Өтүлгөн убагы:30.09.2016
Сабактын темасы:Энелер мектебинин максаты жана мааниси
Сабактын максаты:Балдардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу
Сабактын жүрүшү:
План:
Энелер мектебинин максаты жана мааниси.
Балдардын жашөзгөчөлүктөрү жана аларды тарбиялоонун жолдору
.
Балдардын билимге умтулуусу жана өз алдынча билим алууга тарбиялоо.
Ахматова К.К.-Саламатсыздарбы ,урматтуу энелер жана келген коноктор.Бүгүн биз сиздер менен Гапыр Мадаминов агайыбыздын түзгөн “Энелер мектебинин” программасынын негизинде Энелер мектебинин 1-сабагын баштап олтурабыз.Бүгүнкү сабагыбыздын темасы:Энелер мектебинин максаты жана мааниси.Бүгүнкү сабагыбызга төмөнкүдөй план койдук;
1.Энелер мектебинин максаты жана мааниси;
2. Балдардын жаш өзгөчөлүктөрү жана аларды тарбиялоонун өзгөчөлүгү.
3.Балдардын билимге умтулуусу жана өз алдынча билим алууга тарбиялоо.
Шералиева Д.М:-Саламатсыздарбы ,урматтуу ата-энелер,келген коноктор.Балдарыңыздардын биринчи мугалими жөнүндө эмнелерди билесиздер.Биринчи мугалими жөнүндө айтып берсеңиздер.
-
-
-
Шералиева Д.М:Өз жашоосунун көп бөлүгүндө бала үй-бүлө шартында окуйт жана өнүгөт.Ошондуктан баланын биринчи мугалими болуп “Энелер” эсептелинет.Эне аркылуу баланын окууга болгон мамилеси, жүрүм-туруму,тили,маданияты калыптанат.Урматтуу,энелер,дептериңиздерге жазып алыңыздар. “Баламдын эң биринчи мугалими менмин.Мен аркылуу баламдын сабакка болгон мамилеси,жүрүм-туруму өнүгөт”-деп.
-Балдарыңыздар мектепке келип окуп,билим алып жатышат.Бирок,кээде балдарыңыздар үйгө барганда тапшырмаларын аткара албай кыйналышат.Мисал үчүн математика сабагынан мисалын аткара албай кыйналып жатса,эмне кыласыздар,эмне деп айтасыздар?
-
-
- Ооба,кээде балдарыбызга отуруп жардамдашабыз.Ал эми кээ бир учурларда эмне эле иштей албай жатасың?Башың иштейби деген учурларыбызда кездешет.Еврей улутун баарыбыз жакшы билебиз.Алар өтө акылдуу болушат.Мына ошол еврей улутунда мына ушундай жагдайда балдарына: “Сендей акылдуу бала кантип эле ушундай жөнөкөй мисалды чече албай калсын ” деп айтышат экен.Балдарыбызга күн сайын 3 сыйкырдуу сөздү айтып турушубуз керек экен. “Мен сага ишенемин”, “Сен акылдуусун”, “Сенин колуңдан баардык нерсе келет” деген сөздү күн сайын балдарыбызга айтып,катуу кучактап,бетинен сүйүп турушубуш керек.Гапыр Мадаминов : “Балдарыңарды ушунчалык катуу кучактагыла,жүрөгүндөгү муз да эрип кетсин”,-дейт.Анткени дал ушул куракта балдарыңызарда өзү жөнүндө түшүнүк алуу сезими жана башкалар үчүн пайдалуу болуу аракети жасалат.Мына ушул үч сыйкырдуу сөздү да дептериңиздерге жазып алыңыздар.Себеби,13-14 курактагы балдарыңыздарды караңызар сиздер менен ачылып сүйлөшпөйт,мерез,сөз уккусу келбейт.Анын да себеби,бала өзү жөнүндө түшүнүк алгысы келген учурда биз бошогон эмеспиз.Үй жумуштары,кайнене,кайната,аяштар,той-топур ж.б.у.с алаксып балабыз жашообуздун эң негизги мазмуну экендигин,ага ишенерибизди айтпай калганбыз. Гапыр Мадаминов агай биз №3 эксперименталдык гимназия мектебине барганыбызда мынтип айтты.Биз да ошону сиздер менен чогуу жасап көрсөк.Балабьзды бүркүт деп алалы.Эки колуңударды көтөрүңүздөр..........
