Эне жүрөгү ыйлайт
Аялдамада турсам бир байбиче келе жатат. Он колунда таягы, сол колунда кичинекей пакет кармап, ойлуу чайпалып жерди ойо басып чарчанкы абалында келе жатты. Башын жеоге салып буттарын аран шилтеп капалуу экенин айгинелеп турду. Боорум ооруп карап турсам менин тааныш эжем экен. “ Атты арыганда көр, эрди карыганда көр” дегендей жаш кезинде шуулдачу эле, эми минтип таяк менин аран басып… Учурашсам такыр тааныган жок, жакшылап аты жөнүмдү айтсам таанып бетимден өөп жашып кетти. Жолукпаганыбызка көп болуптур. –Ээ эмне арманды айтасын көчодө кетип баратсам машина коюп кетип ушинтип калдым. Ажалым жок экен. Ооруканага жатып дарынын күчү менен ушул ахыбалга келдим. Бир көзүм да жакшы көрбөй калды. Бул аз келгенсип, жашоом да начар. Жалгыз келиним эки эркек бала төрөгөндон кийин абдан чалкалап калды. Өзүн-өзү билет, өтүгүн төргө илет. Кээде сорпо ичким келип, кичине эт кайнатып ичем. Дэги жатып калып кор болбосом экен дейм. Балам дарынын түрүн алып келип берет. Кайра-кайра ооруканага жаткандан да тажайт экенсин. Келиндин кылыктарын айтсам сенин да жүрөгүн ооруйт. Баарын толук айтып берем. Бир күнү ушул жерден жолугалы деди. Ал күн да келди –Абышкам экөөбүз баш кошуп көпкө чейин наристе үнүн укпай эркек балалуу болдук. Баркырап ыйлаган наристе үйдөгү тынчтыкты бузуп түйшүктүү кубаныч алып келди. Кермеге баланын көйнөктөрү, кызыл-тазыл жалаяктар жайылып үйгө жаңылык кирди. Баланын атын коюп адамдарды үйгө чакырып бешик той өткөрдүк. Жылмайып күлө баштаганда атасы:-Мен сени берген кудайыма ыраазымын. Алтын балам күлүп эле турсан экен. Жаратканым телегейинди тегиз кылса экен. Бакытты ченебей берсе экен. Элге кызмат кылган элдин адамы болсон экен . Ден соолук берип өмүрлүү болуп, баланчанын баласы деп тукумумду улай көр. Бизге кудай бала берди. Биз бактылуубуз ээ байбиче деп күнүгө айтар эле. Байбиче, баланы жакшы тарбиялаганга аракеттенели. Адам уядан эмнени көрсө ошону алат. Жаман кеп айтып урушпа, башка чаппа, дал-ортого чаппа. Мээримдүү өскөн бала жардам бергиси келет. Мерез болуп өскөн бала терс аяк болот. Алтынды бөлүшкөн сайын азаят. Акылды бөлүшкөн сайын көбөйөт деген эле. Абышкам байкуш омочоктоп канатууга кактырбай тумшуктууга чоктурбай бөпөлоп өстүрдү. Кичине чоноюп эс тартып калган маалда: -Биз апан экөөбүз окубай минтип колубуз жооруп колхоздун жумушунда жүрөбүз. Жакшы оку. Мен сени Фрунзеде окутам. Эстүү бол, ыймандуу, кайрымдуу бол деп дайыма айтчу. Айтканындай балабыз жакшы окуп 10-классты мыкты бутуп, мединститутка өз күчү менен өтүп кетти. Экинчи курсту бүткөндө атасы кайтыш болуп чоң үйдө мал жан менен жалгыз калдым. Ангыча уулум каникулга келип : -Апа, үйдү малды сатып Бишкекке кетели, общиттен абдан кыйналдым. Сиз барсаныз тамак-аштан өксү болбой жакшы окуйм деди. Биринчи укканда көзүм ымыр-чымыр болуп кулагым эмне шумдукту угуп жатат деп ыйлап жибердим. Балам кайра окуусуна кетти, бир куну кат жазып