СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Канаттуулардын сырткы түзүлүшү

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Канаттуулардын сырткы түзулүшү боюнча маалымат

Просмотр содержимого документа
«Канаттуулардын сырткы түзүлүшү»

Мөөнөтү:________айы ________________20___-жыл

Предмет: Биология Мөөнөтү:

Классы: 7-класс ОББ: ___________________


Сабактын темасы: №8 Лаб.иш.Канаттулардын сырткы түзулүшү

Сабактын максаты


Күтүлүүчү натыйжа

Билим берүүчүлүк

-Окуучулар канаттуулар жана алардын сырткы түзүлүшү,бири-бири менен болгон айырмачылыктары,кызыктуу жана таң калыштуу жашоосу ,азыктануусу боюнча маалыматтарга ээ болушат.

-Канаттуулардын сырткы түзүлүшүн,айырмаларын аныктай алышат

Өнүктүрүүчүлүк


-канаттуулар жана алардын жашоосуна,адамдарга тийгизген пайдалуу жактарына болгон кызыгуусун ойготуу

Тарбия берүүчүлүк

-канаттуу куштарга аяр мамиле кылуугатарбиялоо

Негизги компетенттүүлүк

Предметтик компетенттүүлүк


1. Маалыматтык (НК1)

1. Жандуу обьектилерди таануу жана баяндоо. (ПК1)


2. Социалдык-коммуникативдик (НК2)


2. Биологиялык процесстер жана кубулуштарды илимий жактан түшүндүрүү. (ПК2)

3. Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү (НК3)


3. Жаратылыштагы ар түрдүү кѳрүнүштѳрдү, ѳзгѳрүүлѳрдү илимий далилдерди пайдалануу менен чечмелѳѳ. (ПК3)
















Сабактын тиби: жаңы материалдарды окуп үйрөнүү

Сабактын методу: түшүндүрүү методу Сабактын формасы: аңгемелешүүоюн,экскурсия сабак

Колдонулуучу каражаттар: окуу китептери,түстүү сүрөттөр

Сабактын жүрүшү:



Саб.этабы



убакыт



Мугалимдин ишмердүүлүгү



Окуучу-н

ишмердүү-ү

Компетент

түүлүктөр


Уюш

ту

руу






1-3мүнөт

Саламдашуу.Класстын жана окуучулардын сабакка болгон даярдыгын текшерүү,журнал боюнча жоктоо.

Шыктандыруу

Саламдашат,жагым

дуу маанайда са-

бакка киришет.

Окуу куралдарын толуктап,сабакка

киришет





Үй


тап

шыр

ма

ны


тек

ше

рүү



5-10 мүнөт


1.Сойлоп жүрүүчүлөр классы канча классчага бөлүнүшөт?

2.Гаттериянын кескелдириктен кандай айырмасы бар?

3.Ташбакаларга мүнөздүү белгилер кайсы?

4.Регенерация деген эмне?

5.Жыландын уу бези кайсы жеринде орун алган?

6.Алгачкы сойлоп жүрүүчүлөр качан пайда болгон?






Окуу

чулар өз билген билимдерин

Жазуу менен кайталашат




НК3




ПК3






Жа

ңы

те

ма

ны


тү

шүн

дү

рүү














































«Акыл чабуулу»

1.Эң бийик учкан куш?

А)чабалекей б)карга в)жоору

2.Эң ылдам учкан канаттуу?

А)жоору б)сапсан в)таранчы

3.Эң оор нерсени көтөргөн куш?

А)чабалекей б)кызыл баш тоңкулдак в)бүркүт

4.Канаттуулардын эң чоңу?

А)бүркүт б)үкү в)төө куш

5.Канаттуулардын ичинен эң чоң көздүүсү?

А)күкүк б)пингвин в)төө куш(көзү 5см,мээсинен да чоң)

6.Сууда 540 метр тереңдикке чейин сүзө алчу куш түрү?

а)пингвин б)чардак в)суу өрдөгү

7.Канаттуулардын эң кичинекейи?

