Просмотр содержимого документа
«Электр талаасынын потенциалы. Чыңалуу»
Тема: §50Электр чыңалуусу.Вольметр
8-класс
Сабактын максаттары
Билим берүүчүлүк
Көрсөткүчтөр
Окуучулар электр чыңалуусу ж/до түшүнүк алышат
Өнүктүрүүчүлүк
Натыйжага жете алат, эгер окуучу: теманы түшүнүп, айтып бере алса.
Окуучулар электр чыналуусу ж/дө оз ойлорун далилдуу айтып берүүгө калыптанышат. турмушта билимдерин колдоно алат
Тарбиялык
Натыйжага жете алат, эгер окуучу:тема
Турмуштагы мисалдарды угуп жана байкоо менен ойлоо сезимдери калыптанат, таанып-билуу жондому жогорулайт
ж/дө мисалдарды келтирип, турмушта колдоно алса.
Натыйжага жете алат, эгер окуучунун::
Мисалдарды кунт коюп угуусу, ойлонуусу терен болуп, кызыгуусу артып, жаныланса.
- Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү
- Усулдар: Интерактивдүү метод
- Жабдылышы: сүрөттөр, окуу китеби, проектор ж.б.
- Чынжырдагы электр тогу токтун булагы тарабынан түзүлгөн электр талаасынын таасиринде пайда болот. Электр талаасы өткөргүчтөгү электрондорго таасир этип, аларды багытталган кыймылга келтирет. Токтун чоң же кичине болушу электр талаасынын энергиясына байланыштуу. Ал болсо электр талаасындагы потенциалдардын айырмасына же чыңалууга жараша болот
Электр тогу түзгөн электр талаасынын энергиясын мүнөздоочү физикалык чоңдук электр чыналуусу деп аталат. Чыңалуу ар дайым электр талаасы аткарган жумуш менен аныкталат. Анткени өткөргүчтөр аркылуу заряддалган бөлүкчөлөр кыймылга келгенде электр талаасы жумуш аткарат. Эгер кандайдыр бир q зарядын которуштурууда аткарылган жумуш белгилүү болсо, чынжырдын ошол бөлүгүндөгу чыналуу:
Вольта Александро
(1745-1827)
Италия физиги.Электр тогу жөнүндөгү окууга негиз салуучулардын бири.Биринчи жолу гальваникалык элементти түзгөн .
Ток булагынын уюлдарындагы же чынжырды кандайдыр бөлүктөрүндөгү чыңалууну өлчөөчу курал вольтметр деп аталат.
Электр чыңалуусу адатта вольтметр менен өлчөнөт, СИ деги бирдиги – Вольт
Вольтметр электрмагниттик, магнит-электрдик,
электр-динамикалык болуп бөлүнөт.
Вольметрди чынжырга туташтыруу
Вольтметр – электр тизмегиндеги чыңалууну жана электр кыймылдаткыч күчүн өлчөөчү прибор. Ал электр тизмегине же электр энергиясынын булагына жарыш туташтырылат .
Вольметрдин ички түзүлүшү
Вольтметрди чынжырга туташтыруу.
Вольтметр (V) тамгасы менен белгиленет .
- Электр-магниттик Вольтметр электр станциясында жана өнөр-жай ишканаларында турактуу прибор катары колдонулат. Магнит-электрдик Вольтметр абдан сезгич жана так келип, турактуу ток тизмектеринде гана пайдаланылат. Түзөткүч, төмөнкү жыштыктагы, термоэлектр жана электрон Вольтметрлер жогорку жышгыктагы чыңалууларды өлчөйт. Төмөнкү чыңалууну өлчөөдө Вольтметр менен өлчөгүч күчөткүч айкалыш туташтырылат. Ал эми жогорку чыңалууну өлчөө үчүн Вольтметрге кошумча каршылыкты же чыңалууну ченегич трансформатор кошулат. Жогорку жана өтө жогорку жыштыктагы өзгөрмө токту өлчөө үчүн электр өлчөөчү механизмден мурда өзгөрмө токту өлчөө үчүн токту турактуу токко айландыргыч туташтырылат. Цифралык Вольтметр кеңири пайдаланылууда.
Бышыктоо :
- Электр чыкалуусу электр талаасынын кандай касиетин муноздойт? Электр чыналуусу деген эмне?
- Чыналуунун бирдиги учун эмне алынат?
- 1 В эмнени билгизет? Чыналуунун вольттон башка кандай бирдиктери бар?
- Чыналуу кандай куралдын жардамы менен олчонот?
- Чынжырдын болугундогу чыналууну олчоо учун вольтметрди кандайча туташтырат?
- Үйгө тапшырма: §50