жибериптир. – Апа, малды сатып даярданып тур. Мен үй издеп жатам чогу Бишкекке келебиз дептир. Ары ойлонуп бери ойлонуп чымырканып кайраттанып малды сата баштадым. Тууганадарга кеңешсем –Туура кыласын жалгыз уулун менен бол дешти. Ошентип балам келип акчаны долларга айландырам деп алып кетти. Короо жайыбыз малга ылайыктуу жакшы чоң там эле бат эле өтүп кетти. Бир жума суранып, кошуна-колон, тууган-туушкандарга чай бердим. Балам шаардын четинен үй алган экен келип көчүрүп кетти. Ангыча кийинки көчөдө бир үйдү сатып жатат дегенин угуп аны да сатып алып койдук. Жаным тымбаган киши элем, шаарга келип жөн жатпай майда соода кылып күнүмкү расходду таап турдум. Балам окууну бутуп ишке орношту. Сүйлөшкөн кызын башка бирөөлөр ала качып кеткен экен. Бир топко коңүлү жок жүрүп онолуп кетти. –Эми балам үйлөн десе: -Апа өзүм менен чогу окуган врач кызды алайынбы деди –Өзүнө жакса болду алып кел дедим. Келин алып этек женим желпилдеп сүйүнүчүм коюнума батпай айтарга сөз таппай аз эле жерден асманды карап басып кала жаздадым. Боюна болуп эркек төрөсө андан бетер жер баспай калдым. Неберенин үнүн угуп жүрөгүм алеп-желеп болуп кубанып, каттуу сүйүндүм. –Апа, тигил үйдү саталы десе макул болуп сатып салганбыз. Билими жоктун акылы төмөн болот тура. Ошол кезде бир комнат үй келмек экен. Эмнеге ошого алмаштырып койбодум. Карылык келбечүүдөй сезген турбаймынбы. Эркек балам бар деп каттуу ишенгем экенмин. Анын өз апакеси келерин билбептирмин. Минтип кор болуп…-Ыйлап жиберди. Эртең менен тан эрте экөө тең жумушка кетет. Эки эркек баласы тентек, мушташышат,ыйлашат. Мени угуп да коюшпайт. Үй муздак, от жага албайм. Алы-күчүм жок. Ажаткана да эшикте аран барып келем. Келин уулум кечинде бирдеме-сирдемесин көтөрө келишип балдары менен тоюп алышат мен эмне ичем эмнени жейм иштери жок. Келин баламдын көзүнчө башка мамиле кылат -Келиниз чай ичиниз демиш болуп калат. Балам жокто кагынып силкинип ийдиш-аякты калдыратып өзүнчө эле “концерт” койе берет. Эже өзү куудул чалыш сүйлөйт кээде күлдүрүп кээде ыйлап көпкө олтурдук. –Баарын ичиме катам. Балам эч нерсе айтпайм. Колуктусу экөөнүн ортосуна ажырым кетип калабы деп корком. Түбөлүк жашоочу адамы да, астында же артында бир тууганы болбосо, айлам канча өсөөрүм калбай өлөөрүм калды –Апам экөөбүздү ажыратып өлдү дебесин. Эки баласы менен аман болсун. Ушунун астына кетсем экен деп кудайдан тилеп олтурам. Келиндин жоруктарынан айтайын. Ичим бөксөрүп кичине эс алып калайын. Төркүнүнөн киши келсе балам бар кезде келиниз деп чакырат балам жок кезде эшикти жаап алып каткырып күлүп көпкө олтуруп тамактын чуйгунун жеп чай ичишет . Мен бармынбы же жокмунбу ойлоп да койбойт. Үйдө кетик кружка бар эле ошого чай куюп бере салса болобу. Эч нерсени байкачу эмес эле уулум көрүп калган экен. -Толгон чыныдан ушул табылып калыптырбы энемди сыйлабайсынбы деп урушуп жатып калышты. Чай ичмегимден ашыгым чыкты. Начар келиндин кылаары ушул экен да.