А)көгүчкөн б)таранчы в)колибри

8.Башка жаныбарлардан айырмаланып канаттуулардын көрүү жана угуу сезими мыкты өрчүгөн.Алардан өзгөчөлөнүп кайсыл канаттуу эң мыкты көрөт.Тагыраак айтканда 1км аралыктагы эң кичинекей нерсени көрө билүү артыкчылыгына ээ(чабалекей)

9.Чымчыктар өз коопсуздугу жана азык издөө үчүн баштарын ар жакка кыймылдатууга жөндөмдүү экен,мына ушул чымчыктардын башы канча градуска айланат деп ойлойсуңар?(180-270градуска)

10.Канаттууларды изилдеген илим?(орнитология)

11.Канаттуулардын ичинен мойнун ары бери айландыруу жагынан кайсыл канаттууну айтсак болот?(үкү)

Бүгүнкү темабыз “Канаттуулардын сырткы түзүлүшү”

Омурткалуулардын арасынан канттуулар классы эң жогорку түзүлүштөгү жылуу кандуу жаныбарлар.Алардын алдыңкы буттары канатка айланган,арткылары денесин кармап басып жүргөнгө ыңгайланган.Акыркы маалыматтар боюнча (2018)дүйнөдө канаттуулардын он жарым миңден ашуун түрлөрү катталган.

Алардын ичинен Кыргызстанда 390дон ашык түрү кездешет.2007-жылы кайрадан басылып чыккан КР кызыл китебине Кыргызстанда коргоого алынган канаттуулардын 57 түрү киргизилген.

Канаттуулар классы 3 түркүмгө бөлүнөт:

1.Пингвиндер түркүмү 2.жалпак төштүүлөр чоң түркүмү

3.Кыр төштүүлөр чоң түркүмү

Канаттуулардын эркек-ургаачысы сыртынан түсү жана өлчөмү менен жакшы айырмаланат(кайырма өрдөк,чоң арам өрдөк,кызыл чеке кашкалдак,чоң кара каз,котурэней ж.б)

Алардын денеси учуп жүрүүгө ыңгайланып,суйкайган жыйнактуу сүйрү келет.Канаттуулардын өлчөмү дагы ар кандай ,эңкичинеси колибрлар,королуулар,мыймыттар жана эң чоңу Африка төө кушу.

Денеси башы,моюну,тулку бою жана куйругу деп бөлүнөт.Башынын формасы жана көлөмү ар түрдүү,бирок денесине караганда кичине.Моюну узун жана кыймылдуу.Тумшугунун кыры абдан курч жана ар кандай түзүлуүштө.Тумшугу менен чычаң безинен майлуу -суюктугун алып,куш жүндөрүн майлайт.Буга ийилчээк жана кыймылдуу моюну жакшы жардам берет.

Канаттуулардын арткы буттары жакшы өрчүп,алдыңкысы канатка айланган.Буттары өзгөчө түзүлүштө,алардын узундугу,,манжаларынын формасы,өлчөмү ,түзүлүшү ар түрдүү.Буттары басканга,чуркаганга,жөргөлөгөнгө,дарактарга жармашууга,топуракты тырмоого багытталган.Кээ бир түрлөрдүн ,мисалы,тоок сымалдарда куш шыйрагынын төмөн жагында текөөрү өрчүгөн.Канаттуулардын манжаларынын саны көпчүлүк куштарда төрткө чейин болот.Айрымдарында эки,үч болгондору дагы бар.Мисалы,Африка төө кушунда экиден,үч манжалууларга ему,казуар,тоодактар кирет.

Шыйрагын кабырчыктар жана калканчалар жаап турат.Манжаларындагы тырмактары ар кандай кызматты аткарат,Мисалы:жырткыч куштар алардын жардамы менен жемин илип кетет дагы,учуп баратып олжосун чеңгелдеп кармайт.

Тери каптоосу.Канаттуулардын териси жука,кургак,анда бездер болбойт.Терисинин ичинен куш жундөрүнүн калемчелери чыгып денесин каптайт.Чалгын канаттарынын астында ар кандай типтеги жүндөрү-мамык,тыбыт жана кылканчалары жатат.Чалгын канаттары майда жумшак куш жүндөрү менен бирге денесинин сырткы формасын тузөт.Учуп жүрүүчү куштардын канаттары терисинин белгилүү бир жерлеринде жайгашса,ал эми учпагандардыкы бирдей текши каптап турат.Денесинин сыртын,өзгөчө канаттарынын учун жана куйругун узун чалгын канаттар каптайт.Чалгын канаты өзөгүнөн,калемчесинен,ички жана сырткы желпүүрлөрдөн турат.

