Сабактын максатын жана милдетин билдирүү (1 мин) | Демек, бүгүн биз “Эсептөө системалар” дүйнөсүнө саякат кылабыз. Бул саякаттан эсептөө системасы деген эмне, кандай 2 топко бөлүнөрүн, позициялык эмес эсептөө системалары менен таанышабыз. (Слайд2) | |
Жаңы теманы түшүндүрүү (12 мин) | Сан түшүнүгү математика үчүн эле эмес, информатика үчун да фундаменталдуу болуп эсептелинет. Эсептөө системасы деген сандар менен тыгыз байланышкан. Адам кандайдыр бир нерлерди саноодо манжаларын колдонгон. Санаганды биле баштаган, андан кийин аларды жазуу муктаждыгы келип чыккан. (5 миң жыл мурун да адамдар сандарды ар кандай жазышкан жана эсептешкен) Эсептөө системасы- бул сандарды жана алар менен болгон амалдардарды чагылдыруу ыкмасы. Эсептөө системаларын 2 топко бөлүүгө болот. Позициялык эмес э.с. Позициялык э.с. Позициялык эмес эсептөө системасында жазылып жаткан сандын мааниси санды жазуудагы белгилердин ордуна көз каранды эмес. “Билим кемебиз” менен Байыркы заманга кайталык. Палеолит доорунда адамдар сөөктөргө, жыгачтарга, таштарга таякчалар түрүндө жазып келишкен. Кийинки бара турган жерибиз Байыркы Египет. (б.э.ч. 10-11 миң жыл ). 1-таякча Лотос гулу-1000 Оролгон пальма жалбырагы-100 Жаа -10 Саякатыбызды улантабыз Байыркы Римге жөнөдүк. Бир манжа V- ачылган алакан X- эки алакандын биригиши Анда эмесе, балдар өз мекенибиз Кыргызстанга кайталык. Орхон-Енисей эстеликтериндеги ташка чегилген жазуулары боюнча (6-9 кк) ар кандай изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. Тюрк элдери өзүлөрүнүн айрым тамгаларын цифра катары да кабыл алышкан. Мисалы О- бул керегенин формасы, диний көз караш менен нольду эки жээктин биригиши же “кайып дүйнө” деп аташкан. Кайып дүйнө бул дүйнө менен аркы дүйнөнүн ортосу деп да чечмеленип келет. “Манас” эпосунда Манастын баласы Семетей “Кайып дүйнөгө” кеткен деп айтылат. | Тапшырма1: таякчаларды пайдаланып жашыңарды жазып көргүлө? ? Сандарды мындай жазуу ыңгайлуу бекен? Тапшырма2: Папирустун бетинде иероглифтер менен сандар жазылган, аларды чечмелегиле? Байыркы Египеттиктердин тили менен окуп бергиле? (4 топко 4 тапшырма) Тапшырма3: Рим цифраларын көрдүнөр беле? Кайсы жерде колдонуп келебиз? Тапшырма5: Логикалык тапшырмаларды аткаргыла. Бир ширенкени жылдыруу менен барабарсыздыкты туура кылуу керек. Тапшырма6: Кыргыз эли байыркы элдердин бири. Алардын сандары болгонбу? Тапшырма7: С. Каралаевдин 120 жылдыгы белгиленип жатат. 120 деген санды 1 топ- Байыркы Египеттик э.с 2-топ- Рим цифралары менен 3-топ- Байыркы кыргыз цифралары менен жазгыла. |
Сабакты жыйынтыктоо (3 мин) | Балдар сандар дүйнөсүнө саякатыбыз жактыбы? Саякаттан жаңы маалымат алдыңарбы? Эмнеге үйрөндүнөр? Демек, балдар бүгүнкү сабактан позициялык эмес эсептөө системалары менен тааныштык. Ал эми азыркы турмушта колдонуп жүргөн сандар боюнча кийинки сабакта таанышабыз. | Балдар суроого жооп беришет |