Конокко барып эт боорсок көторүп келгем берсем эшикти жаап алып балдары менен жан талашып жеп жатышат –Кел апа чай ич чогу олтуралы дебейт. Суусап чай ичким келгенде чайнек кайнатып кайнак суу уртадым. Неберем жаны жылга белек алыптыр. Астына коюп алы өзү жеди. -Мага берчи десем-бербейм деп катып алды. Кулагы уккусу да келген мени көргүсү да келген жок. Энеси кимди сыйласа сыйлайт. Энеси кимди сыйлабаса сыйлабайт деген туура экен. Азыркы замандын балдары.
Үйгө суу киргизген. Раковинаны көзүм жакшы көрбөй булгап алыптырмын. Эшикти ачып эки бөйрөкту таянып: -Эмне тигини булгагансын, буга жууна албасан эшикке жуунбайсынбы деп кыйкырып оозуна келген кептерди сүйлөдү. Көзүм илинип кеткен экен чочуп ойгонуп бирдеме болуп кеткен десем жини кармап калыптыр. Уулум жок болчу. Бул карыбай эле ушул бойдон болом дейтко. Экөө урушса эле менден көрөт. Аялын минтти деп мен айтмак белем эптеп жашашсын деген эле оюмда.
Дем алыш куну иштебейт эмеспи деп жакшыраак тамак жасап берер деп үмүт этип отургам, сүтүм да түгөнүп калыптыр. Карандай чай ичип кечке өсөөрүп өлүп кала жаздадым. Кечке уктап кечинде көзүн ушулап жумуртканы сууга бышырып берди, бир экиден жеп тим болдук. Илгери келин аларда тегине карап, сөйкө салып, куда тушуп, эл алдында сөз өтүмдүү, акыл бере турган, жамандык жакшылыкта, адеби менен элге алынган адамдын тукумдарын изилдешкен. Тууган урукта кадыр-баркы бар адамды биз тектүү деп айтчы элек “Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал дегендей” кыздын энесин байкап, женеси аркылуу кыз-жигитти сүйлөтүрөр эле. Мен анте албадым. Муну ал тигини ал дегим келген жок. Же болбосо, айылда сырдана эн соонун кыздар бар эле. Тилимди ичиме катып, басып турсам экен деп кудайдан тиленип отурам. Күлдүрүп: Эжем ачкадан олуп калат го дебе, ош базардан эт алып келип кайнатып коем. Тигилер келгенде тытмалап жеп, сорпосун ичип калышат. Оххх эс ала түштүм. Менин ахыбалым ушундай деп телефон алышып үйлөргө кайттык. Көпкө жолугушуп жүрдүк. Бир күнү кубанып: -келинимдин боюнда бар кыз төрөсө экен. Уулумдун уул кызы бар деп жүрөйүн деп сүйүндү. Айтканындай кыз төрөдү. Кыздын атын Айдай коюшту. Кичинекей баланы анда санда береби десем бербейт. Кармалап баламдын кызын көргүм келет. Өзү врач неме бирдеме жугат дейт го, анда-санда жөтөлөм. Андай деле коркунучтуу эмес уулум убагы келгенде больницага жаткызып дарылап турат. Эки уулду болсо жашырак кезим эле киринтип анда-санда сүт берип, коляскасына сүйроп калчумун. Келиним мурдагыдан да эки эсе мүнөзү катаал болуп калды. Айлам жок эмне кылам деп ыйлады. Бир күнү телефондон: -тигилер квартирага чыгып кетишти келип кетчи –дегенинен барсам, ахыбалы начар экен. Ары беркини сүйлөшуп көңүлүн көтөрүп уулуң бар, неберелериң бар кудайга шүгүр деш керек. Мектебине жакын кетишкен го, эки уулу окуйбу десем -бирөө окуучу, бирөө жаңы кирди деди. Сен деле уулуңду окутам деп эл-жериңди таштап биротоло шаарга келбедиң беле. Булар да балдарын жакшы мектептен окуталы деп жатат да десем, кайратттана түштү. Үйүң үстүңдө, казаның астыңда кудайга шүгүр де десем кичине көзүндө учкун жалтырап демденип калды.