Абдурупова Д:6-10 жашка чейинки балдар мектепке кызыгуу менен барышат.Мугалим да, үйдө ата-эне да ошол мелгилде баланын кызыгуусун,умтулуусун сактап калышыбыз керек.6-8 жаштагы балдардын дене түзүлүштөрү калыптана элек болот.Алар ийилчээк келишет.Ошол себепте мектепте мугалим, үйдө ата-эне үйдө бала отуруучу стол,стулдарды ж.б ылайыктап даярдоосу зарыл.
Бул мезгилде баланын баш мээси кескин жогорулап,чоң кишилердин мээсинин салмагына жакындайт (1300гр).Манжаларынын муундарынын бекемделиши да тездейт.Ошол себептүү жазуу иштеринин кыйынчылык менен аткарып,жардамга муктаж болот.Тез эле манжалары чарчап калат.Андыктан үйдө иапшырма жасап жатканда да тажатпай жаздырышыбыз керек.Урматтуу,энелер.Үйдө балдарыңыздар үй тапшырмасын жасаганда кантап жасайт?Жардам бересиздерби?Канча убакыт бөлөсүздөр?
-
-
7-8 жаштагы балдар үй тапшырманы аткарганга 1,5 саат убакыт бөлүшү керек. Бизде ушул үй тапшырма жасоо кандайча өтөт.Кээ бирлерибиз жөн гана баланы отургузуп коёбуз,ал эми кээ бирлебиз балабызды өтө жакшы көргөнүбүздөн өзүбүз эле баланын ордуна аткарып коёбуз.(эриш-аркак)
Акматова К.К:
-Саламатсыздарбы, энелер!
-Урматтуу энелер , балдарыңыздарды эмне максат менен ушул гимназия мектебине окуткансыздар?
Гимназияга чоң үмүттө бергенсиздер.
Баланы гимназияга берип эле таштап койбостон, үйдөн да ата-энелер жардам берсе гана бала чоң инсан болот.
Негизи бала көп китеп окуса гана билимдүү боло алат.
Сиздердин үйүнүздөрдө канча китеп бар?
Баланын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктуу канча китеби бар?
Урматтуу ата-энелер балаңыздарга “Өздүк китепкана ” түзүп бериңиздер. Баланын билим алуусунан, китептен акчаңыздарды аябаңыздар.
Китепти көп окуган баланын башы оорубайт, көздөрүнө машыгуу болот, стресстен чыгат.
Китепти көп окуган баланын адамгерчилиги жогору болот, руханий байлыгы өсөт, адамгерчилик сапаты калыптанат, бирөөлөрдү урматтоого үйрөнүшөт. Ак-караны туура ажырата билет.Бирөө менен сүйлөшө келгенде өз оюн ачык жеткиликтүү кылып айта алат.
Сиз балаңыздын туулган күнүндө же майрамдарда эмне белек бересиз?
Сиздер баланын жаш өзгөчөлүгүнө карата “Курдаш”, “Классташ”, “Байчечекей” ж.б. гезит, журналдардан үзбөстөн алып берип туруңуздар.Адабий китептерди сатып бериңиздер!
Биз китеп белек кылууну салтка айлантышыбыз керек!
Гапыр Мадаминов айткандай керек болсо тойлордо да китеп берүүнү киргизсек болот.
Мисалы: Грузин элинде кыздын себине Шотта Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” китебин кошуп бербесе, “кыздын себи кемтик экен, бир нерсе жетишпейт экен” дешет экен.
А биздечи?
“Манас” эпосунун томдуктарын кыз себинде берсек болот ко.
Мына китептин баалуулугу!
-Урматтуу энелер, биз балдарда билимдин баалуулугун сездире билишибиз керек!
-Кантип?
