СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан!

Нажмите, чтобы узнать подробности

ТАРБИЯЛЫК СААТ

Просмотр содержимого документа
«Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан!»

Сабак Кыргыз Республикасынын гимни менен башталат!

Сабак Кыргыз Республикасынын гимни менен башталат!

Сабактын темасы: ЭНЕ ТИЛИМ ЭЧЕН КЫЛЫМ КАРЫТКАН, ЭЧ КИМ АНЫ ӨЧҮРӨ АЛБАЙТ ТАРЫХТАН! ТАРБИЯЛЫК СААТЫ АМИРАЛИЕВ СЕМЕТЕЙ МАНАСОВИЧ – «БРЕЙН-РИНГ» АКЫЛ ТАЙМАШ КИТЕБИ БАЙЛАНЫШ ТЕЛЕФОНДОРУ: 0559 03-03-87, 0772 45-71-19  1/23/20

Сабактын темасы:

ЭНЕ ТИЛИМ ЭЧЕН КЫЛЫМ КАРЫТКАН, ЭЧ КИМ АНЫ ӨЧҮРӨ АЛБАЙТ ТАРЫХТАН!

ТАРБИЯЛЫК СААТЫ

АМИРАЛИЕВ СЕМЕТЕЙ МАНАСОВИЧ – «БРЕЙН-РИНГ» АКЫЛ ТАЙМАШ КИТЕБИ

БАЙЛАНЫШ ТЕЛЕФОНДОРУ: 0559 03-03-87, 0772 45-71-19

1/23/20

Сабактын максаты: – Окуучулардын өз эли-жерин, эне тилибиз – мамлекеттик тилди, ата-бабадан калган улуу мурастарды урматтап аздектөөсү үчүн түрдүү булактардан маалыматтарды берүү; – Мекен алдындагы алардын жоопкерчилигин арттыруу, атуулдук парзын аткаруу, ата мурастарын сактоо зарылдыгын туюндуруу, эне тилин сүйүүгө, сактоого умтулуу; – Патриоттукка, намыскөйлүккө, ынтымак-достукка ж.б.  тарбиялоо.

Сабактын максаты:

  • – Окуучулардын өз эли-жерин, эне тилибиз – мамлекеттик тилди, ата-бабадан калган улуу мурастарды урматтап аздектөөсү үчүн түрдүү булактардан маалыматтарды берүү;
  • – Мекен алдындагы алардын жоопкерчилигин арттыруу, атуулдук парзын аткаруу, ата мурастарын сактоо зарылдыгын туюндуруу, эне тилин сүйүүгө, сактоого умтулуу;
  • – Патриоттукка, намыскөйлүккө, ынтымак-достукка ж.б.  тарбиялоо.
Сабакта колдонулууучу дидактикалык каражаттар:  КРнын Гимни, Кыргыз тилинин гимни, «Манас», «Семетей», «Сейтек» китептери, сүрөттөр, слайд шоу, видео роликтер, кыргыз тилинин тарыхы жөнүндө презентациялар, ж.б.

Сабакта колдонулууучу дидактикалык каражаттар:

  • КРнын Гимни, Кыргыз тилинин гимни, «Манас», «Семетей», «Сейтек» китептери, сүрөттөр, слайд шоу, видео роликтер, кыргыз тилинин тарыхы жөнүндө презентациялар, ж.б.
Сабактын жүрүшү: Сабак Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталат. Андан соӊ видео слайддан «Манас» эпосу көрсөтүлөт, жана окуучу «Манас» эпосунан үзүндү айтат.

Сабактын жүрүшү:

  • Сабак Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталат.
  • Андан соӊ видео слайддан «Манас» эпосу көрсөтүлөт, жана окуучу «Манас» эпосунан үзүндү айтат.
Үзүндү айтылып бүткөн соӊ, мугалим бул диалогду айтуу менен сабакты баштайт: мугалим: Кыргыз эли үчүн эмне ыйык? 1-окуучу: – Кыргыз эли үчүн Ала-Тоо ыйык! 2-окуучу: – Улуу «Манасы» ыйык! 3-окуучу: – Ак боз үйү ыйык! 4-окуучу: – Ак калпагы, ак элечеги ыйык! 5-окуучу: – Эне тили ыйык!

Үзүндү айтылып бүткөн соӊ, мугалим бул диалогду айтуу менен сабакты баштайт:

  • мугалим: Кыргыз эли үчүн эмне ыйык?
  • 1-окуучу: – Кыргыз эли үчүн Ала-Тоо ыйык!
  • 2-окуучу: – Улуу «Манасы» ыйык!
  • 3-окуучу: – Ак боз үйү ыйык!
  • 4-окуучу: – Ак калпагы, ак элечеги ыйык!
  • 5-окуучу: – Эне тили ыйык!
мугалим: Эне тил! Кандай жөнөкөй, кандай бийик, кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат. «Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили», «Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун, Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун», – дегендей, эне тилибиз – кыргыз тилин, аны мамлекеттик тилибиз катары даӊазалоо сабагын баштоого уруксат этиӊиздер! Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул – эне тилибиз  кыргыз тили. «Элсиз тил болбойт, тилсиз эл болбойт». Анын сыӊарындай, кыргыздын кыргыздыгы анын эне тили аркылуу билинет, эне тили аркылуу даӊкталат. Дүйнөдө теӊдеши жок алп «Манастай» дастандарды жараткан эне тилибиз кыргыз тили жөнүндө эмнелерди айта аласыӊар?

мугалим: Эне тил!

