Просмотр содержимого документа
«Геология жөнүндө түшүнүк»
Геология
Негизги макала: Геология
Тектоникалык плита чектеринин үч тиби
Геология - жер кыртышы жана Жердин андан терең жаткан катмарлары жөнүндөгү илимдердин комплекси. Ууз мааниде, жер кыртышынын курамы, түзүлүшү, кыймылы, өнүгүп-өрчүү тарыхы жана андагы кен байлыктардын пайда болушу, жайгашышы жөнүндөгү илим. Геологиялык изилдөөлөр негизинен тоо тектерге, минералдарга, кендерге, геологиялык кубулуштарга жер бетинен түздөн-түз байкоо жүргүзүү ыкмалары аркылуу ишке ашат. Белгилүү аймактын геологиялык жактан изилдениши андагы көрүнөө жаткан тоо тектерди аныктоо, салыштыруу, алардын үлгүлөрүн алып, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдөн башталат.
Тарыхы
Пангея суперконтинентинин бөлүнүү анимациясы
Илимпоздордун ою боюнча Жер 4,54 млрд жыл мурун чаңдуу газ булутунан, Күн жана башка планеталар менен бирге жаралган.Ай болсо 20 млн жыл кийинчерээк Жердин массалуу зат менен кагылуушуусу аркылуу пайда болгон. Жердин эриген сырткы катмары убакыттын өтүшү менен муздап отуруп катуу кабыкка айланып - кыртыш түзүлгөн. Газдардын бөлүнүп чыгуусу жана жанар тоолордун күжүрмөндүгү алгачкы атмосферанын пайда болушуна өбөлгө түзүшкөн. Суу буусунун конденсациясы(көбүнчөсү кометанын музу аркылуу пайда болушкан) океан жана башка суу ресурстарынын пайда болушуна шарт түзгөн. Андан кийин эсептелгендей, жогорку энергетикалык химия аркылуу өзүн-өзү жараткан молекула 4 млрд жыл мурун пайда боло баштаган.
Жерди үстү жүз жылдар аралыгында улам-улам алмашып турган, маал-маалы менен супер континентке биригип, анан кайра бөлөк континентерге бөлүнүп турган. Болжол менен 750 млн жыл мурун эң байыркы,бизге белгилүү болгон Родиния суперконтиненти бөлүнө баштаган. Бирок бир кыйла убакыттан кийин континенттер кайра биригишип Паннотияны түзүшкөн, ал кийинчерээк 540 млн жыл мурун кайра бөлүнгөн. Андан кийин акыркы Пангея суперконтиненти, 180 млн жыл мурун бөлүнгөн.[6]
Божомолдогондой, Неопротерозия доорунда Жер масштабдуу өлчөмдө муздай болуп тоңуп калган, өз учурунда муздар эквадорго чейин жетишкен. Бул гипотеза «Жер-кар» аттуу ысым алган жана аябагандай кызыкчылыкты туудурат, анткени бул убакыт 530-540 млн жыл мурун Кембрий жарылуусуна туш келген жана ошондон кийин көпклеткалуу жашоо формалары тарай баштаган.[7]
Кембрий жарылуусунан кийин беш даана массалык кырылуу(тукум курут) болгон. Акыркы массалык кырылуу 65 млн жыл мурун, болжолдуу эсепте Жер менен Метеорит кагышканда орун алып, динозаврлардын жана башка көлөмдүү рептилиялардын кырылышына себеп болгон. Кийинки 65 млн жыл, көп түрдүү сүт менен тамактундыруучулар келип чыгуу маалы болгон
Бир нече миллион жылдар мурун Африкадагы адам сымал маймылдар түз баскан абалга жетишишкен. Кийинки адамдын жаралуусу, айыл чарбаны жана цивилизацияны өнүктүрүү Жерде, башка мурдакы жашоо калыптарынан бат өсүп өнүккөнгө таасир эткен, жана ал жаратылышка жана глобалдуу климатка да тиешелүү болгон.
Голоцен кырылуусу аталган, азыркы убакыттагы заманбап доор массалык кырылуунун бир бөлүгү катары каралат. Ал болсо кырылуулардын эң баты болуп саналып жүрөт. Кээ бир илимпоздор, мисалы: Гарвард Университетинен Э.О.Уилсон, биосферанын адам менен талкаланышы жакынкы 100 жыл арылыгында жандардын жарымы жок болуп кетет дешет. Азыркы мезгилдин кырылуу масштабы изилденип, талкууланып жана биологдор тарабынан эсептелинип жата