумушчу.

Капитандар конкурсу:

1-команданын капитанына суроо: төмөнкү сөздөрдүн ичинен кайсынысы кызматты билдирерин тап: хирург, маляр, мектеп директору, адабий сынчы, окутуучу, электрик, химик-лаборант, бычмачы, пианист, жыгач уста, министр.

Жооптор: хирург, мектеп директору, адабий сынчы, химик-лаборант, министр.

2- команданын капитанына суроо: төмөнкү сөздөрдүн ичинен кайсынысы кесипти билдирерин тап: мугалим, ветеринар-врач, токарь, врач, китеп сатуучу, айыл башчы, инженер, судья, чачтарач, айдоочу, тигүүчү, ашпозчу.

Жооптор: мугалим, врач, инженер, тигүүчү, судья.

Үй тапшырмасы – “Таап айт”

Үйгө берилген тапшырма боюнча ар бир командадан бирден окуучу чыгып, карточка алат, анда жазылган кесип боюнча мүнөздөмө берет, ал кесип боюнча кыска ыр же табышмак айтса да болот. Карточкада жазылган кесиптер мурда маалымдалган: актёр, дизайнер, инженер, чачтарач, мугалим,юрист.

Көрүүчүлөр менен оюн:

Төмөнкү белгилүү адамдардын кесиби ким болгон? Бул суроону көрүүчүлөргө беребиз. Алар жоопту табуу менен бирге кайсы командага күйөрман экендигин айтат жана упай ошол командага берилет.

Н.А. Назарбаев-металлург.

Р.Рейган-актер.

А.Акаев- окутуучу.

В.Шекспир-актер.

А.П.Чехов-врач.

Ч.Айтматов- ветеринар.

М.Ю.Лермантов- офицер, аскер.

С. Чокморов- сүрөтчү.

Конкурс – “Кимдин колунан жаралган?”

Төмөнкү сүрөттөрдөгү предметтер кайсы кесип ээсинин колунан жаралган?

Тамак, сөйкө, автомобиль, көйнөк.

Жооптор: ашпозчу, зергер, инженер-машина куруучу, тигүүчү.

Конкурс- “Сен бул кесипти билесиңби?”

Бул конкурс бул же тигил кесипти ачык мүнөздөөчү суроолордон турат:

Ооруларды аныктап, адамга диагноз коёт…- ж: врач.

Закондорду суудай билет…-ж: юрист.

Самолётторду жаратат…- ж: авиакоструктор.

Үйдү ысытуу үчүн катуу нерсени казып алат…-ж: шахтер.





Блиц турнир.

Бул конкурс мурда жолуккан суроолордон түзүлгөн жана бышыктоо иретинде өткөрүлөт:

1-командага суроолор.

Тигүүчүгө керектүү каражаттар (ийне, кездеме, оймок, кайчы)

Мугалим бул кесиппи же кызматпы? (кесип)

Инжнердик кесипти кайсы жерде өздөштүрүүгө болот?(ЖОЖ)

2-командага суроолор.

Жыгач устага керектүү каражаттар кайсылар?(жыгач, араа, балка, кычкач, мык)

Президент-кызматпы же кесиппи?(кызмат)

Электрик кесибин кайсы жерде өздөштүрүүгө болот?(кесиптик окуу жайында)

Музыкалык тыныгуу.

Ар бир команда даярдап келген өздүк чыгармачылыгын көрсөтөт.

Жыйынтыктоо:

Азыр бизге эсептөө комиссиясы мелдештин жыйынтыгын угузат.

Ал эми силер үйдөн өзүңөр тандаган кесибиңер жөнундө сочинение жазып келгиле. Кесиптер абдан көп жана ар бир кесип – ардактуу. Өз кесибиңди туура тандаганың – келечегиңе кам көргөнүң. Өз кесибинин устаты болуу менен адам коомдун өнүгүүсүнө да салым кошот.

Биз аркалаган ар бир кесиптин түйшүгү болбой, түшүмү болбойт эмеспи. Эң негизгиси жүрөк каалаган кесипти аркалап, анын ысык-суугуна чыдаган адам гана өз ишинин рахатын көрө алаары талашсыз















Кесип… Дал ушул сөздө көп маани камтылган. Бала төрөлөт. Бой жетип чоңоёт. Анан чоң турмуш сапарына багыт алат. Өз жөндөмүнө, шыгына, дараметине жараша кесип тандайт.

Кесип демекчи, ал адам жашоосундагы эң башкы жол. Өз кесибинин профессионалы болуп, ата-бабаларыбыз айтмакчы, адал эмгектен ырахат алып жашоо кандай бакыт.

Бүгүнкү күндө социалдык проблемалар өтө көп. Мындай шартта, биринчи орунда өз кесибинин алдыңкысы болуу эмес, акча маселеси тургандыгы чын. Антсе да талбаган эмгегинин натыйжасында баарын таап, "Ар бир кесип ардактуу" экендигин далилдеген каармандарыбыз да жок эмес.