  • Кандай жөнөкөй, кандай бийик, кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат. «Элди түбөлүк эл кылып турган – анын тили»,
  • «Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун,
  • Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун», – дегендей, эне тилибиз – кыргыз тилин, аны мамлекеттик тилибиз катары даӊазалоо сабагын баштоого уруксат этиӊиздер! Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул – эне тилибиз  кыргыз тили.
  • «Элсиз тил болбойт, тилсиз эл болбойт». Анын сыӊарындай, кыргыздын кыргыздыгы анын эне тили аркылуу билинет, эне тили аркылуу даӊкталат. Дүйнөдө теӊдеши жок алп «Манастай» дастандарды жараткан эне тилибиз кыргыз тили жөнүндө эмнелерди айта аласыӊар?
1-окуучу: «Кыргыз тили кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан. 2-окуучу: Кыргыз тили улуу «Манасын» сактап калды, «Манас» кыргыз тилин өчүрбөй улантып келди. 3-окуучу: Абалтадан салт-санаасын сактаган, Акыл, оюн алыс жолдо тактаган. Кылымдардан кылымдарды карыткан, Кыргызымдын тили менен мактанам. 4-окуучу: Эне тилим – өз тилим, Эси жоктук иш кылат, Өзүнүн эне тилинде Сүйлөбөсө сөздү ким. 5-окуучу: Уккан сайын көшүгөн, Эне тилим – эгизим. Сүзүп өттүм өзүнөн, Акыл-билим деӊизин. 6-окуучу: Эне тилим – намысым, Эне тилим – арым да. Билбейм жолдун алысын, Эне тилим барында. 7-окуучу: Эне тилим – карегим, Сенде менин дарегим. Сен турганда мен бармын, Сен турганда бар элим. 8-окуучу: Эне тилге кайрылып, Бак-таалайлуу болмокмун. Эне тилден айрылып, Калган күнү мен жокмун.
  • 1-окуучу:
  • «Кыргыз тили кылымдарды карыткан,
  • Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.
  • 2-окуучу:
  • Кыргыз тили улуу «Манасын» сактап калды,
  • «Манас» кыргыз тилин өчүрбөй улантып келди.
  • 3-окуучу:
  • Абалтадан салт-санаасын сактаган,
  • Акыл, оюн алыс жолдо тактаган.
  • Кылымдардан кылымдарды карыткан,
  • Кыргызымдын тили менен мактанам.
  • 4-окуучу:
  • Эне тилим – өз тилим,
  • Эси жоктук иш кылат,
  • Өзүнүн эне тилинде
  • Сүйлөбөсө сөздү ким.
  • 5-окуучу:
  • Уккан сайын көшүгөн,
  • Эне тилим – эгизим.
  • Сүзүп өттүм өзүнөн,
  • Акыл-билим деӊизин.
  • 6-окуучу:
  • Эне тилим – намысым,
  • Эне тилим – арым да.
  • Билбейм жолдун алысын,
  • Эне тилим барында.
  • 7-окуучу:
  • Эне тилим – карегим,
  • Сенде менин дарегим.
  • Сен турганда мен бармын,
  • Сен турганда бар элим.
  • 8-окуучу:
  • Эне тилге кайрылып,
  • Бак-таалайлуу болмокмун.
  • Эне тилден айрылып,
  • Калган күнү мен жокмун.
МУГАЛИМ: Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов: «Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет» – деп, абдан туура, таамай айткан. Ошондо да, кылымдан кылым өтүп, акын Шайлообек агайыбыз айткандай, «Кыргызым» деп жулунганы менен, бир ооз кыргызча билбеген «маӊкурт» кыргыз эмес, руху, духу таза кыргыз жашап турса гана кыргыз тили жашап турмагын эстейли. Балдар, силердин да эне тил тууралуу кандай ой толгоолоруӊар бар?
  • МУГАЛИМ:
  • Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов: «Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет» – деп, абдан туура, таамай айткан.
  • Ошондо да, кылымдан кылым өтүп, акын Шайлообек агайыбыз айткандай, «Кыргызым» деп жулунганы менен, бир ооз кыргызча билбеген «маӊкурт» кыргыз эмес, руху, духу таза кыргыз жашап турса гана кыргыз тили жашап турмагын эстейли.
  • Балдар, силердин да эне тил тууралуу кандай ой толгоолоруӊар бар?
Кыргыз тили  —  Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик тили, түрк тилдеринин курамына, анын ичинде  кыргыз-кыпчак  тобу на кирет. Кыргыз Республикасынын түптүү калкынын,  Кытайдагы ,  Өзбекстан ,  Тажикстан ,  Республикасы нда  Ооганстан ,  Түркия ,  Орусияда  жашап жаткан кыргыздардын эне тили. 2009 ж. өткөн  элди  жана  турак-жай  фондун  каттоонун  жыйынтыгында Кыргыз Республикасында кыргыз тилин 3 830 556 адам өз эне тили катары көрсөтүшкөн жана 271 187 адам кыргыз тилин экинчи тил катары биле тургандыгы аныкталган. Бул КРсындагы калктын 76% кыргыз тилинде сүйлөйт дегенди билдирет. Кыргыз тилинде 1 720 693 адам  орус  тилин  дагы билише тургандыгын көргөзүшкөн. Бул 2 109 863 адам кыргыз тилинде гана сүйлөй билишет дегенди билдирет. Болжолдуу эсеп менен дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилинде 5 100 000 адам сүйлөйт.

Кыргыз тили  —  Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик тили, түрк тилдеринин курамына, анын ичинде  кыргыз-кыпчак тобу на кирет. Кыргыз Республикасынын түптүү калкынын,  КытайдагыӨзбекстанТажикстанРеспубликасы нда  ОоганстанТүркияОрусияда  жашап жаткан кыргыздардын эне тили. 2009 ж. өткөн  элди жана турак-жай фондун каттоонун  жыйынтыгында Кыргыз Республикасында кыргыз тилин 3 830 556 адам өз эне тили катары көрсөтүшкөн жана 271 187 адам кыргыз тилин экинчи тил катары биле тургандыгы аныкталган. Бул КРсындагы калктын 76% кыргыз тилинде сүйлөйт дегенди билдирет. Кыргыз тилинде 1 720 693 адам  орус тилин  дагы билише тургандыгын көргөзүшкөн. Бул 2 109 863 адам кыргыз тилинде гана сүйлөй билишет дегенди билдирет. Болжолдуу эсеп менен дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилинде 5 100 000 адам сүйлөйт.

