Сабактын темасы: Этиштин чактары
Сабактын максаты: 1) Окуучулар этиштин чактары боюнча маалымат алышат. Текст түзүүдө этиштин чактарын бири-биринен айырмалай билишет.
2) Тема аркылуу сүйлөө кеби, элестетүүсү, кабыл алуусу, эске сактоосу, сынчыл ойлоосу калыптанат.
3) Бирин-бирр сыйлоого, бири-биринин пикирин уга билүүгө, ынтымактуулукка, сулуу жана таза жазууга тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: (ресурстар) Темага карата көрсөтмөлөр, таркатмалар, түстүү сүрөттөр.
Сабактын ыкмасы: интерактивдүү ыкма.
Сабактын тиби: жаңы билим
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. КРнын Мамлекеттик тил гимнин ырдоо. Класттын, окуучулардын гигиеналык абалын, окуу куралдарын көзөмөлдөө. Жоктоо.
2. Өтүлгөн теманы кайталоо.
3. Жаңы тема.
Мугалим сабактын темасын, максатын айтып түшүндүрөт.
М.: мен окуп жатам.
Эртең Ошко барабыз.
Асан кечээ тойго барды.
Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан учурда болуп жаткандыгын, же андан мурун болуп өткөндүгүн, же андан кийин болоорун көрсөткөн этиш сөздөр этиштин чактары деп аталат. Этиштин чактары төмөндөгүдөй болуп үчкө бөлүнөт:
1. Учур чак
2. Келер чак
3. Өткөн чак.
Учур чак.
Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан учурда болгондугун көрсөтүүчү этиш сөздөр учур чак деп аталат.
Этиштин учур чагы төмөнкүдөй жолдор менен түзүлөт.
Этиш сөздөргө чакчыл -а, -е, (-й), -ып мүчөлөрү андан кийин жак мүчөлөр уланып, жат, тур, бар, кел, бол, отур, бар деген ж.б көмөкчү этиштердин кошо айтылышы аркылуу түзүлөт. М.: Акбийке мектепке бара жатат.
-оо, -уу мүчөлөрү аркылуу түзүлгөн кыймыл атоочторго жатыш жөндөмөсүнү уландысы (-дан) улантуу менен түзүлөт. М.: Айылдыктардын турмушу жакшырууда.
Келер чак.
Кыймыл-аракеттин, окуянын келечекте болорун көрсөтүүчү этиш сөздөр келер чак деп аталат.
Келер чак кыймыл-аракеттин аткарылышына карай айкын келер чак, арсар келер чак болуп экиге бөлүнөт.
Айкын келер чак.
Кыймыл-аракеттин, окуянын келечекте боло тургандыгы, же болбосу анык экендигин ачык-айкын көрсөткөн этиш сөздөр айкын келер чак деп аталат.
Этиш сөздөргө чакчыл -а, -й мүчөлөрү уланып, андан кийин тиешелүү жак мүчөлөрүнүн жалганышы аркылуу айкын келер чак жасалат. М.: Мен жакында шаарга барам. Жыйналышта чыгып сүйлөйм.
Арсар келер чак.
Кыймыл-аракеттин, окуянын боло тургандыгын, же болбой тургандыгын күмөндүү түрдө, же арсар экендигин көрсөткөн этиштер арсар келер чак деп аталат.
Арсар келер чак -ар, -бас мүчөлөрүнүн жардамында уюшулат. М.: Асылзат эртең келип калаар. Абдысейит шаарга барбас.
Өткөн чак.
Кыймыл-аракеттин, окуянын сүйлөнүп жаткан учурдан мурун болгондугун, же болбогондугун билдирген этиш сөздөр өткөн чак деп аталат. М.: Жумушчулар иштеп бүтүшкөн экен.
Өткөн чак кыймыл-аракеттин болуп өткөндүгүн билдиришине карай төрткө бөлүнөт.
1. Айкын өткөн чак
2. Капыскы өткөн чак
3. Жалпы өткөн чак
4. Адат өткөн чак.
Айкын өткөн чак.
Кыймыл-аракеттин, окуянын ачык-айкын болуп өткөндүгүн билдирет.
Айкын өткөн чакты -ды, (-ди, -ду, -дү, -ты, -ти, -ту, -тү) мүчөсү уюштурат да, андан киийн жак мүчөлөрү улана берет. М.: Ариш өзү эңсеген максатына жетти.
Капыскы өткөн чак.
Кыймыл-аракеттин капысынан болуп өткөндүгүн көрсөтөт. Капыскы өткөн чакты -ып, -ыптыр, (-ыпыр) мүчөлөрү уюштуруп, ага жак мүчөлөрү уланат. М.: Бул фильмди мен да көрүптүрмүн.
Жалпы өткөн чак.
Өткөн чактын бул түрү атоочтукту уюштуруучу -ган мүчөсү жалганган этиш сөздөр аркылуу жасалат. М.: Анын алган сыйлыгы баарыбызга сыймык эмеспи.
Адат өткөн чак.
Кыймыл-аракеттин адат катарында болуп өткөндүгүн же бир нече ирет кайталангандыгын билдирет. Адат өткөн чакты -чу мүчөсү уюштурат. Айрым учурда -чу мүчөсүнөн мурда -уу, -үү, -оо, -өө мүчөлөрүнүн толук түрү же толук эмес түрү колдонулуп, андан кийин жак мүчөлөрү улана берет. М.: келчү-келүүчү-келүчү-келчүмүн-келүчүмүн.
Бышыктоо: Окуучулардын билимин бышыктоо максатында таркатмалар таратылат.
Жыйынтыктоо: Темага ылайык кыскача кызыктуу оюн аркылуу жыйынтыктоо
Тапшырма: Этиштин чактарын катыштырып текст түзүү.