Кесип- адамдын эмес, адам кесиптин ажарын ачат. Андыктан, ар бир адам кесип тандоодо жаңылбай, түз, таза жолду тандап, ыйман менен кетсе, кандай кесип болбосун, андан баарын табаары чын.

Кесип - адамдын эмес, адам кесиптин ажарын ачат



СУРОО-ТАЛАП ЖОГОРУ КЕСИПТЕР

Жыл сайын жогорку окуу жайларынан экономикалык жана юридикалык адистик боюнча орто эсеп менен алганда 10 миңден ашык студент дипломго ээ болот. Алардын 70 пайызга жакыны иш оруну жетишпегендиктен "ишсиздер армиясынын" санын толукташат. Мындай көрүнүш бүтүрүүчүлөр "келечекте тандаган кесиби боюнча жумуш таап кете аламбы, жокпу?" деген суроого маани бербегендигинен улам жаралууда. Учурда борбор шаарыбызда сулуулук салондорундагы, тигүү цехтериндеги, ашкана, автоунаа оңдоо, курулуш, соода жана жаңыдан өнүгүп келе жаткан туризм тармагындагы орто жана жогорку кесиптик кызмат орундарына суроо-талап көп. Алардын алган маяналары мамлекеттик иште иштеген кызматкерлерге караганда бир топ жогору жана жашоо-турмушка жетерлик. Алсак, депутаттардын бир айлык маянасы 14 миң сомдон 18 миң сомго чейин болсо, сантехник бир жасаган иши үчүн 1000 сомдон жогору акы алат жана бир заказдык ишти 2-3 саатта бүтүрүп коюуга жетишет. Орто кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 75 пайызы окуусун аяктагандан кийин иш орундары менен камсыз болушат.

– Мында ашпозчу, кондитер азыктарын даярдоочу, кеңсе катчысы жана чачтарач адистиктери боюнча 15 жаштан 60 жашка чейинкилер билим алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. 9-класстын базасы менен келген бүтүрүүчүлөр 2 жыл, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрү 1 жыл окушат. Каалоочулар болсо 1-2 айлык курстарга катышып, атайын адистикке ээ боло алышат. Окутуу процессинин 40 пайызы теориялык болсо, 60 пайызы практикалык иш болот. Студенттер биз менен келишим түзгөн ресторан-кафелерден жана Ысык-Көлдө туристтик сезон башталганда пансионаттарга тажрыйба топтоого жиберилишет. Ал жакта өзүн жакшы көрсөтө алгандар окуусун бүткөндөн кийин ошол ресторан-кафелерде туруктуу жумушка кабыл алынышат.

ЗАМАНБАП КЕСИПТЕР

Бүгүнкү күндүн эмгек рыногунун талабына ылайык, 3 000-5000 сомго чейин туруктуу айлык жана иштеген ишине жараша 15-20 миң сомго чейин кошумча акы алышкан заманбап кесиптерге кайрылалы.

Соода жана тейлөө тармагындагы кесиптер

Жогорку билимди талап кылган кесиптер:

Менеджер – Компаниядагы кайсы бир бөлүмдүн жетекчиси.

PR-менеджер – Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси.

HR-менеджер – Кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси.

Креатив директору – Компания, фирмалардагы жарнактык дизайнерлер тобунун жетекчиси. Топтун жетекчиси катары компанияны таанымал кылган стилин, анын көрнөк-жарнактарын улам жаңылап, элди тарта тургандай деңгээлге жеткире билүүсү абзел.

Бренд-менеджер – Кызмат көрсөтүүчү же продукты өндүрүүчү компаниянын өздүк белгисинин жана анын өндүргөн товарларына элди тартуунун үстүндө иш алпарган адис.

Тренинг-менеджер – Кыска убакыттагы окуу иштерин өткөрүүчү адис.

Булардын эмгек акысы 300 доллардан жогору.

Орто билим менен иштөөгө боло турган кесиптер:

Офис-менеджер – Кеңсе башчысы (катчы).

Супервайзер – Өндүрүштөгү же кызмат көрсөтүүчү компаниялардагы катардагы кызматкерлердин тобуна жетекчилик кылып, алардын ишин көзөмөлдөөчү.

Оператор – Уюлдук байланыш компанияларындагы кардарларды колдоо борборунда иштеген кызматкер.

Промоутер – Товарды же кызмат көрсөтүүнүн түрүн жайылтуу үчүн жарнамалык иштерди жүргүзүүчү.

Соода агенти – Товарды сатуу үчүн кардар издөөчү.

Мерчендайзер –Соода түйүндөрүндөгү чекене сатылуучу товарлардын сатылышын тездетүү боюнча аларды текчелерге туура, элге көрүнүктүү тизилишине көзөмөл жүргүзүүчү.