  • Байыркы кыргыз тили
  • Көпчүлүк окумуштуулардын ( Б. Б. РадловВ. ТомсенС.Е. Малов , М.Е. Массон, И.А. Батманов ж. б.) пикиринде  ХакасиядагыТувадагыТоолуу АлтайдагыМоңголиядагыТаластагыКочкордогу  жазуу эстеликтеринде сакталып калган жазуулар б. з. ч. 3 к. - б. з. 10-11-кк. чейин кыргыздар колдонуп келген тил болуп эсептелет. Бирок аталган тил андан мурунку доорлордо кезигерин унутпашыбыз керек. Мисалы, кийинки түркологдордун кээ бири (кара: Дроздов Ю.Н. Тюркская этнонимия древнеевропейских народов. М., 2008) сактардын тили дагы түрк (кыргыз) тилине жакын экендигин далилдеп жатат. Бул жерде «түрк» деген сөз жалпылама мааниде колдонулуп жүрүшү мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо керек (кара: Кононов А.Н. Опыт анализа термина «турк». //СЭ. № I, 1949). Ал эми байыркы кытай маалыматтарында сакталып калган хунндардын 20 чакты сөзүнүн (мисалы, ch’eng-li - «көк» = «асман»; hiep-hō - χiәp-γәu = «йабгу», «жабгу»; eu-ta - wo-lu-to, ao-t’ot = «ордо», «кынгырак» - байыркы түрк. kɨŋrak = эки миздүү ийри бычак) уңгусу түрк тилине келип такалат. Демек, кыргыз тилинде колдонулган жазуулар  Орхондогу жазуу эстеликтеринен  эрте пайда болуп, кийин архаикалык мааниде айрым фонетикалык, грамматикалык, структуралык өзгөрүүлөргө ээ болушу мүмкүн.  Орхон түрктөрү  өз жазуу системасын түзүүдө байыркы кыргыздардын жазуу маданиятындагы тажрыйбаны пайдаланышкан (Шилтеме керек). Бул жазуу системасы ошол учурдагы кыргыздар пайдаланган тил катары мамлекеттик иш-кагаздарынын, дипломатиялык алакалардын талабына толук жооп берген дешке болот.
  • Орто кылымдардагы кыргыз тили
  • 10-кылымга чейин саясий-согуштук кырдаалдар, согуштук аракеттер, миграциялар, кыргыз тилинин эволюциялык ѳнүгүүсүнѳ тийгизген таасири тууралуу ѳз алдынча изилдѳѳлѳр азырынча жүрѳ элек. Бирок  Махмуд Кашгари де Киркиз, Кифжак, Угуз, Тухси, Йагма, Жикил, Уграк жана Жаруктардын тили – бир, таза түрк тили [туркиййя мах̣д̣а луг̣а вāх̣ида] экенин, Йамак менен Башгирт тили аларга жакын экени эскертилет. Ошону менен эле бир катар «бардык Йагма, Тухси, Кифжак, Йабаку, Татар, Кай, Жумул жана Огуздар «з» тыбышын «й» менен алмаштырып салышарын, башкача айтканда бул топтогулардан башкалар (анын ичинде кыргыздар дагы) кайыңды (жыгач, бак) «казиң», кийизди «кизиз», кездеменин кыйыгын (кыйык) «кузук» деп сүйлѳѳрү белгиленген. Негизи окшоштугу жагынан Махмуд Кашгаринин сѳздүгүндѳ колдонулган сѳздѳр дээрлик азыркы кыргыз тилинде, эң эскилерин алиге чейин түштүк кыргыздары колдонорун белгилѳѳгѳ болот. Мисалы, Махмуд Кашгариде «курум» – «аска-таш», «амаж» – соко. Азыркы учурда жергеталдыктар үйүлүп калган шагыл ташты курум дешсе, жалпы түштүктө сокону амач деп аташат. Бирок байыркы Энесайлык кыргыздардын жазуу тили азыркы кыргыздардын тилине тийгизген таасирин так кесе айтууга болбойт. Мисалы, кээ бир окумуштуулар (кара: Петров. К.И. Очерки происхождения киргизского народа. Фр., 1963) «XIII-XV кылымдарда Тянь-Шанда калыптанган тилдин моңголдордун чабуулуна чейинки (XIII кылымга чейинки)Тянь-Шанда жашаган калк жана енисейлик кыргыздарга тиешелүү тилге жатпагандыгын» баса белгилеген. Кыргыз тилинин моңголдордун чабуулуна чейин ѳзгѳрүүгѳ учураганын академик Болот Жунусалиев (Юнусалиев) дагы кѳрсѳтѳт. Мисалы, «кыргыз-алтай тилинде лексика, фонетика жана морфологиядагы окшоштуктардан тышкары кыргыздын тагай, адигине уруулары колдонуп, бирок ичкиликтерде кезикпеген өзүнчө сөз тобу бар. Алар мындай: «сонун», «белен», «каалга», «унаа», «керээз», «арга», ж. б. Эми, биринчиден, бул сөздөр моңгол тилине кирген бардык тилде (анын ичинде жазуу тилинде да) кезигет; экинчиден, кыргыздын жогоруда көрсөтүлгөн урууларынан башка азыркы алтай, тува, кээде хакас тилинде да жолугуп, бирок булар менен уялаш башка элде колдонулбайт. Бул эмне дегендик? Мындай сөздөрдүн жалпы ортоазиялыктарда жана батыш түрк тилинде жолукпай, моңгол тилинде гана кезигип, кыргыздар менен