СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Геометрия 9-класс

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жылдыруу

Просмотр содержимого документа
«Геометрия 9-класс»

Предмети: Геометрия классы: 9

Бекитемин:






Датасы:







Сабактын темасы: Жылдыруу

Сабактын тиби: Стандарттык

Колдонулуучу усулдар: Топко, жупка, жеке

Баалоо усулдары жана техникалары: Диагностикалык

Сабактын жабдылышы:Таблица

Сабактын максаты (күтүлүүчү натыйжа)

Компетенттүүлүк

Билим берүүчүлүк: Окуучуларга жылдыруу жѳнүндѳ түшүнүк берүү

Окуучулар берилген суроолорго жооп бере алышса

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын эске тутуусун, элестѳѳсүн ѳстүрүү менен ѳз алдынча иштѳѳгѳ кѳндүрүү

Окуучулар ѳз алдынча кѳнүгүүлѳрдү ишей алышса

Тарбия берүүчүлүк: Окуучуларды ыймандуулукка, адептүүлүккѳ тарбиялоо

Окуучулар бири-бирине жардам бере алышса

Сабактын мазмуну

Түшүндүрмөлөр (комментарийлер)

1.Уюштуруу. Саламдашуу. Балдар менен ишенимдүү сүйлөшүү.

Жагымдуу маанай жаралат. Психологиялык чѳйрѳ түзүлѳт. Теманы түшүнүүгѳ ѳбѳлгѳ түзүлѳт.

2. Үй ишин текшерүү. Кѳнүгүү иштѳѳ менен.

3. Жаңы теманы өтүү.

1-кадам. Эгерде F фигурасынын ар бир чекити кандайдыр бир эреженин жардамы менен F' фигурасынын бир гана чекитине туура келтирилсе, анда бул амалды F фигурасын F' фигурасына геометриялык ѳзгѳртүү деп айтабыз. Геометриялык ѳзгѳртүүнүн бир түрү болуп, жылдыруу эсептелет. чекиттердин арасындагы аралык сакталгандай кылып геометриялык ѳзгѳртүү жылдыруу деп аталат. Демек,тегиздиктеги жылдырууда А жана В чекиттери тиешелүү түрдѳ А' жана В' чекиттерине чагылдырылса, анда АВ=А'В' болот. Жылдыруу жѳнүндѳгү түшүнүк фигуралардын барабардыгы жѳнүндѳгү түшүнүккѳ байланыштуу. Чындыгында фигуралардын барабардыгын тѳмѳндѳгүдѳй аныктоого болот. F' фигурасы F фигурасынан жылдыруу аркылуу алынса, анда аныктоонун негизинде алар барабар болушат, ал эми F жана F' фигуралары барабар болушса, анда алардын бирин жылдыруу аркылуу экинчисине дал келтирүүгѳ болот. Жылдырууда фигуранын формасы, ѳлчѳмдѳрү ѳзгѳрбѳйт, алардын жайланышкан орду гана ѳзгѳрѳт. Жылдыруунун түрлѳрү болуп окко карата симметрия, борбордук симметрия, чекиттин айланасында буруу жана параллель кѳчүрүү эсептелет.

4. Бышыктоо. 2-кадам №1, №2, №3

5. Баа коюу: Окуучулардын билимин баалоо

6. Жыйынтыктоо

7. Үй тапшырма. №4, №5



Маалымат алуу жогорулайт.



Түшүндүрүү процесси жүрѳт.



Алган маалыматтан окуучуда кызыгуу пайда болот.

















Жупта жана жекече иштѳѳ процесстери жүрѳт.







Түшүндүрүү процесси жүрѳт.