Үйдө ата-эне да маданият, билим жөнүндөгү гезит, журналдарды сатып алып окуса, эгерде окугусу келбесе да окуган адамдай болуп китеп тиктеп олтуруш керек. Үйдө акча, евро ремонт же машина жөнүндө эмес, билим жөнүндө, билимдүүлөрдүн жетишкендиктери жөнүндө сүйлөшүбүз керек. Ушунчалык сүйлөшүш керек, балада ширин коонду сүйлөсөк жегиси келип кеткендей тамшангандыкты билим үчүн пайда кылышыбыз керек.
Адамдын 3 душманы бар:
Билимсиздик
Жакырчылык
Бөлүп жаруу
Бул жерде “бөлүп жаруу” деген бай, кедей ж.б деңгээлдеги окуучулар жөнүндө болуп жатат.
-Урматтуу ата-энелер алдыңыздардагы дептерге алманын сүрөтүн тартыңыздар.
-Мына , кээ бир ата-энелер баласы окууда жетише албай калса, “менин балама жакшы көнүл бурулбай калат” деп ойлошот.
Ар бир баланын кабыл алуу деңгээли, окууга болгон хавасы ар түрдүүчө. Сиздер алманын сүрөтүн ар түрдүү тарткандай эле.
-Энелер, баланы мектепке жөнөтүп жатканда эмне дейсиздер?
- Баланы мектепке , билимге суусатып жөнөтүнүздөр!
Устатты урмат кылууну үйрөтүшүбүз керек.
Эне баланын күзгүсү.
-Үйүңүздөрдө балаңыздарга жомок окуп бересиздерби?
Жомок окуп эле бербестен , образга кирип оозеки айтап бериңиздер.
-Энелер, 1 күндө канча жолу эркелетесиздер?
-Кантип эркелетесиздер?
Күчтүү эне баланы жан дүйнөсү менен тарбиялайт.
-Балага “Окуу, окуу жана окуу” деген нерсени жүрөгүнө сиңиришибиз керек. Бул сиздин жана биздин гана колубузда!
Үйгө тапшырма берүү:
-Балдарыңыздардын окуу техникасын күн сайын текшерип туруу!
- Балдар менен адабий китептерди чогуу окуу!
Тема:14-15 жаштагы балдардын үй-бүлөдө эс алуу, эмгектенүү, Сабак даярдоосун уюштуруу
Сабактын билим берүүчүлүк максаты: Энелерге 13-14 жаштагы балдардын үй-бүлөдө эс алуу, эмгектенүү, сабак даярдоосун уюштуруу, жаш өзгөчөлүгү, аларды тарбиялоонун өзгөчөлүгү жөнүндө түшүнүк алышат
Сабактын өнүктүрүүчүлүк максаты: Бул курактагы балдарды тарбиялоодогу өзгөчөлүктөрүн практикада колдоно билүү көндүмүнө ээ болушат
Сабактын тарбиялык максаты: Келечек муундарына тарбия бере билүүгө аракеттенишет
* Мектеп жашындагы балдардын жаш өзгөчөлүгүн кантип бөлүштүрөбүз жана алардын өзгөчөлүгү эмне деп ойлойсуздар?
Мектеп жашындагы балдар жеткинчек (7ден 12 —13 жашка чейин) жана өспүрүм (13 — 14төн 16—18 жашка чейин) болуп бөлүнөт. Бул мезгилдердин ар бири баланын өсүү өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Баланын өсүшүнө жыныстык жетилүү мезгилинин, жашоо шартынын, саламаттыгынын жана алган дене тарбиясынын мааниси чоң. Туура түзүлгөн күн тартиби жана спорт менен такай машыгуу баланын дене, күч жагынан жакшы жетилүүсүн камсыз кылат. Мектеп курагы
Мектеп жашындагы балдар жеткинчек (7ден 12 —13 жашка чейин) жана өспүрүм (13 — 14төн 16—18 жашка чейин) болуп бөлүнөт. Бул мезгилдердин ар бири баланын өсүү өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Баланын өсүшүнө жыныстык жетилүү мезгилинин, жашоо шартынын, саламаттыгынын жана алган дене тарбиясынын мааниси чоң. Туура түзүлгөн күн тартиби жана спорт менен такай машыгуу баланын дене, күч жагынан жакшы жетилүүсүн камсыз кылат.