алтайлыктар аны моңгол тилдүү элден кабыл алуусу төгүнгө чыкпай турган далил болуп эсептелет. Анда, алар аны качан, кайсы жерде кабыл алган деген жүйөлүү суроо туулат. Кыргыздар аны Орто Азияны моңголдор каратып алган мезгилде кабыл алды дешке негиз жок, эмне үчүн дегенде, ал сөздөрдү (жок дегенде кээ бирин) казак, өзбек, уйгур, тажик, түркмөн же башка элдер да кабыл алышы керек болчу. Моңголдор аларды да басып алган. Ошондуктан адигине жана тагай уруулары аталган сөздөрдү кыргыздар алтайлыктар менен алардан мурда аралашып, саян-алтай бөксө тоолорунда жүрүп кабыл алган деген тыянак чыгат. Ал эми мындай сөздөр ичкиликтердин диалектисине кирбей калышы – ичкиликтер ал туугандарынан өтө оолакта калганын, же кыргыз эли моңгол тилин сөзүн кабыл алып жүргөн мезгилде алардын алыскы түштүк-батыш чегинде калышканын далилдейт. Бул фактылар башка фактылар менен да түз байланышып турат» (кара: Юнусалиев Б.М. К вопросу о формировании общенародного киргизского языка.“Труды ИЯЛ АН Кирг. ССР”, 1956, вып. VI). Соңку  ислам дининин  таасири менен кыргыздар араб арибин пайдаланууну ѳздѳштүрүшкѳн. Дал ушул мезгилден кыргыз тилине ислам дининин, кошуна жашаган түрк-иран тилдүү элдердин таасири астында иранизм, арабизм лексикалары кире баштаган. Ошол мезгилден тартып, азыркы  Кыргызстанда  1928 ж. чейин, Кытайдагы кыргыздарда азыркы учурда дагы кыргыз тилинде жазуу араб арибин колдонуп жүргүзүлгөн.
  • Айрым изилдѳѳчүлѳрдун тыянагы (Н.А.Баскаков) боюнча кыргыз тили 10-к. тартып кыпчак тилинин таасирин күчтүү ала баштаган. 10-13-кк. тарыхый кырдаалдардын соңунан энесайлык жана теңиртоолук кыргыздардын тилдери ѳз алдынча ѳнүгѳ баштаган.
  • Эне-Сайдагы кыргыздардын тили 1703-ж. чейин ѳз алдынча өнүгө берген. Бул кыргыздар  Жунгарияга  сүрүлгөндөн соң, энесайлык кыргыздар ѳз алдынча этностук өнүгүү негизинен ажырап калышкан. Ошол кыргыздардын тили бүгүнкү хакастардын, тувалардын, шорлордун, карагастардын, түштүк алтайлыктардын тилдеринин калыптанышына башкы ролду ойноду, энесайдагы кыргыз тили кийинки жашоосун улантты.
  • Азыркы кыргыз тили
  • Теңир-Тоодогу кыргыздардын тилинин өнүгүүсү улана берген. 19-к.  Молдо КылычМолдо НиязТоголок Молдо  ж.б. араб ариби менен кыргыз тилинде ѳз чыгармаларын жарата алышты. Чагатай жазуу маданиятынын таасирине карабастан, кыргыздарда ѳз жазуу маданияты өнүгө берди. Муну бүгүнкү кытайлык кыргыздардын араб арибине ыңгайлашкан жазуу маданиятынан көрүүгө болот. Араб арибинде Осмоналы Сыдык уулу ѳз эмгектерин жазган, 1917 жылы төңкөрүштүн соңку жылдарындагы гезит-журналдар, алгачкы алиппелер буга мисал боло алаары анык.  К.Тыныстан уулуИ.АрабаевБ.Солтоноев  ж.б. илим адамдары ѳз илимий эмгектерин араб ариби, андан соң латын, кийинчерээк кириллицага негизделген жазуу менен даярдашкан. Жаңы кыргыз тили төңкөрүштөн кийинки мезгилде биротоло калыптана баштады. Кыргыздын алгач араб арибине, латынга, андан соң кириллицага негизденген адабий тили, улуттук интеллигенция, окуу-маданий, улуттук искусство борборлору калыптана баштады. Алгачкы илимий басылмалар жарыкка чыкты, мамлекеттик стандарттагы атайын окуу китептери, окуу куралдары, адабий чыгармалар басылып чыга баштады. Учурдагы кыргыз тили өнүгүү жолунда. бүгүнкү илимий-техникалык жана башка керектөөлөрдүн бардык талаптарына жооп берген, өнүгүп жаткан улуттун тили. Азыркы кыргыз тилинин 1928 жылдары реформаланган араб алфавитинин негизиндеги, 1927-1940 жылдары латын алфавитинин негизиндеги жазууда болгон. 1935-жылы кыргыз тилинин ариптерин кириллике өткөрүү боюнча катуу талкуу жүрүп,  1940  жылдан тартып кирилликте жазуу системасы колдонулууда. Жазуу системаларынын өзгөрүүсү менен чогуу  Кыргыз тилин орфография эрежелери  да улам такталып келе жатат. Азыр колдонулуп кыргыз тилинин орфографиясынын соңку редакциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылы 26-июнь кабыл алынган, № 567 токтому менен бекитилген.