Эмнеден баштоо керек. Мындан ары жашоосун кантип улантуу керек. Акылына эч нерсе келбей калды өзүн ушунчалык жалгыз сезди. Чын эле жалгыз. Өмүр бою алпештеп өстүргөн уулу аялы менен үч баласын алып, знени таштап кетти. Абышкасы жок. Бөпөлөп өстүргөн баласы майда-чүйдө оокатын, кийимин алып машинага түшүп кетишти. Бир кездеги бейкапар бактылуу турмушта жашаган күндөр кайда калды. Минтип оорукчан болуп, карыганда жалгыз каларын билген эмес. Өз дүйнөсү менен алпурушуп,өз дүйнөсүнө бекинип алды. Байкуш энеге катуу сокку болду. Өзу менен өзү ичинен сүйлөшүп жалгыздыкка көнө баштады. Башкага жан дүйнөсүн ачуунун эч кажети жок. Бирок жан дүйнөсү туңгуюкка кептелип, ичинен ыйлап жатты.
Эки жума, үч жума баласы келип короонун карамыш болуп келип кетип жүрдү. Эт алып келип муздаткычка салып, дагы керектүүлөрүн тизмелеп, сатып келип энесине келгенди токтоткон жок.
Бир күнү келсем: -мобу жерде кичинекей склад өндүү бөлмө бар эле. Ичин тазалап сырдап, акилеп эки кыз кийирип алсамбы дедим эле. Эртели кеч караан болот эле. Пенсия алганы кетсем, бузуп салыптыр. –Жаңы салам дейт. Үйүн сала албай жатса, аны да бүтүрө алмак беле жөн эле мага кыянатчылыгы да - деп көзүнө жаш алды.
Эне... Эненин жүрөгү ыйлайт. Эбегейсиз мээрим баткан, эбегейсиз санаа тарткан күчтүү да, назик да, чыдамкай да жүрөк. Анын ар бир түрсүлдөп соккону бала деп согот. Акыркы согушу да бала дейт. Ал бала деп жашайт, бала деп өлөт. Баланы сүйө алган кемчилигин көрбөй мээримин төгө алган жууса кеткис күнөөсүн да кечире алган энеден башка жан жок! Уулуна келчү азаптын баарын өзүнө алып, баласына эч бир залал тийгтзбей коргоп калууга баардык дарманын жумшайт. Азапка батканына да кайыл. Баласын күтүп кыйналып жатты.
Жигиттин жүрөгү ачышып жатты, жүрөгү арманга чыланып турду, жүрөгу канап турду. –Өмур бою азабымды тарттың. Сага бир жакшылык көрсөтсөм эмне? Азап бербей, сый көрсөтсөм эмне? Апама кийим алып берем, жакшы жашоо берем, апама баарын жасап берем... дечү элем. Азабыма жакшы эле чыдадың. Сага көрсөтөм деген жакшылыктын бирин көрсөтө албадым. Кечир десем да кечире албассың... бир ууч топуракты алып казылган жайга таштады. Мына бүттү. Эми чындап балалык түгөндү. Энең тирүү кезде баары бир баласың. Топурак үйүлүп бир дөбөчө пайда болду. Өкүрдү ыйлады андан эмне пайда. Энесинин көзү өткөндөн кийин үйгө көчүп келишти. Энесинин баскан турганын элестетип, айылдагы жашоосун эстеп, жигит катуу кайгыга малынды. Кайнени сыйлабай каар көрсотүп, таштай качкан келиндин жашоосун баян этели. Күйөөсүнө бирди сүйлөп, энесин жамандап -менин сөзүмдөн чыкпайт. Мен айтканды аткарат деп, өз билгенин кылган келин карыганда ыйлап каларын билген жок. Күйөөсү түркүн ойлорду ойлоп, өзүнүн каталарын билип, ичкиликке оой баштады. Үйүнө келсе келип, -дежурдамын деп, башка жакка түнөгөн адат тапты. Аялдын тили чыгып күйөөсүнө да баягы адатты баштап ажылдап үйдө тынчтык болбой жигиттин жан дүйнөсү ооруй баштады. Сүйлөп жатабы бара-бара такыр кабыл албай калды. Балдарына өнөчөктөп турчу эле, аларга да кайдыгер карап калды. Атанын тарбиясынан алыс болуп калган балдар начар жоруктарга бара башташты. Чоң уулу үйлөнүп – бул үйгө жашоо кыйын болуп калды деп бөлүнүп, квартирага чыгып кетти. Ал ата-энесин кайрылып карап, сурап да койгон жок. Экинчи уулу: энеси бирдеме десе: кана мага үй алып бергенинер, кана мени окутуп койгонуңар, мага тиешеңер болбосун деп орой мамиле кылды. Кантип аял алам ишим жок, ичкиликке берилди. Жаман жорукка түштү. Атасы жумуштамын деп күн күнгө чейин үйгө келбейт. Экинчи баласы мас болуп келип чыр салат.
