Просмотр содержимого документа
«Графикалык аткаруучу»
Сабактын темасы: Аткаруучуну башкаруу ГРАТ.
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү
Колдонулуучу усулдар: Интерактивдүү
Сабактын максаттары:
Билим берүүчүлүк максаты: Окуучулар сабактын жүрүшүндө аткаруучуну башкаруу тууралуу маалымат ала алышат.
Өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучулар ой жугуртүү жөндөмдүлүктөрүн арттыра алышат
Тарбиялоочулук максаты: Сынчыл ойлоого тарбия ала алышат.
1-этап Уюштуруу
Үй тапшырмасы:
1. Кандай алгоритмдер сызыктуу деп аталат?
2. Сызыктуу алгоритмдердин мисалдарын келтиргиле.
Мээге чабуул
Аткаруучуну башкаруу деген эмне?
2-этап
Жаңы тема
Графикалык аткаруучу менен таанышабыз.Компьютердин экранында түрдүү сүрөттөлүштөрдү алуу максатында командаларды берүү менен башкарууга мүмкүн болгон программа окуу аткаруучулары деп аталат. Алар башкаруу алгоритмдерин түзүүнү окутуп-үйрөтүүдө колдонулат.Мындай аткаруучулардын бардыгы программалык жол менен башкарылат. Булардын ар бирине белгилүү иш-аракет чөйрөсү, башкаруу командаларынын системасы, иштөө режимдери мүнөздүү.ГРАТ компьютердин экранында же чакмак бетке сүрот тартуу ш-аракетин аткарат дейли.Аны ГР афикалык АТкаруучу-ГРАТ деп атайбыз.ГРАТ эмнени аткарганды билет ? Ал талаада жылып жүрө алат жана куйругу менен сүрөт тартканды билет.
Аткаруучу аткарып жаткан жагдай аткаруучунун чөйрөсү деп аталат.
ГРАТ бирдей бирдей туруктуу кадамдар менен вертикаль жанан горизонталь багыттар боюнча жылып жүрө алат.
3-этап
Бышыктоо:
1. ГРАТ кандай жумуштарды аткара алат?
2. ГРАТ аткаруучусунун чөйрөсү эмнелер болуп саналат?
5-этап
Үй тапшырма:
Аткаруучуну башкаруу (окуп келүү)
Баалоо:
Күндөлүккө баа коюу.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
№28 “Учар” орто мектеби
Информатика предмети
Сабактын темасы: Аткаруучуну башкаруу ГРАТ.
Пред мугалим: Жумабаева Т.