Ариптери Негизги макала :  Кыргыз  алфавити Кирилл жазуусу расмий түрдө Кыргызстанда колдонулат. Араб жазуусу  расмий түрдө Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна кирген Кызылсуу-Кыргыз автоном облусу, Или-Казак автоном облусу, Пакистан жана Ооганстанда колдонулат. Кыргыз Брайль алфавити Араб ариби 1927-жылы латын арибинин негизинде түзүлгөн алфавитке өткөнгө чейин колдонулган. Учурда араб ариби Кытайда колдонулат. Латын ариби Кирилл арибине алмаштырылганга чейин 1930-жж. Советтер Союзунда колдонулган. Кыргыз кирилл ариби Кыргызстанда колдонулат. 36 тамгадан турат: 33 орус алфавитинен, жана кошумча кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайык 3 тамга: Ң, Ү, Ө. Азыркы кыргыз тамгалары Кыргыз ариптери. Өө, Ңң, Үү тамгалар Ctrl+Alt же AltGr баскычы менен терилет (Windows). 1940 ж. орус арибинин 33 тамгасынын негизинде,  ө, ң, ү,  кыргыз тамгалары кошулуп, жалпысынан 36 тамга болуп түзүлгөн.  Кыргыз адабий тилинде  36 тамга, 39 тыбыш  бар. Анын он төртү (8 кыска, 6 созулма) үндүү, 25 үнсүз тыбыш: (б, в, г, г, д, ж, д, ж (аффриката) з, й, к, к, л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ) 22 тамга менен белгиленет.
  • Ариптери
  • Негизги макалаКыргыз алфавити
  • Кирилл жазуусу расмий түрдө Кыргызстанда колдонулат.
  • Араб жазуусу  расмий түрдө Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна кирген Кызылсуу-Кыргыз автоном облусу, Или-Казак автоном облусу, Пакистан жана Ооганстанда колдонулат.
  • Кыргыз Брайль алфавити
  • Араб ариби 1927-жылы латын арибинин негизинде түзүлгөн алфавитке өткөнгө чейин колдонулган. Учурда араб ариби Кытайда колдонулат. Латын ариби Кирилл арибине алмаштырылганга чейин 1930-жж. Советтер Союзунда колдонулган. Кыргыз кирилл ариби Кыргызстанда колдонулат. 36 тамгадан турат: 33 орус алфавитинен, жана кошумча кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайык 3 тамга: Ң, Ү, Ө.
  • Азыркы кыргыз тамгалары
  • Кыргыз ариптери.
  • Өө, Ңң, Үү тамгалар Ctrl+Alt же AltGr баскычы менен терилет (Windows).
  • 1940 ж. орус арибинин 33 тамгасынын негизинде,  ө, ң, ү,  кыргыз тамгалары кошулуп, жалпысынан 36 тамга болуп түзүлгөн. Кыргыз адабий тилинде  36 тамга, 39 тыбыш  бар. Анын он төртү (8 кыска, 6 созулма) үндүү, 25 үнсүз тыбыш: (б, в, г, г, д, ж, д, ж (аффриката) з, й, к, к, л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ) 22 тамга менен белгиленет.
  ق   (Q) Г (G)  گ   +  а ,  о ,  у ,  ы  тамгаларынын алдында турса же ээрчисе =  ع   (Ğ) " width="640"
  • Кыргыз ариптеринин салыштырмалуу жадыбалы
  • Кириллица ариптери Аты Араб ариптери Латын ариптери Латын ариптери (1928—1940) IPA А   а а ا A aA a/ɑ/ Б   б бы ب B bB в/b/, [w], [v] В   в вы ۋ V vV v/v/ Г   г гы گ ع *G g, Ğ ğG g,  Ƣ   ƣ /ɡ/ [ʁ] Д   д ды د D dD d/d/ Е   е e ه E eE e/je/, /e/ Ё   ё ё يو Yo yoYo yo/jo/ Ж   ж жы ج J j Ç   ç  ( Ƶ   ƶ  1938-1940)/dʒ/ З   з зы ز Z zZ z/z/ И   и и ى İ iI i/i/ Й   й йы ي Y yJ j/j/ К   к кы ك ق *K k, Q qK k, Q q/k/, [q], [χ] Л   л лы ل L lL l/l/ М   м мы م M mM m/m/ Н   н ны ن N nN n/n/ Ң   ң ың ڭ Ñ ñ Ŋ   ŋ /ŋ/ О   о о و O oO o/o/ Ө   ө ө ۅ Ö ö Ɵ   ɵ /ø/ П   п пы پ P pP p/p/ Р   р ры ر R rR r/r/ С   с сы س S sS s/s/ Т   т ты ت T tT t/t/ У   у у ۇ U uU u/u/ Ү   ү ү ۉ Ü üY y/y/ Ф   ф фы ف F fF f/f/ Х   х хы ح X xX x (H h 1928-1938)[χ] /k/ Ц   ц ыцы تس C cTs ts/ts/ Ч   ч чы چ Ç çC c/tʃ Ш   ш шы ش Ş şŞ ş/ʃ/ Щ   щ ща-Şç şçŞc şc/ʃtʃ/, /ʃː/ Ъ   ъ ажыратуу белгиси---- Ы   ы ы ى I ı Ь   ь /ɯ/ Ь   ь ичкертүү белгиси---- Э   э э ه E eE e/e/ Ю   ю ю يۋ Yu yuYu yu/ju/, /jy/ Я   я я يا Ya yaYa ya/ja/, /jɑ/К (K)  ك   +  аоуы  тамгаларынын алдында турса же ээрчисе =  ق   (Q)
  • Г (G)  گ   +  аоуы  тамгаларынын алдында турса же ээрчисе =  ع   (Ğ)