Канаттуунун денесинин температурасы айлана-чөйрөнүн температурасынын өзгөрүшүнө көз каранды эмес.Алардын денеси 420С ге жакын температураны туруктуу кармашат.

Канаттуулардын куш жүндөрү жылына бир эки жолу тулөшөт.Ал канаттуулардын учуусуна тоскоолдук жаратпайт,жай жана акырындык менен жүрөт.Түлөгөн сайын алардын өңү түсү өзгөрүлүп жаңырат.Ал эми сууда жашаган канттуулар түлөө учурунда канаттары толук калыбына келгиче,убактылуу уча алышпайт.

Канаттуулар жөнүндө кызыктуу фактылар.

1.Канаттуулар Антарктиданы кошуп жер шарынын бардык экосистемасын ээлеген

2.Дүйнөдө канаттуулардан бир гана колибри артын карай уча алат.Анын кээ бир түрлөрүнүн салмагы 3г түзөт.Дүйнөдө канаттуулардын эң кичинеси -бул колибри-аары,анын денесинин узуну орточо 5.5см;

3.Кыдырып учуп жүрүүчү альбатростун жайылган канатынын узундугу 3.25 м түзөт;

4.Үкүлөр көздөрүн кыймылдата албайт,бирок башын 270 бура алат.Алардын куш жүндөрү абдан жумшак болгондуктан таптакыр үнсүз учушат.Мына ошондуктан алар аңчылыкка түнкүсүн чыгышат.

5.Канаттуулардын тер бези болбойт.Дем алуу органы жогорку деңгээлде болгондуктан денесин мына ошону менен суутат.

6.Деңиз канаттуулары туздуу сууну иче алышат

7.Кээ бир канаттуулар туруп алып укташат,ал эми фламинго болсо бир бутуна туруп алып уктай берет.

8.Ылаачын табылгасын кармарда саатына 300 км жогору ылдамдыкта учуп түшөт

9.Келгин канаттуулар учуп өткөндө шынааны түзүп учушат-бул көрүнүш абанын каршылыгын азайтууга жол берет

10.Кыргыйлардын көрүү органы-көздөрү абдан курч болот,алар учуп жүргөндө жердеги кичинекей момолой чычканды бир км алыстыктан байкашат.

11.Канаттуулардын көпчүлүгү чумкуй алышат,бирок бир эле канаттуу-пингвин сүзгөндү билет ,бирок уча албайт.

12.Адам колго кармап баккан алгачкы куш-бул каз болуп саналат.

13.Канаттуулардын дээрлик үчтөн эки бөлүгү тропикалык токойлордо жашайт

14.Кызыктуу фактылардын бири-канаттуунун бир жумурткасында сарысынын саны 9га жеткен экен.Төө куштун жумурткасын бышырыш үчүн 1.5-2 саат кайнатыш керек


Окуучулар суроолорго так жана туура жооп берүүгө аракет кылышат




































Жаңы теманы кунт коюп угушат,

Керектүү жерлерин дептерлерине жазышат




НК1










НК2































НК1





ПК1









































ПК1

Бы

шык

тоо





















10-12 мүнөт

1.Канаттуулар башка жаныбарлардан эмнеси менен айырмаланат?

2.Куштардын денеси эмне менен капталган,алардын кандай мааниси бар?

3.Азыктануууна байланыштуу канаттуулардын тумшугунун айырмасы барбы?

4.Канаттуулардын шыйрагы эмне менен капталган?

Таблица менен иштөө:

Куштар

Келгин куштар

Жергилик

түү

Сууда жүрүүчү

Жырткыч куштар

Үй,бакма куштар













Берилген

тапшыр

маларды

өз алдынча аткарып сүрөттө

рүн элесте

тип тарткан

га аракет кылышат

НК3

ПК3


Окуу

чуну

баа

лоо

1-3мүнөт

Жекече баалоо

Күндөлүк

төрүнө

койдуру

шат



Үй тап

шыр

ма

1-2мүнөт

31-параграфты окуп келүү

Күндөлүк

төрүнө

жазышат