Үй оңдолгон жок энеси бар кезиндегидей дарбаза, там ошол бойдон. Маңдайына чоң там салам деп фундамент куюп койду эле ошол бойдон калды. Ошентип келиндин биртке тапкан айлыгы тамак-ашка кетет. Бара-бара күйөөсү ишти таштап биротоло ичкиликке берилди.
Айдай да бой жетип, элдин кыздары кийгенди кийе албай же досторун үйүнө ээрчитип келе албай чүнчүп кетти. Элдин кыздары жогорку окуу жайга өтүп студент болушса, Айдай окуй алган жок. Бир жылдык кондитер окуусун окуйм деп, далалат кылды эле ага да акча керек экен. Себеби кандай тамак-аш салат жасагысы келишсе, өздөрү сатып келип, жасап үйрөнүп анан чогулуп отуруп чай ичишет. Кыз бала эптеп ары-бери болуп бир кафеге официант болуп орношту. Жаш немеге иши оор ага деле кайыл. Үйүнө келсе агасынын чыры, атасынын мас болгон абалы кызды үйдөн четтете баштады. Кафеден кээде түнкү бир-экиге чейин иш болуп калган кезде ошол жерде калып жүрдү. Үй-бүлөсү бар жигит аны байкап, акча-тыйын берип өзүнө тарта баштады. Айланчыктап жүрүп кызды колго түшүрдү. – Мен сага сөзсүз үйлөнөм деп квартирага кийирди. –Мен командировкада жүрөм, өзүн жашай бер деп, анда – санда бир көрүнүп, жашоо өтүп жатты. Айдайдын боюна болуп үйдө отуруп калды. Тогуз ай толуп, төрөт үйгө скорый менен барып, кыз төрөдү кызынын атын Айгүл койду. Күйөөсү үйгө чыгарып келип, тамак-ашын дайындап келип көпкө чейин көрүнгөн жок. –Чет мамлекетте иштер менен жүрдүм – деп бир күнү келди да: -Мындан ары квартираны төлөй албайм, апаңдын жанына бар, мен барып турам, балага документти өзүм алып берем кам санаба келип турам деп кийимдери баласы менен Айдайды атасынын кичинекей үйүнө алып келди. Ошол бойдон дайынсыз жоголду. Атасы кызына документ да берген жок. Мына жашоо ушинтип башталды. Баласын кантип багат? Сүт алыш керек, өзүнө тамак-ашты күчтөп ичүү керек. Антпесе көкүрөгүнө сүт келбейт. Бала жоош чыкты. Ырайымдуу адамдар бар экен. Арабасы менен сүйрөп барып уктатып коюп, тактай жуугуч болуп орношуп алды. Жетекчиси аял экен ахыбалын түшүндү окшойт тактайды таза жууп илбериңки кыймылы жагып, айлыгын көбөйтүп дагы жумуш берди. Ошентип күндөр өтүп жатты. Көчөлөгөн агасы жаман адамдар менен байланышып жүрүп, көз жумду. Энеси экөөлөп айлыктары тамак-аштан ашпайт. Бирок кызын өзү багып, жетелеп, жумушун иштеп үйгө келет. Бала чоңое берди. Эне Айдайды аямыш болот. Бирок окута албаган күнөөсүн мойнуна албайт. Атасына күнөө койот. Атасы болсо, бардын жогу келсе кетет, келбесе жок. Келсе чыр салат, келбегени жакшы. Атасы Айдайдын тилин алат. Тамагын берип, кийимин которуп ата жатып эс ал десе уктап калат. Айдай жок болгон учурда аялынын сазайын берет. Айдай кызы чоңойгон сайын –кантип жакшы тарбиялайм,- деп ойлонот. Чуркап жүрүп кызын өзүнө каттатып документ алды.