Орхон-Энесай алфавити (Көк-Түрк алфавити, Турaн алфавити, Бaйыркы Түрк алфавити, Бaйыркы Түрк элдери алфавити) КолдонууТамгаларТранслитерация жана транскрипцияүндүүлөрA/a/, /e/I/ɯ/, /i/, /j/O/u/, /o/, /w/U/ø/, /y/, /w/үнсүздөртиркемеүндүүлөр менен:  (¹) — жоон,  (²) — ичке  катар мененB¹/b/B²/b/D¹/d/D²/d/G¹/g/G²/g/L¹/l/L²/l/N¹/n/N²/n/R¹/r/R²/r/S¹/s/S²/s/T¹/t/T²/t/Y¹/ʤ/Y²/ʤ/тек (¹) — Q  тек (²) — KQ/q/K/k/бардык  үндүүлөр менен-Ç/ʧ/-M/m/-P/p/-Ş/ʃ/-Z/z/-NG/ŋ/тиркемелер+ үндүүIÇ, ÇI, Ç/iʧ/, /ʧi/, /ʧ/IQ, QI, Q/ɯq/, /qɯ/, /q/OQ, UQ,  QO, QU, Q/oq/, /uq/,  /qo/, /qu/, /q/ÖK, ÜK,  KÖ, KÜ, K/øk/, /yk/,  /kø/, /ky/, /k/+ үнсүз-NÇ/nʧ/-NY/nʤ/-LT/lt/, /ld/-NT/nt/, /nd/сөз бөлүү тамгасыжок (-) — тек сөз аягында
  • Орхон-Энесай алфавити
  • (Көк-Түрк алфавити, Турaн алфавити, Бaйыркы Түрк алфавити, Бaйыркы Түрк элдери алфавити)
  • КолдонууТамгаларТранслитерация жана транскрипцияүндүүлөрA/a/, /e/I/ɯ/, /i/, /j/O/u/, /o/, /w/U/ø/, /y/, /w/үнсүздөртиркемеүндүүлөр менен: (¹) — жоон, (²) — ичке катар мененB¹/b/B²/b/D¹/d/D²/d/G¹/g/G²/g/L¹/l/L²/l/N¹/n/N²/n/R¹/r/R²/r/S¹/s/S²/s/T¹/t/T²/t/Y¹/ʤ/Y²/ʤ/тек (¹) — Q тек (²) — KQ/q/K/k/бардык үндүүлөр менен-Ç/ʧ/-M/m/-P/p/-Ş/ʃ/-Z/z/-NG/ŋ/тиркемелер+ үндүүIÇ, ÇI, Ç/iʧ/, /ʧi/, /ʧ/IQ, QI, Q/ɯq/, /qɯ/, /q/OQ, UQ, QO, QU, Q/oq/, /uq/, /qo/, /qu/, /q/ÖK, ÜK, KÖ, KÜ, K/øk/, /yk/, /kø/, /ky/, /k/+ үнсүз-NÇ/nʧ/-NY/nʤ/-LT/lt/, /ld/-NT/nt/, /nd/сөз бөлүү тамгасыжок (-) — тек сөз аягында
  • Кыргыз тилинин тарыхы
  • Jump to navigation Jump to search Кыргыз тилинин тарыхы . «Кыргыз тили» деген жалпы түшүнүктүн мазмунун анын жеке өзүнүн азыркы мезгилдеги грамматика-лексикалык өзгөчөлүктөрү гана түзбөстөн, анын алыскы жана жакынкы тектеш түрк тилдерине бирдей мүнөздөгү өзгөчөлүктөрү түзөт. Анткени тилибиздин пайда болуп жана кылымдар бою өркүндөп жашап келиши да бирдей болбостон, ички жана сырткы таасирлердин натыйжасында өзүнүн негизги грамматикалык белгилерин сактап калуу менен бирге лексика байлыгы улам арбып, грамматикалык айрым бир кубулуштары өзгөрүүгө дуушарланган. Дагы бир белгилөөчү кырдаал — тарых, социология, философия, коом таануу жана тил илимдеринде «урук», «уруу», «эл», «улут» түшүнүктөрү жалпы идеологиялык көз караштын өзгөрүүсү менен ар түрдүү колдонулуп жүргөндүгү байкалат: мисалы, Байыркы Кытай дилбаяндарында (биздин заманга чейинки 2-кылым) «кыргыз эли» — «кыргыз мамлекети» дегенди билдирген. Жалпы кыргыз тилинин тарыхы жөнүндө айтуудан мурда анын «жалпы элдик тил», «жалпы элдик адабий тил» жана «жазма адабий тил» деген терминдер менен аталып айырмалангандыгы тууралуу жана алардын кыргыз тилтаануу илиминде бири-биринен айырмаланып, колдонула башташы, анын себеби тууралуу да айтылганы бар. Бул маселелер алгач 1950—60-жылдары кыргыз тил илиминин теоретиги академик Б. М. Юнусалиев тарабынан козголуп, Кыргызстан боюнча изилденген жана «кыргыз диалектологиясынын негиз салынышына байланыштуу болгон. Тилдин тарыхый өнүгүшүнүн бардык этаптарында анын жазма түрүндө сакталып калбагандыктан, аны башка тектеш тилдер менен салыштыруу аркылуу гана чындыкка жетишүүгө болорун изилдөөлөр тастыктайт: болгондо да тилдин байыркы — «жансыз» деп эсептелген фактыларын тектеш тилдерге мүнөздүү фактылар жана алардагы жандуу көрүнүштөр менен салыштыруу аркылуу гана чындык айкындалат. Кыргыз тили Алтай тобундагы тилдердин (башкача айтканда түрк, моңгол-манжур жана финн-угор) катарына кирери белгилүү. Ал эми анын өнүгүү тарыхы акадмик Б. М. Юнусалиевдин пикири боюнча 3 мезгилге: Байыркы, Орто жана Жаңы мезгил деп бөлүнөт. 1. Байыркы (Енисей-моңгол) мезгили 7—12-кылымдарды камтып, кыргыздардын Енисейден батышты көздөй жер которуп, Иртыш дарыясынын аралыгындагы аймактарга (башкача айтканда Минуса ойдуңуна) акырындап жайгашкан убактарды ичине алат да, тилдик белгилердин «д» атоочтордун ортонку муунунан [адак — бут (нога)], этиштерде сөз аягынан [«код» — кой (поставь)] маанисиндеги сөздөр сымал ал кезде ушундай формада болуп, рун жазуусунун түрк тилдеринде адабий форма катары колдонулуп жүргөн мезгилин мүнөздөөчү тилдик белги деп аталат. Ошол учурда мындай көрүнүш азыркы хакас, шор, тыва жана тофалардын байыркы ата-бабаларынын