Брокер – Каржы базарындагы (финансы рыногу) кардар менен сатуучунун ортосунда баалуу кагаздар (акция, облигация) боюнча сооданы жүргүзүүчү.

Трейдер – Каржы базарындагы баалуу кагаздарды жана баалуу металлдарды алып-сатуучу соодагер.

Гид – Туристтерге жер көрсөтүп, тааныштыруучу. Булар эне тилинен башка дүйнөлүк тилдерди сөзсүз билүүсү керек.

Ресепшн – Мейманканалардагы кардарларды кабыл алуучу.



Жаңы технологияга байланышкан кесиптер:

Дизайнер – Инженер-куруучу (кийим-кечелердин, көрнөк-жарнактардын, үйдүн ички жасалгасын жана башка ушул сыяктуу чыгармачылыкка байланышкан иштерди аткарат).

IT адис – Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча адистик.

WEB-дизайнер – Интернеттеги сайтты жасоочу.

Клипмейкер – Музыкалык жана жарнактык кыска видеотасмаларды тартуучу адис (Кыргызстанда орто эсеп менен 1000 долларга бир клип жаратышат).

Мындай адистиктерге ээ болуу үчүн жаңы технологиялар багытында колледждер, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары бар.

Стилист – Адамдын сырткы келбетине кам көрүп, жарашыктуу образ берүүчү адис. Бул адистиктер төмөнкүчө бөлүнөт:

чачтарач-стилист – Чач жасалгалоочу адис.

стилист-визажист – Бетке кам көрүү, боёочу адис.

стилист-имиджмейкер – Адамдын сырткы келбетине толугу менен (кийимине, бетинин, тырмагынын боёлушуна, чачынын жасалгасына) кеңеш берүүчү адис.

Маникюр жасоочу – Кол жана колдун тырмактарын жасалгалоо, кам көрүү.

Педикюр жасоочу – Бут жана буттун тырмактарын жасалгалоо, кам көрүү.

Татуировка жасоочу (тату, татуаж) – Денеге сүрөт тартуу.

Бул кесиптин ээлери күнүнө 500 сомдон жогору акча алышат. Борбор шаарыбыздагы окутуп, үйрөтүүчү жайлардан 1-2 айлык окуу курстарына катышып, аталган адистиктерге ээ болууга болот.

Врач — медициналык жогорку билими бар адис. Адистиги боюнча Догдур: саламаттык сактоону уюштуруучу, терапевт, педиатр, хирург, санврач, гинеколог, офтальмолог, рентгенолог, невропатолог, психиатр, дерматовенеролог, стоматолог, оториноларинголог, фтизиатр жана башка болуп бөлүнөт. Догдур — эң байыркы адистиктин бири. Байыркы Египет, Кытай, Индия, Греция жана Римдеги атактуу адис-врачтардын (Гиппократ, Асклепиад жана башка) билими жана өнөрү замандаштарынын өмүрүн жана ден соолугун гана сактап калбастан, медицинанын өнүгүшүнө түрткү болгон. Догдурдун адистигинин мүнөзү, анын милдетинин аткарылышы ар бир өлкөнүн коомдук саясий түзүлүшүнө жараша болот. Буржуазиялык коомдук түзүлүштө ден соолукту коргоо ар бир адамдын өз кызыкчылыгы катары каралат. Советтик Врачтын эң негизги көздөгөн максаты — адамдын ден соолугу. Бул максат Советтер Союзунун врачынын антында так баяндалган.

Мамлекет догдурга зор ишеним, чоң роль жана жоопкерчилик жүктөйт. Врачтын оор жана ардактуу милдетин аткаруу атайын билимди, талбай эмгектенүүнү, жабыркагандарга кайсы мезгилде болбосун медициналык жардам көрсөтүүгө даяр болууну, жан аябастыкты жана патриотизмди талап кылат. Советтик Врачтын бул сапаттары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ачык көрүнгөн. Азыркы күндөрдө да Советтик догдурлар элдин ден соолугу жана жашоосу үчүн күрөшүүдө эмгек эрдиктерин көрсөтүүдө. Ошондуктан биздин өлкөдө догдурлук кесип сыйлоого жана ардактоого татыктуу. Он миңдеген догдурлар Советтер Союзунун ордендери жана медалдары менен сыйланган, союздаш жана автономия республикалардын эмгек сиңирген врачы жана Социалисстик Эмгектин Баатыры деген ардактуу наамга татыктуу болушкан. 1977-жылдан «СССР эл врачы» деген ардактуу наам берүү киргизилген.

Жыйынтыктоо:

“Ар бир кесип ардактуу” дейт эмеспи. Андыктан окууга тапшыруудан мурда кесиптин атагына карап эмес, диплом алгандан кийин дипломуңуз сизге пайда алып келе турган кесипти тандаганыңыз туура.