*Балдарыңыздардын үйдө үй жумуш жасоосуна көңүл бурасыздарбы, үй жумуштарын кантип бөлүштүрөсүздөр?
Баланын кыймылы, эмгектенүүсү анын таяныч-кыймыл аппаратынын туура өсүшүнө байланыштуу болот. Баланын алы жетерлик жумушту дайыма жасоодо булчуңдарга кан көп келип, булчуң ткандарынын туура өсүп-өнүгүшүнө түрткү берет. Мектепке барган жеткинчектерде көп учурда омуртка тутумунун кыйшайышы байкалат, ал китеп капты дайыма бир колуна көтөрүп жүрүүдөн, кыйшайып басуудан, партада же столдо туура эмес отуруудан болот (Келбет). Баланын төшөгүнүн өтө жумшак же түз эместигинен да омурткасы кыйшайышы ыктымал.
Дем алуу органдарын машыктырууда таза абада көнүгүүлөрдү, дем алуу гимнастикаларын жасоо маанилүү. Баланын жүрөк-кан тамыр системасы өтө чыдамкай жана ишкердүүлүгү менен айырмаланат.
Мектеп жашындагы балдар кан пайда болуу системасы баланын өсүшүнө жараша өзгөрүп турат. Жашы чоңойгон сайын кандагы эритроциттер жана гемоглобин азаят, лейкоциттер да ушундай өзгөрүүгө дуушар болот (Кан, Кан пайда болуу). Баланын организминин күч жана нерв-психикалык жагынан ылдам өсүүсү, маанилүү функцияларды жөнгө салуучу нерв системасынын өнүгүүсү баланын организмин чөйрө менен байланыштырат, балдарды эмгекке үйрөтүүгө мүмкүндүк ачат
Балдардын зат алмашуусунун өзгөчөлүгү бар. Өнүгүп-өсүп жаткан организм сарптаган энергия үзгүлтүксүз толукталып турушун жана орган менен ткандардын калыптануусуна керектүү заттардын келип туруусун талап кылат. Баланын организми (ач карын 20° температурада) нормалдуу зат алмашууну камсыз кылуу үчүн чоң кишилерге караганда көбүрөөк калория керектейт: баланын 1 кг салмагына 44 ккал. талап кылынса, чоң кишиге 23 ккал. гана керек. Баланын ден соолугун сактоо жана чыңдоодо аны гигиеналык көнүмдөргө үйрөтүүнүн мааниси чоң. Бала эртең менен, жатарда жуунуп, тишин тазалаганга, эшиктен келгенде, тамактанарда колун жууганга үйрөнүүсү зарыл. Баланын бөлмөсүн күнүгө жууп, андагы буюмдарды ным чүпүрөк менен сүртүп, желдетип, шейшебин тез-тез алмаштырып туруу керек.
*Балдарыңыздар менен бирге сабак даярдайсыздарбы?
Баланын мектепке баруусу анын турмушундагы олуттуу өзгөрүү болуп саналат. Педагогдор менен ата-эне мүмкүн болушунча балага жардам берип, кыйынчылыкты жеңүүсүнө көмөктөшүүгө милдеттүү. Окуучунун акыл эмгегиндеги күн тартибинин бузулушу ага терс таасир тийгизет. Окуу материалдарынын ашкере көптүгү, күн тартибинин жоктугу, маалында эс албоо, күч эмгеги менен алектенбөө, аз кыймылдоо окуучунун нерв системасын бошоңдотуп, организмди чарчап-чаалыгууга жана алсызданууга дуушар кылат, ар кандай инфекцияларга чыдамсыз болушат. Окуучунун сабак даярдай турган орду ыңгайлуу болушу керек. Баланын мебели анын жашына жана боюна ылайык келиши керек. Бала сабак даярдап жатканда ага көз салуу зарыл: бүкүрөйбөй түз олтуруп, стол менен көздүн аралыгы 30 — 35 см болууга тийиш. Столго жарык сол жактан тийип, стол үстүндөгү чырактын жарыгы баланын көзүн уялтпагандай болуусу керек. Жарыктын туура эмес тийүүсү, стол менен отургучтун өтө бийик же жапыз болушу баланын келбетин, көзүн бузат.