тилдерине да мүнөздүү болгон. Ошентип «д»чыл тилдик көрүнүш ошол учурда кандайдыр бир саналган тилдердин ал кездеги диалектилик өзгөчөлүктөрүнөн айырмалуу — бардыгынын жалпы адабий тили катары эсептелген жана «д» тилдүүлүк адабий жазма жалпылыктын белгиси болгон. Ал эми ал мезгилдеги оозеки кыргыз тили үчүн «з»чылдык мүнөздүү болуп, жогорудагы сөздөр «азак» (нога) жана «коз» (положить) түрүндө болгон. Мындай тилдик айырмачылыктын издерин Кытайдын Хэйлунцзян провинциясын мекендеген фуюй кыргыздарында сакталып калышы жогорудагы пикирди дагы бир жолу бекемдейт. Бул көрүнүштүн издери учурда тилибизде кездешүүчү «коз: козго, козут» жана «кой» — поставь; «айак» (орфографиялык «аяк») — нога сыяктуу кубулуштар да күбөлөйт. Жогоруда аталган фуюй кыргыздарынын тилинен келтирилген фактылар байыркы Енисей кыргыздарынын жеке өзүнүн ал замандагы оозеки тилинин издеринин моңгол басырыгынын мезгилинде деле сактала берген тилдик өзгөчөлүгү экендигин күбөлөйт. Ал эми 9-кылымдын орто ченинде кыргыздар Байыркы Уйгур кагандыгын өзүнө каратып алган мезгилде «з» тилдүүлүк байыркы уйгурлардын «д»чыл тилинин ордуна өздөштүрүлүп, чындыгында тилдик алмашуу болгондугун азыркы учурда Кытайда Тибет бөксө тоолорун мекендеген сарыг=югурлардын тилиндеги тилдик айырмачылыктар далилдеп турат. Ошентип, байыркы кыргыз тили жөнүндө сөз болгондо анын абалы жөнүндө негизинен «з»чыл тилдердин тобуна жатуучу тилдерден (фуюй кыргыздары, сарыг-югурлар, хакастар менен шорлордун тилдери) байкалат. Ошондой эле байыркы кыргыз элдик тилинде созулма үндүүлөр да болгон эмес; эриндүүсү өтө күчтүү келип, жеке эле ичке үндүүлөр гана эмес, кең үндүүлөр да эриндешкен: «тогос» — девять, «козон» — заяц, «тухул» (монг. «тугал») — телёнок (салыштыруу азыркы кыргызча «токол» безрогий); сөз башында жалаң жумшак «б»: «бүзөг» — высокий; «бир» — один; «ж»: «жол» — дорога, «жи» — «же» — кушать. Бул мезгилге сөз ортосунда жумшак «г» мүнөздүү болгон: «агыр» — тяжёлый; «агыс» — рот; сөздүн аягында деле — ошол тыбыш: «сарыг» — жёлтый; «суг» — вода ж. б. Бул мезгилдин аяк ченинде (11—12-кылымдар) кыргыз тилинин кыпчак тилдери менен аралашуусу башталат. 2. Кыргыз тилинин Орто (Алтай) мезгили 13—14-кылымдарды камтып, бул аралыкта кыргыз урууларынын бир бөлүгү моңголдордун сүргүнүнүн натыйжасында Түштүк Алтайды көздөй көчүп, жергиликтүү Алтай урууларынын тилдеринин таасирине (башкача айтканда өз-ара таасирге) дуушарланып, ал эмес кыпчак тилдеринин таасирине да учурап, кыргыз тили батыш «й»чыл тилге айланат, мисалы, «айак» — нога; «кой» — класть, положить. Бул мезгилде жалпысынан алтай-кыргыз тилдик жалпылыктар менен бирге ар биринин өзүнө гана таандык тилдик өзгөчөлүктөрү да катар жашай бергендиги байкалат. Ушул Орто мезгилдин эң башында кыргыз-алтай уруу аралашмаларынан кыргыздардын чакан бөлүгү түштүктү көздөй жылып, Лобнор көлүнүн жээгине барып жайгашып калып, тилдик жагынан тигилерден айырмалуу, С. Е. Маловдун аныктамасы боюнча байыркы Енисей кыргыздарынын урпактарынан турган бул эл (лоптуктар) тилинде кыргыз тилинин ошол байыркы мезгилиндеги белгилерин сактап калган. Ал тилде негизинен орто кыргыз тилдик айырмачылыктардан башка созулма үндүүлөр жок. Лобнорчодо эриндешүү сакталып, «а, э» үндүүлөрү «у, щ» ичке үндүүлөрүнөн кийин эриндешет. Бул белги алтай тилинде таптакыр жок; кыргызчада сейрек кездешип, лобнор тилин кыргыз тили менен жакындаштырат. Сөз башындагы «й» болсо, уйгур тилинин жеке белгиси болуп, анын байыркы жана азыркы түрүнө да, ошондой эле сарыг-югур тилине да мүнөздүү: «йол» — дорога, «йаз» — весна, «йел» — ветер. Сөз ортосунда — «г»: «агыз» — рот, уста; «агый» — хворать, «таг» — гора. Ал эми бардык кыргыз диалектилерине мүнөздүү «с//з» алмашуулары болсо тилибизди алтайлыктар менен гана эмес, хакас, тыва жана якут (саха) тилдерине окшоштурат: «кыз\\кыс»; «сөз\\сөс» ж. б. тилибиздин байыркы мезгилине тиешелүү болуп, анын жогоруда белгиленген «з» мезгилинен калган раритеттерден. 