Барды келди болуп жатып атасы да өтүп кетти. Кичинекей кызы менен энеси экөө калды. Энеси катуу ооруп үйдө болуп калды. Кызын мектепке кийирип, үйдө энеси карап, эртең менен кетип кечке жумушта кечинде келип, тамак жасап кызын окутат. Кызы келечекте жакшы окуп, алдынкы адамдардан болуусун тилейт. Баягы кичинекей өкайненесин таштап күйөөсүнө ар түрдүү кептерди кулагына куюп, квартирага көчө качканын эстээр бекен? Ошол үйдө мына өзү карылык келип, илгерки эски диванда өз жалдырап жатып калаарын ойлоду бекен? Катуу ооруп калды, жок ойлогон эмес. Жалгыз эркек балалуу эненин көз жашын, телмирип эшиктин алдында уулун күтүп отурганы... Дүкөнгө нанга, сүткө жетпей ачка калган күндөрү... Кирин жууй албай, көзү жакшы көрбөй кир жуугуч машиненин- тескери басып албайын деп коркуп уулунун жолун карап отурганы... Мейли мени таштап келсе да аман болсо экен, ушул балам мени көөмп койсо экен деген тилектери... Ойуна да келген эместир бул аялдын Айдайдын тапканы энесине даарыга жетпей, энесинин пенсиясы деле жарытпай кызынын мектепте окуганы күч берген сыяктанып жумушуна барып-келип эрбеңдейт. Энеси да көз жумду. Тагдырга чийгенди адам баласы көрөт тура. Эптеп кошуна колоң менен энесин тигил жакка тапшырып, Айдай кызы Айгүл экөө калды. Убакыттар закымдап учуп, Айгүл мектепти жакшы аяктады. Политехникалык институтка компьютер факультетине өтүп, аны да мыкты окуй баштады. Айгүл зачет, экзамендеринен өткөн сайын Айдай кубанып келечегин тилейт. Күндөр өтө берди. Окуусун бүтүрүп диплом алды. –Апа мен досторум менен Россиядан жумуш таптым. Мен ошол жакка барып иштеп үй алабыз. Анан күйөөгө чыгам деди. Энеси макул болду. Көзүнүн жашын көргөзбөйүн деп ичи өртөнүп, жүрөгү солкулдап ыйлап кызын жөнөттү. Кызы аяктан да жакшы сапаттарын көргөзүп. Энеси менен сүйлөшүп акча салып турду. –Тигил фундаментти өйдөлөтүп там куралыбы десе, Айгүл жок апа этаж үйдөн акчанын келишинче үй алабыз деди. Кызынын тилин алды. Кызы келип үй издеп этаж үйдөн эки комнат үй алышты. Сүйлөшүп жүргөн жигитин көргөзүп энесинен бата алып күйөөгө чыкты. Энесин үйгө калтырып өзү күйөөсү менен кол кармашып, баланын ата-энесине келин болуп барды. Айдай да карылыкка моюн сунду. Ага болбой тактай жууй албай калдым деп башка жумуш таап алды. Кызынан санаасы тынып бардык жакшылыкты тилеп өзүнүн бир кызым деп күйөөгө чыкпай калагнын ойлоп кызым көп балалуу болсо экен деп басса турса тилегени ушул. Азаптын баары артта калды. Кызы бактылуу болсо болду. Эне сен деле бактылуу карылыкты өткөрчү! Кайгырбачы! Ыйлабачы! Канча жаш калды ким билет! Жүрөгүндү ыйлатпачы!