Сабак даярдоону адегенде жазуу ишинен баштаган оң, андан кийин окуу көнүгүүлөрүн бышыктоо керек. Алгач анча оор эмес сабакты, анан оорураагын, аягында эң жеңилин даярдоо туура.
*Балдардын эс алуусу жөнүндө эмнелерди кеңеш кылат элеңиздер?
Организмдин ишке жөндөмдүүлүгүн жакшы эс алуу, айрыкча уйку гана калыбына келтирет. 7 —10 жаштагы балдар 10—10,5 саат укташы керек. Эгер алар азыраак (7—8 саат) уктаса, ишке жөндөмдүүлүгү 30%ке төмөндөйт. Кээде мектеп окуучулары үй тапшырмаларынан тышкары музыкага көнүгөт, китеп окуйт, чет тил үйрөнөт, кино, телеберүүлөрдү көрөт. Мындан алар өтө чарчап, начар уктайт, уйкусу канбайт. Дайыма уйку канбоодон, акыл эмгегинен чарчап чаалыгуудан ачуулуу, орой, унутчаак боло баштайт. Жатып алып китеп окуу көздү гана бузбастан, уйкуну да качырат. Окуучулардын таза абада ойноосун туура уюштуруу зарыл. Айрыкча мектептен келгенден кийин 1 —1,5 саат ойноп, анан сабак даярдоого киришсе болот. Өтө чарчатуучу оюндарды (коньки, лыжа тебүү, футбол ойноо) аз ойнотуу керек. Дем алыш күндөрүндө бала уйкусун кандыруусу, экскурсия, жүрүшкө чыгуу, спорт менен машыгуусу пайдалуу.
Баланы тарбиялоодо анын айланасындагылардын таасири маанилүү. Айрыкча ата-эне балага үлгү болуулары зарыл. Баланы тарбиялоодо анын жеке өзгөчөлүгү эске алынууга тийиш.
Мектеп окуучусун туура тамактандыруу анын күч жана нерв-психикалык жагынан өсүшүндө мааниси зор. Бала тамак-аштан ткандарды түзүүчү заттарды — белокторду, майларды, углеводдорду, минерал туздарды, витаминдерди алууга тийиш. Белок ар бир тирүү клетканын составына кирүүчү негизги курулуш материалы болуп саналат (Белоктор). Белок жетишпегенден бала алсызданат, арыктайт, кеч жетилет, көп ооруйт. Айрыкча сүт жана сүт азыктарынын, эт, балык, жумуртка белоктору пайдалуу. Белокту жашылча жакшы сиңирет ошондуктан эт жана балык тамактарга жашылча кошуп берүү туура. Майлар жана углеводдор энергиянын булагы болуп саналат. Май тамактын даамын жакшыртып, ток болот. Бирок өтө көп жегенден, айрыкча малдын майынан зат алмашуу бузулуп, семирип кетүү мүмкүн. Углеводду (ундан жасалган тамак-аш) көп жеген бала борпоң, өңү кубарып, алсыз, оорукчан болот. Балдар минерал тузду жетишерлик алуусу керек (Минерал заттар). Ошондой эле витамин жетишпегенден да бала чатак болуп, тез чарчайт, ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөп, көп ооруйт (Витамин жетишсиздиги).
Мектеп жашындагы жеткинчек балдарга дене тарбия мамлекеттик программа боюнча жашына ылайык жүргүзүлөт. Ата-эне баланын дене тарбиясына активдүү жардамдашуулары керек.
Окуучу күн сайын эртең менен зарядка жасоого тийиш. Жеткинчек бала үчүн спорт оюндарына окшош кыймылдуу оюндар сунуш кылынат. Спорттун түрлөрү (Акробатика, Баскетбол, Волейбол, Коньки спорту, Жеңил атлетика, Лыжа спорту) менен окуучулар ар кандай куракта машыга башташат. Денени чыңдоого аба жана күн ванналары, суу процедуралары жакшы жардам берет.
Жыйынтыктоо:
1.Балдардын эс алуусун кантип уюштурушубуз керек?
2.Бүгүнкү сабактан кандай жыйынтык чыгардыңыздар?