3. Кыргыз тилинин Жаңы (ТяньШань) мезгили 15—16-кылымдарга туура келип, элибиздин Енисейден Батышка жылып отуруп, Тянь-Шанга көчүп келип, андагы жергиликтүү уруулар менен аралашкан мезгилин камтыйт да, алардын тилдик өзгөчөлүктөрүн өзүнө сиңирип алуунун натыйжасында (мисалы, «чекилдек» жана «чекир саяк» сыяктуу этнонимдер байыркы Енисей мезгилине мүнөздүү «чигил», муну менен семантика түзүлүш жагынан «чийкил» жана «чийкил сары» сын атоочтору сыктуу тектеш сөздөр) азыркы кыргыз жалпы элдик тили өзүнүн бардык диалектилик жана айтымдык белгилери камтылган өзгөчөлүктөрү менен калыптана баштайт. Болгондо да эң байыркы белгилери көбүнчө түндүк диалектилери сакталгандыгы байкалат. Ал эми азыркы кыргыз тили жалпысынан «й»чыл тил; орунбасар (башкача айтканда кийин пайда болгон) созулмалар; эриндешүүсү өтө күчтүү; сөз башы «ж»чыл; сөздүн ортосунда жана аягында «г»нын дифтонгдошуусу же үндүүгө айланышы мүнөздүү. Ал эми лобнор тилинде «г» бардык позицияларда сакталып калгандыктан, кыргызчада анын жогорудагыдай өзгөрүүгө дуушарланышы кыргыз тилинин тарыхынын орто мезгилинин аяк ченине туура келет деп болжолдоого негиз берет.
ОКУУЧУ: «ЭНЕ ТИЛИМ» Эне тилин өксүтүп көп кордогон, Анысына бир уялып койбогон. Андайлардын аты кыргыз болсо да, Эч убакта өзү кыргыз болбогон. Кайырма: Эне тилин билбеген, Эси жогун аныктайт. Эне тилин сүйбөгөн, Элин сүйүп, жерин сүйүп жарытпайт. мугалим: Тилге жолдош, үнгө дем, Комузду кошуп ырдайлы. Бабабыз черткен бул комуз, Баркына жетип сыйлайлы.
  • ОКУУЧУ: «ЭНЕ ТИЛИМ»
  • Эне тилин өксүтүп көп кордогон,
  • Анысына бир уялып койбогон.
  • Андайлардын аты кыргыз болсо да,
  • Эч убакта өзү кыргыз болбогон.
  • Кайырма:
  • Эне тилин билбеген,
  • Эси жогун аныктайт.
  • Эне тилин сүйбөгөн,
  • Элин сүйүп, жерин сүйүп жарытпайт.
  • мугалим:
  • Тилге жолдош, үнгө дем,
  • Комузду кошуп ырдайлы.
  • Бабабыз черткен бул комуз,
  • Баркына жетип сыйлайлы.
МУГАЛИМ: Макал – тилдин көркү. Макал – сөздүн каймагы. Окуучулар бири-бири менен макал-лакаптар айтышат. 1. Ааламдын көркүн көз ачат, Адамдын көркүн сөз ачат. 2. Адамды даӊазалаган да сөз, маскаралаган да сөз. 3. Адам тилинен табат. 4. Адамдын даӊкын чыгарган да тил, Тарпын чыгарган да тил. 5. Адам сөзгө байланат, Айбан чөпкө байланат. 6. Адам сөзүнөн сынат, Уй мүйүзүнөн сынат. 6. Аз сүйлөсөӊ элиӊе жагасыӊ, Көп сүйлөсөн балээге каласыӊ. 7. Ата сөзү алга сүйрөйт адамды,    Эне сөзү эпке салат жаманды. 8. Ооздун көркү – тил, Тилдин көркү – сөз. 9. Билимдүүнүн сөзүөткүр, Өнөрлүүнүн көзүөткүр.
  • МУГАЛИМ:
  • Макал – тилдин көркү.
  • Макал – сөздүн каймагы.
  • Окуучулар бири-бири менен макал-лакаптар айтышат.
  • 1. Ааламдын көркүн көз ачат,
  • Адамдын көркүн сөз ачат.
  • 2. Адамды даӊазалаган да сөз,
  • маскаралаган да сөз.
  • 3. Адам тилинен табат.
  • 4. Адамдын даӊкын чыгарган да тил,
  • Тарпын чыгарган да тил.
  • 5. Адам сөзгө байланат,
  • Айбан чөпкө байланат.
  • 6. Адам сөзүнөн сынат,
  • Уй мүйүзүнөн сынат.
  • 6. Аз сүйлөсөӊ элиӊе жагасыӊ,
  • Көп сүйлөсөн балээге каласыӊ.
  • 7. Ата сөзү алга сүйрөйт адамды,   
  • Эне сөзү эпке салат жаманды.
  • 8. Ооздун көркү – тил,
  • Тилдин көркү – сөз.
  • 9. Билимдүүнүн сөзүөткүр,
  • Өнөрлүүнүн көзүөткүр.
МУГАЛИМ: Ата-бабаӊөткөн жериӊди сүй, Түптүү КЫРГЫЗ элиӊди сүй. Элиӊ сүйлөгөн эне тилиӊди сүй, Ата Мекенге, элге, эне тилге Кошой, Бакай, Манас атаӊдай күй!   Сабак Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили – Кыргыз тилинин Гимнин аткаруу менен жыйынтыкталат. Класс жетекчиси:Бототаева Гулжамал
  • МУГАЛИМ:
  • Ата-бабаӊөткөн жериӊди сүй,
  • Түптүү КЫРГЫЗ элиӊди сүй.
  • Элиӊ сүйлөгөн эне тилиӊди сүй,
  • Ата Мекенге, элге, эне тилге
  • Кошой, Бакай, Манас атаӊдай күй!
  •   Сабак Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили – Кыргыз тилинин Гимнин аткаруу менен жыйынтыкталат.
  • Класс жетекчиси:Бототаева Гулжамал